Кирүү

Кыргыз рухунун бир уюткусу - Теодор Герцен

жомоктор дүйнөсү Теодор Герценди "Манас" сюжетине тартып келгендей. Таласта Манастын күмбөзү бар, "Манаста" айтылган Эчкилинин тоосу бир жагында турса, бир жагында Манастын Тал-Чокусу көрүнөт. Манасчылар дастандын үзүндүлөрүн күнүтүнү оозеки айтат.

Ошентип каны бөтөн, улуту башка болочок сүрөтчү жомоктогу сыйкырдуу, баатырдык рухту башкача бир сугалактык менен өзүнө терең сиңире бергенсийт, ошентип көкүрөгү тунук жигит жашынан Манастын рухун жүрөгүнө байыр алдыргансыйт.

Баарына белгилүү болгондой "Манас" адабийкөркөм баян. Ал элдин кыялынан, үмүттилегинен жаралган, анда баатырлар бар, анда фантазия бар, анда кадимки турмуш бар, анда сүйүү, достук, согуш кыскасы, баары-баары бар. Демек мына ошол көп кырдуу турмуш сүрөтчүнүн кыл калеминен көп кырдуу бойдон чагылдырылууга тийиш эле. Сүрөтчү жөн гана сүрөтчү болуу менен "Манас" темасына кире алмак эмес, ал абдан бай фантазияга, учкул кыялга, тарыхый, этнографиялык билимге ээ болушу керек болчу. "Манастын" маанисин, андагы архаикалык көп түшүнүкбелгилерди, азыр колдонуудан чыгып калган мотивдерди, унутулган лексиканы Толук андап түпгунүүсү зарыл эле. Теодор Герцен мына ошол "Манас" сүрөтчүсү үчүн эң биринчи керек нерсени кармай билген.

"Манастан" калган бир сөз бар "Көкөтайдын ашы көп чырдын башы" деген. Бул баба сөзү канча кьшым айтылып келаткан болсо да сүрөт өнөрүндө чагылдырыла электир эле, ал эми Т.Герцен муну берүү үчүн кадимкидей дасторкон четинде отурган кишилерди тартат, алар кайгыкапалуу, колдорунда кымыз, ортодотабак, табакта булоолонуп жаңы гана бышып алдыга коюлган тамак. А чыры кана? Көрсө, ошол тамакка бир нече шамшарлар сайылып турат. А шамшар, бычак, кылыч дегендер "канга кан", "өлүмгө өлүм" деген жоокерчилик доордун бир шерти.

Эпосто "Жайма көкүл жаш Айдар" деген каарман бар. Шашьшышта алыска кабарга ошону жиберет, желден тез жүрүп кабар жеткирет. Сүрөтчү анын поэтикалык образын учуп бараткан ат үстүндө, өзү аттан өтүп алдыга умтулган аракетте, булуттардын арасында берет. Аны менен кабарчылыктын символдору каркыралар катарлаша, жарышып учуп баратат.

Сүрөтчүнүн кыл калеминен согуш эпизоддору да аябай эле сүрдүү, панаромалуу чыгат, жоокерлердин колдонгон куралдарын да аларды билбей калган азыркы муун үчүн ыктуу берет. Кылкылдаган көп колду кылын кыйшайтпай берүүгө, эпикалуулукту, монументалдуулукту сактоого далалат кылат. Анын баатырлары эпикалуулугу, сүрдүүлүгү, чексиз кара күчтүн ээси экендиги менен айрымаланат, куду эле жомокто сүрөттөлгөндөй көзүнөн от менен жалын чыгат. Анын бир көрөгөчтүгү терс образдарга башкача бир боек сүртүп ийбейт, алар дале кадимки адам, баатыр, кара күчтүн ээси катары көрүнөт.

Герцендин аттары эпикалык тулпарларды сүрөттөгөн образдуулугу менен, адамга "канат болгон" кишиликтүүлүгү менен, туягы туягына тийбеген касиети менен, кыргыздардын ат философиясын кармай билгендиги менен айырмаланат.

Теодор Герцендин керемети "Манас" менен аябай айкалышкан, бири бирин ачкан, толуктаган. "Манас" ага илхам, эргүү берген, темасын табууга жол көрсөткөн.

Бул эмгектер дагы көп жылга чейин барктала берерине, көчүрүлүп жүрө берерине, накта элдик искусство катары жашап каларына күмөн саноого болбойт. Анткени ал "Асман менен Жериндин тирөөсүнөн бүткөндөй" айкөл Манастын бейнесин толуктап тургандыгы менен кызыктуу да, көрүмдүүда, касиеттүү да...

Ой-пикирлер