Кирүү

Эмне үчүн Ысык-көл көгүлтүр

адабиятыбыз! Мезгилдер өткөн сайын, ушул көп улуттуу адабиятыбыздын бир бүтүндүгү чулу тартып тамырын жайган сайын, ал өзүнүн ар түрдүүлүгүн танса, балким, көргөндү суктандырган эң барпагай, көркүнөн көз тайгылган бир чоң гүл болуп өсөр. Бирок, ал канчалык барпыйса да, канчалык көз тайгылтса да жагым берген жыпар жытынан ажырап калары айгине! Эмесе, жыпар жытынан ажыраган гүлзар, ал канчалык көзөл болбосун, адамдын рухий дүйнөсүнө берер азыгы кем. Баасы төмөн. Көп улуттуу адабиятыбыздын гүлзарын өркөндөтүп өстүрүүдө, кай бирлер тек барпагай бир чоң гүлдү жарата беришке кумарлана кеткен кездери да жок эмес. Мунун пайдалуу не зыяндуулугун далилдеш үчүн биздин республикада, айыл чарбасында болгон бир "тажрыйбаны" эстедим: Мындан көп жылдар мурда, Чүй жазыгында, колхоз бакчаларында: "Тордомо", "Көкчө", "Басыбалды" деген эң ширин коондор бышчу. Ал коондордун шириндеги ушундай эле — бир жегениңде анын ширини да, сонун жыты да далайга оозуңда сезилчү. Коондун абдан ширин сортун өндүрүштү каалап бир селекционер жаңы сортторду чыгарды. Баарыдан өкүнүчтүүсү мурунку коондорду ушул сорт алмашты.

Ар дайым күз маалында, биздин фрунзеликтер коон дешип ошол сырты кооз ашкабакты алышат. Баарыдан кызыгы дал ушуЛ ашкабак-коондорго суктангандарды көргөнүңдө, айла жок: "Көкчө" менен "Тордомонун" ширини оозуңа сезилет. О, адабият ишмерлери, жакында боло турган баш кошуубузда, биз, баарыдан мурда көп улуттуу адабиятыбыздын ошол рухий дүнүйөбүзгө ар дайым ширин азык берер асыл касиеттери жөнүндө кам көрөлү. Адабиятыбыздагы бир бүтүндүн ар түрдүүлүгүнүн бир сапаты кемисе, совет адабиятынын деңизи да бир сапатын кемитери анык. Аны кемитишке акыбыз жок! Азыркы кыргыз совет адабияты мөлдүр. Анын мазмуну — көп дарыялардан курулган советтик адабияттын улуу Деңизинин теревдиги менен өлчөнөт. Аны өнүктүрүп жатышкан жазуучуларыбыздын катарлары да советтик жазуучу деген наамга сыймыктанышат. Таланттуу жаштарыбызды туура багытта тарбиялап, аларга советик жазуучунун таалимин берүү менен катарыбыз жетилүүдө. Ошентип, биз, кыргыз совет адабиятынын көгүлтүр көлүн улам тереңдетүү үчүн ат салышабыз. Биздин адабияттын кандайдыр бир өзгөчөлүк касиетинин келиши, не бир жанрынын кемиши — ошол көп улуттуу совет адабиятынын Деңизинин кемиши. Биз аны кемитишке эч акыбыз жок. Себеби, биздин адабият мөпмөлдүр Ысык-Көл менен түстөш.

Ой-пикирлер