Кирүү

Алданган карышкыр

Алданган карышкыр

Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким каттабаптыр.

Бир күнү күн аябай суук болуп, түлкү ийинден чыгып, тамак издеп жойлоп жөнөйт. Ал кетээри менен ачка, кынжыйган, бир карышкыр түлкүнүн келишин күтүп, ийинге жатып алат.

Түлкү жолу болуп курсакты кампайта тойгузуп, кечке жуук ийинге келди. Караса, карышкырдын изи, дароо ойлоно калды.

"Эгер карышкыр болсо, мени соо койбойт, амал табайын" деди.

Ийиндин оозунан алынын бардыгынча:

-Ийним, ийним! Барсыңбы, мен келдим,- деп обон сала кыйкырды. Карышкыр болсо, "чоң жырткыч айбан келген экен" деп былк этпей дымып калат.

Түлкү дагы чыйкылдады:

-Ийним, ийним! Сен соо эмессиң го, келгенимде жооп берүүчү элең, ал кайратың кайда кеткен!

Карышкыр түлкү экенин билгеңден кийии:

- А-у, а-уу!- деп обон сала күркүрөп жооп берет. Түлкү болсо, карышкырдын бар экенин билип:

- Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып келейин!- деп шылтоолоп туруп, жылт коёт. Ач көз акмак карышкыр эми тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет.

Аң уулап жолу болбой келаткан мергенчилер ийинди көрүп, капкан салып койсо, карышкыр түшүп калат. Ошентип түлкү амал менен бир ажалдан калат да, карышкыр алданып өлгөн экен.

Ой-пикирлер