Кирүү

Абылай хан уулу кене хандын кыргыз менен согушу

Кененсарыдан канча жыл илгери атасы Касым элдешип туралы деп, Ормондун жаңыдан атагы чыккан кезде эл болуп туралы деп, киши жиберген. Ормон аксакалдарына кеңешип, атабабасы Абылайдан жакшылык көрбөгөн баласынан жакшылык көрөбүзбү деп, коногун берип гана узатып жиберген. Мындан соң Касым аскер алып келе жатып, кыргызга жетпей, орто жолдон кайта кеткен. Кабарда өзбектен душман чыгып, Касым менен урушмак болгондо кеткен дейт. Казакта оруска багына баштаганда Күн батыш Сибирде төрөлөрдөн башка кара казактан багынгандары төмөнкүлөр болгон: атыгайдан Эзилкара, керейден Түрлүбек, каржагастан Муса, кыпчактан Ыбырай, атыгай багыштан Кожогул. Булар падышага карап турушту. Чындап жактырды дагы жалпы элге мурунтук болгон Көкчөтоого караган аргындын ичинде "кароол" деген эл падышага карап турушту. Өтө сүйгөн эмес, мынчалыгын билип турган Кенехаң оруска багынбагыла,—деп кароолго киши жиберген. Ошондон кийин кароол ичинен Бөгөнбай, Амалдык, Кенжебай. Арлан Шамай Чаапкел уулу, Бообек, Молдо, Элүүбай, Көбөө деген белгилүү баатырлар баштык Кененсарынын тилин алышат. Буларга кошулуп кожом уругунан Балтабёк, Чолоккөт деген кишилер биргелешет. Булар Кененсарыга кошулган соң анын аскери дуулат элин чаап каратып, башка дагы бир канчалык элди каратат.

