Ж. Боконбаев - Периште
Периште
Түн жармында учту асманга периште,
Акырын гана таттуу ырын ырдады,
Ай-жылдыздар, топтолушкан булуттар
Касиеттин айткан ырын тыңдады.
Ал ырдады күнөөсүздүн жыргалын,
Сайран курган бейиштеги бактагы.
Түркүн-түркүн дүнүйөнү жараткан,
Амалы чоң бир кудайды мактады.
Кайгы менен муңга салып асманды,
Кучагына кысып жүрдү жаш жанды.
Созолонгон ырдын күүсүн уккандын
Үнсүз, сөзсүз жүрөгүнө так калды.
Далай жылы тирүүсүндө зарыккан,
Тилек тилеп көрүү үчүн курбалын.
Асмандагы таттуу күүнү угам деп
Жерип кеткен жердин кайгы ырларын.
- Токтосун Самудинов. Улагым кайда
- Сүйүнбай Эралиев. Кесир инсан
- Токтосун Самудинов. Көйрөң
- Жолоочу Рысбаев. Тоок
- Кыргыз абасы
Ой-пикирлер