Кирүү

Ырыс алды — ынтымак

Ырыс алды — ынтымак

Качандыр бир кезде акылдуу карыя жашаптыр. Анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акыл-ды угушпайт. Ар кимиси өз алдынча жүрөт. Ага теге-ректегилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт. Киченеси чоңун акырая карайт. Биримдиги жок тогуз баланы бөлөк кишилер уруп кетишет. Атасы балдары-нын кылыгы жөнүндө терең ойго чөмүлөт. Эч айла болбо-гон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам табылгы-ны көтөрүп келип, балдарын чогултуп алып:

— Кана, балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына
бул табылгыны тобу менен сындыргыла,— дейт.

Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Боо-ланган табылгыны эч кимиси сындыра албай, шалдайып туруп калышты.

Карыя табылгынын боосун чечип:

— Эми бирден сындырып көргүлө,— деди.
Балдары табылгыны ошол замат чырт-чурт бөлүп, сын-

дырышты.

Абышка балдарын отургузуп алып нускалуу сөз баш-тады:

— Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман си-
лерди жанагы жалгыз табылгыдай барча-бурч сындырып коёт. Ал эми боолонгон табылгыдай бирдиктүү болсоңор,
сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара албайт. Менин айтаар акылым ушул,— дейт.

ЫРЫС АЛДЫ — ЫНТЫМАК

Көп узабай карыя бул дүйнөдөн өтөт. Ошондо балда-ры акылга келип, биримдик менен оокат кылып, кас-ташкан душманды жеңип, бей-бечарага каралашып, ын-тымактуу өмүр сүрүшөт. "Ырыс алды — ынтымак" деген накыл кеп ушундан улам айтылып калыптыр. (Жомок).

Ой-пикирлер

2020-04-23
Эрбол
Жомоктогу балдардын кылган иштери мага жаккан док алар бири бири менен урушуп талашып жаттышты . Чоң атасы алардын ыңтымагы үчүн тоого барып чырпыктарды үзүп келди Анан балдарына айтат -кана балдарым бул чырпыктарды үзүп коргүлөчү деп Алар үзөө албай койушат Чоң атасы балдарына бирден чырпык карматат алар бат эле үзүп койушат Мен бул жомокту окууп коп нерсени тушундум . Биз ынтымакттуу болуш керек экенибизди . Ошол учун бул жомоктун аталышы "Ырыс алды ынтымак"