Кароолдун эли Кенесарыны көздөй көчкөндө анын бирин серин айылы жарылып калып калат. Кененсары кыргызды бет ала көчкөндө мал чөптөн жутап, кароол баштык казактын бир далайы жолдон кайта кеткен. Кененсары 1840—45-жылдарда АлаТоодогу кыргызга четтек казакка Чүй аягы Кызыл Талкан деген тоого келген. Кыргыздар кенешип тыянагында: "Не да болсо казак менен бирде эл, бирде жоо боло келсек да азапасылыбыз аралаш журт элек, кандай болсо да эл болуп туралы", — деп, чаар атка жолборстун терисин жаап, тартуу кыла Тынаалы менен Байтерек, Үкү Бий уулун жиберген. Булар барган түнү бөлөкбай кыргызы төкөлдөш уругунан Илип деген барып, Кененхандын тогуз кысыр ак чаар байталдарын уурдап келип, семизин союп, арыктарын өткөрүп жиберген. Кененхандын кишиси суроо салып келсе, бөлөк байдын боз балдары мында казактын жылкычысы жок" деп күлүшүп жооп бербеген. Издеген казак жылкыдан үмүт үзгөн соң ханына кыргыздын кылган мазагын айтып барат. Кыргыз менен урушууга шылтоо таппай турган Кененхан аскерин бөлүп, айылын Калыгутунун тоосуна карата көчүрүп жиберип, күн батаарда элчи Тынаалыны жолбашчы кылып, Чунун түн багыты, төмөнүрөөк жагынан аттанып, күүгүмдө көчүп чыгып, Пронза калаасынын күн чыгыш жакы түнбагыт кыйналышында азыркы Покровка кыштагынан төмөн үч чаңырымчалык жер мазарлуу Карасуунун күн чыгыш жээгинде олтурган тынай кыргызынан 12 түтүн Калпактын айылын каптаган, Кыргыздын чырак айылы деп, казактын аскери адайи тынаалы, бөлөкбай, тынай, черикчи уруктарына бет алдырып жиберип, өзү Калпактын айылына жакын жерде хан менен коштошуп, айылына бура тарткан. Мазарлуу Карасуунун чөлкөмүндө төрт жүз үй чамалуу кыргыз болуп, аларга казак чабуул койгон. Мындан бир күн мурун казактан кооп кылып, Калпактын Ажыбек баштык туугандары көчүп кетип, көчүшкө Калпактын ыгы келбей калганда казактан шектенип, ошол жылы Таластан эр өлтүрүп качып келген саруу кыргызынан Каратай деген баатыр мерген жигит менен Калпак 500 чамалуу ок куйган чакта Каратай: "Эгерде казак каптап келе калса, ушул ок менен атышпас тан, катынбаланы таштап, чыга берер белек", — де генде Калпак: кантип эле качалы деген. Казактар Калпактын айылын басып алганда Отунчу деген казактан түшүргөн Калпактын күлүк тору атын катыны токуй сала, атка минип "катын карга, бала сагызган, кайда калбаган катын-бала, жоо калың көрүнөт" дегенде Калпак найзакылычын кармай үзөнгүгө бутун сала замат Каратай мылтыгын колуна кармап, желбеген өңкөйүп чуркап келип: "Ай баатыр, Калпак катын-бала, мал мүлкүн, айылын жоого таштап, өзү кармашпастан качып чыгыптыр деп эртеңки күнү эл айтканда бетин кантип көрөбүз жана акыретте ата бабанын жүзүн кантип көрөбүз, казактан кырылган катынбаланын убалы биздин мойнубузга кетпейби,—ж дегенде Калпак аттан түшүп, айылдагы катын-баланы өз үйүнө жыйып, бүткүл төөнү төгөрөтө чөгөрүп тиздеп коюп, Калпак босогодон жапсарды ачып, Каратай төрдөн атышып турган Айланасындагы айылы дарга казактар чабуул коюп, Кененхан туусун тиктирип, Калпактын айылында болгон. 18-жаштагы иниси Мамбетти туу кармаган казакты ат деп Калпак айтканда, үч мертебе атса дагы туу кармаганга тийбестен башкага тийген. Түн ортосу оогон чакта Калпактын Түлөгабыл деген иниси Калпактын айылынын үстүнөн казакты аз чегиндирген. Түлөгабыл казакты адеп беттегенде анын 37-жолдошу өлгөн. Экинчи каптаганда Мамбет өлгөн. Калпакты: аттан, аттан, айыл үстүнөн чыга беттешебиз деп Түлөгабыл кыйкырганда, Калпак тил албастан атыша берген. Түлөгабыл үчүнчү качырып киргенде казактар кулагын шыпыра чапкан соң казакты сүзө качырып кутулган. Мындан соң казактар жан-жагасындагы айылдарга жапырт ат койгон. Таңга жакын калмактын 28 эр бүлөсү окко учкан. Бурунку даярдаган 500 октон калбаган соң катындардын аркасына таккан көк мончок менен Калпак атканда казактын бетине жабышып калып, кыргыздын огу калбаган экен деп казактар каптап кирип, Калпакты өлтүргөн. Анын он тогуз жеринде ок тийген жарасы болгон. Жаш баланы жана бооз катындын ичин жарып, баласын мууздап, керегенин башына илип, сулуу келин-кызды олжого алабыз деп, бир башка бөлгөн. Үч жерине ок тийип жаралуу болуп жаткан Калпактын бир инисин бекеринен кайыш канжыга менен байлап туруп, жан жерин сууруп өлтүргөн. Айылды бөлөк, башка жердеги Субанбек көгөндөгөн козунун арасына бекинип жатканда жүрөгүн жарып сууруп алып, оозуна катып кеткен, Таң аппак атканда Абылай хандын ак ийин деген тандалма аскерден 300-жигит Төлөнгөт менен Норузбай туурасындагы Күркөңдөй деген жердеги атактуу Төрөгелди баатырдын айылын карап чабуул коюп чыкканда жоо келип калбасын, не да болсо эртерээк атка минейин деп, жанына бир киши алып Төрөгелди талааны бет алып келе жатканда капылеттен казактын эрөөлгө келе жаткан тогуз кишисине капталып калып, алар ортого алып, Төрөгелди бир казакты сайганда найзасы белинен үзүлүп кетип, казак жыгылбай калган. Үч казак Төрөгелдинин үч жагынан сайын, аттан түшүрө албай жаткан кезде артынан акмалап келе жаткан черикчи элинен бир далай киши ат коюп келип, Төрөгелдинин үстүнөн казакты сүрүп кеткен. Арткы казактар беттешип, согушкан. Төрөгелди баштык черикчилер 100 киши, бир кабарда 180 киши казак менен былчылдашканда, бир аздан соң казактар кайта жапырылган.

