Кирүү

Жылын төө кылба

Жылын төө кылба. Карылардан калган болумуштарда жер жүзүндөгү жаныбарлар жапырт жаңы жылды тосууга аттанышат. Тосуу - келе жаткан жаңы жылды ез кездору менен көрүү. Албетте, мында дагы атаандашуулар пайда болуп, "эң биринчи мен кером", "мен кором" дешип, алдыга умтулушат. Орун талашат. Ошолордун арасында эки өркөчтүүтөө да бар. "Менден башка биринчи ким кир-мек эле. Мен эле бойлуу эмесминби?". Ал өзүнчө манчыркайт, кеки-рейип... Башкаларды жанына теңебей, текеберсинип турат. Жаңы жылды тоскондордун ичинде чычкан кыйпылыктап, ары-бери жугуруп журуп, анан амал ойлоп таап, акырын төөнүн жонуна чыгат. Андан кулагынын учуна чыгып, акырын отуруп алганын тиги аңкоо шордуу тее кайдан билмек! Ошентип келе жаткан жаңы жылды чычкан кереер замат: "Жаңы жыл келе жатат!" - деп кыйкырып жар салат. Ал би­ринчи көргөндүгү үчүн талашсыз жыл башы "чычкан" деп аталат. Сез кыябы түшүнүктүүдүр - кыргыздар сынчы эл. Өтө эле манчыр-кап, кекирейип боюна эч кимди теңебөөчүлөрдү, пейил күтүүчүлөрдү, бирок, ары жагында табигый дарамети жокторду "Сен ким экенсиң элге маалым, анча жылыңды тее кылба" же "жылың тее бекен?" -деп текерлешүүлөр да болот.

Ой-пикирлер