Кирүү

Ысыккөл - туристтердин мекени

Ысыккөл туристтердин мекени

Ысыккөл Кыргызстандын ар бир кишиси сыймыктанчу жер. Тоо ичинде көл бар, анын айланасы тоолор менен курчалган. Көлдүн узуну 178 километр, туурасы 60,1 километр. Жээк сызыгынын узундугу 688 километр. Терендиги орточо 278,4 метр, эң терең жери 668 метр. Көл негизинен бөксөрүп келет. Буга айьш чарбасын өнүктүрүү, өнөр жайы себеп болду.

СССР убагында бул жерди бүткүл союздук курорттук зона дешип, жай айында бир миллиондой эс алуучу келген. Союз бузулгандан кийин эс алуучулардын агымы басандады. Негизинен азыр Казакстандыктар келишет. Аба температурасы эс алуучулар үчүн жайында өтө ыңгайлуу, дүйнөдөгү эң суусу таза көлдөрдүн бири. Суусу шор, туздуу, ичүүгө жарабайт, бирок дарылык касиети жогору. Кышкы туризм анча өнүкпөгөн. Жергиликтүү эл көбүнчө алма, өрүк, картошка сатуу менен күн көрөт, жигиттер көлдөн балык кармайт. Көлдүн балыгы өтө даамдуу. 30 жылдай мурда бул жерге Армениянын Севан көлүнөн форель деген балыктарды алып келишкен болчу, алар бул жерде абдан көбөйүп, ошол эле кезде майда балыктарды жеп да салды.

Балыкчылыкка кызыккандар көп. Балыктын 22 түрү кезигет, анын ону башка жактан кийин алынып келингендер. Балык иретсиз, эсепсиз кармалат, ошон үчүн бул тармактын келечеги да коркунучтуу. Ушинтип отурса балык жоголушу да мүмкүн. Ысыккөлгө 118 агын суу куят, бирок бир да агын суу андан кайра чыкпайт. Бул таң каларлык кубулуш.

Көл тегерегинде канаттуулардын жүзгө жакын түрү мекендейт, кышында анча суук болбогону үчүнбү, же дагы башка касиеттери барбы, иши кылып суу тоңбойт. Көлгө туристтерди тартуу чоң проблема. Учак жай бир убакта курула баштап ташталып калган. Муну колго алуу керек. Дүйнөлүк стандарттагы мейманканалар зарыл. Суу оюндарын, суу саякатын, ат саякатын, тоо жүрүштөрүн, жапайы жаныбарлардын көргөзмөлөрүн (зоопарк) уюштурса жакшы пайда алып келер эле.

Өткөн кылымдын орто ченинде Орусия жактан келген, түбү казак окумуштуу, жеркезери (саякатчы) Чокан Уалиханов (орусча Валиханов)Ысыккөл тууралуу минтип жазат:

"Көл боюндагы чычырканактарда камандар бар. Бул жерге жолборстор, илбирстер, кабыландар келе калышат. Түштүк тараптагы токойлордо аюулар, карышкырлар, түлкүлөр, суусарлар, арс чычкандар, суурлар, сүлөөсүндөр арбын. Ошондой эле кундуз кезигет.

Суу куштары жетиштүү. Көлдүн булуңдарында өрдөктөрдүн ар кандай түрлөрү, каздар, аккуулар, биргазандар, кара каздар, карабайлар бар. Алар өзгөчө, Түптүн жана Жыргаландын тайыз булундарынан жолугат. Бүркүттөр, ылаачындар, карчыгалар, айры куйруктардын ар кандай түрлөрү, кулаалылар бардык жерлерде учуп жүрүшөт".

Демек, мындан жүз жылдай илгери көл айланасы башкача брлгон. Токойдун болгону, жанагыдай көп жаныбарлардын жашаганы азыркы көл жашоочуларын таң калтырат да,өкүндүрөтда,албетте.

Ой-пикирлер