Ортодо далаада бетбетинен согушуп бара жатканда Шербото он казактын ортосунда калып, казактар ай балталап, найзалап жатканда жүгөндүн төңөлөгүнө колун илип ала аттын төрт аягына корголоп, "жанагы ант аткандын (Төрөгелди) өзү менен арбагы бирге чыккан ат эле, өлсөм дагы атты бербеймин" деп жанталашып аттын ары жак, бери жагына качып, атты коё бербей жаткан кезде казактар кылыч менен беш манжасын кырча чапкан чакта согушуп бириндеп жүргөн черикчилер көрүп ажыраткан. Норузбай­дын Төрөгелди баштык черикчилер тууга жапырыл барган чакта солтону бет алып барган Эржан төрөнү солтолор тууга айдап кирген. Кулагын шыпырта чаптырып, ар кайсы айылдан кутулуп чыккан кишилер менен ара талаада айылды жылаанга байкоосуздан бастырып койдук деп, сакал мурутун жулуп, өкүрүп жүргөн Калпак баштык канча азаматты кырганын укканда жана Түлөгабылды көргөн сөз солто, сарбагыштын каптып барган азаматтары чыдап карап туралбастан, Калпактын айылындагы тигилген тууну бет ала ат коюшкан. Казактар туусун жыйып, ал айылдан чыга кыргыз менен беттешкен. Аралашып кетип, найза калып, кылыч, ай балта, чоюнбаш менен согушкан. Согуш чагында Норузбай найза менен Төрөгелдини качырып калган. Төрөгелди дагы найза менен жибере бергенде, Норузбай бура тартып казактын ичине кирип кеткен. Казак, кыргыз Карасууну арыктай аттатып жүрүп согушкан. Жөө туман каптап чыгып келгенде казактар жапырт качкан. Туман басып калгандыктан кыргыздар кубалаган эмес. Б$л согушта казактан кыргыз көбүрөөк болуп, 3 миңчелик эразамат согушка катышып, көпчүлүгү солто болгон. Калпактын жакын туугандарынан Ормонбек согушта жүрүп, бүткүл бою кызыл канга боёлуп үйүнө келсе, көгөндүн арасында өлүп жаткан агасы Субанбекти көрүп, тамак ичпестен Таштанбектин болотун колуна ала4 Найза кызылга кайтадан минип, туманда качкан казактын сүрдөнү менен соңуна түшкөн. Ормонбек, Жолчубай бириндеп бара жаткан көп казактарга бурулбастан өтүп, Ыргаңтынын колотунда (Чулунун түн жаккы тоо этеги) Кененханга жетип, "кара болсоң жүрө бер, кан болсоң токто" деп, чакырганда кайрылып көрүп, Кененхан кылычын сууруп ала бурулуп карап турган Ормонбек кылыч менен шилтеп жибергенде Кененханга тийбестен, тердигин таарып кеткен. Кененхандын шилтеген кылычы Ормонбектин чекесине тийип, эси ооп бара жатканда аттын жалына сүйөнө, кайта "чу" деп туманда адаштырып кетип, Чүйдүн боюндагы камышта жатканда аттан түшүп кансырап, казактын качкындары Ормонбекти өлтүрүп, Найза кызыл менен Таштанбектин болотун алып кеткен. Ушул тууралу ыр:

Ормонбектин колунда,
Таштанбектин болоту,
Кененсары кезиккен,
Ыргайтынын колоту.
Карасуунун боюнан,
Баатыр Калпак чабылды.
Аламанды көп алып,
Төкөлдөшкө туу жабылды.

Кененхан үйүнө барганда мурунтан колунда жаткан кыргыз (тынай Тынаалы менен барган) элчилери Атансарт (Абыла) Чорону (Молой) өлтүр деп буюрганда Токжан деген казак бошотуп, качырып жиберген. Чоро менен Атансарт келип, кыргыздын колуна түшкөн Токжандын эки инисин жакшылыкка жакшылык деп өлтүртпөй бошотуп алып, жакшылап изаттап узаткан. Солтодон Карбоз менен Эшкожону кармап барып, Эшкожо качып келип, бир нече айдан соң дуулат казагы Карбозду бошоттурган. Согуштан кийин казак-кыргыздын ортосуна элчи жүрүп, жараштырабыз деп Чапырашты, Шоорук баатыр аракет кылганда солтодон Бөлөкбай, Жаманкара баатыр менен Болотту баш кылып, 15 кишини жиберген. Жаманкаранын кеткенин агасы Чынгыш баатыр билбей калып, жибербеске артынан кууп барып жете албай калган. Буларды Кененсары өлтүрүүгө ооп калганда, казактан Экей, Сарыбай бул каргыздарды мен күтүп турайын деп барганда Кененсары: мен өзүм күтөмүн деп Сарыбайды ынандырып кайта жиберген. Сарыбай кеткен түнү Жаманкараны чөк түшүрүп олтургузуп коюп, бир бөйрөгүн сууруп алганда Жаманкара былк эткен эмес. Экинчи бөйрөгүн сууруп алганда чалкасынан кетип, аган кошо Турсун дегенди дагы өлтүрүп, калган жолдошторун коё берген. Өлүктөрүн журтка таштап, өзү көчүп кеткен. Кененсары хан тоосунда олтурганда тынай кыргызы Жантай Кененсарыга Калыгулду элчиликке жиберген. Калыгул барса Кененсары жүз чамалуу киши менен айылдан обочо чыгып, бир дөңгө олтуруп, алдына ак кийиз салып, төөнүн жүнүнөн боз таар чепкен, башына кара менен кыюулаган штугуй ак калпак кийип, дилде кемер курчанып, кылычын кынынан суурубастан, чатына кармап таянып Кененсары олтурган чакта Калыгул аттан түшүп, жолдошуна атын берип, эки колун бооруна алып "атсалому алейкум, аялдар таксыр" дегенде Кененсары унчукпай жалдырап карап олтура берген. Алдында үйүлүү жаткан 500 чамалуу кылыч болгон. 1000 чамалуу жигитке мылтыкчанын, атчан чу койдуруп бара жатып аттырып жана кылыччанын бир башка бөлүп, кылыч чаптырыл, найзакер кишилерин бир бөлүп найза сайдырып жаткан экен. — "Сен кимсиң?" — деп бир казак сураганда Далы­гул: "Кыргыздан элчиликке келдим", — деген. Хан алдынан бири "кыргыздан элчиликке келген болсоң, мына найза, кылычты сендер үчүн даярлаттык", — деп слдындагы үйүлгөн кылыч менен айланасында атышып, чабышып жаткан аскерин көрсөткөн. Калыгул: "Өгүнү кыргызга аттанып барганда бул найза кылычыңар үйдө калганбы?" — деген. "Макоо, наадан кыргыз, хан алдында оозуңду баса, көзүңдү ачып сүйлө", — дегенде, Калыгул: "Кыргыз мени элчиликке жибергенде казактын этин жеп, кымызын ичип бекер кайтып кел деген эмес, кезектүү сөзүңдү жибербей айтып кел деген", — деп айтканда кызылала бачайы күрмө кийген, кийимдери таза узун бойлуу ичке шыптай болгон ак чекир сыяктуу сакал-муруту чыга элек жаш жигит "биздикине конок болуңуз" деп алып кеткен. Ошондогунча Кененсары эч сөз айтпаган. Бул жигит баягы, айтылуу Норузбай төрө экен. Калыгул бир нече күн жатып "кыргыз казак эл болуп туралы, Кененхандын кеңешинен көп алыстап кетпейли" деген убаданы берген. Кененхан элчинин сурап барган Найза кызылы менен Таштанбектин болотун берип кайтарган. Адегенде болот эмес, башка кылычты алып келгенде, болот бул эмес деп албагаң. Мактаган кылычың осыму деп, болотту таштап жибергенде бул болот эмей эмне деп таш тулганы тартып жибергенде кыйып түшкөн. Таштанбектин болоту демек, атасы Атаке боз бала чагында нече төөдө жүгү бар кербенди карактап болотту колго түшүргөн.

Калыгул абыдан карыган кезде 1899-жылында өлдү. Бул сөздүн баарын 1895-жылында Калыгулдун үйүндө олтуруп элге айтып берип жатканда оозмо-ооз жаздым. Кубат уулу Калыгул өзү өтө чечен, токтоо, жалган сүйлөбөс, кайраттуу киши болгон. Оокаты орто чарбадан төмөн болгон. Орус колонизаторунун заманында эч бир кызматка шайланбастан жүргөн. Бирок Кененсарынын башын алып барганда алган алтын медалдары бар экен. Түштөнүп олтурган элдин өтүнүү боюнча көрсөттү. Башка карыялар жана Калыгул өз сөзүндө бул сапарда берген убадасы аныгы мындай болгон: казак, кыргыздын жоосу болсо биргелешип жоолайлы, өзүбүз эл болуп туралы, чоң кеңешибизди Кененханга салып анын айтканынан чыкпайлы, — деген.

Ой-пикирлер