Кирүү

Күкүк менен зейнеп (жомок)

Илгери-илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан чыгарат. Балапаңцардын биринин аты Күкүк, экинчисиники Зейнеп экен. Балапандар чоңоюп, уядан учууга жакындап калат. Учарга жакын Күкүк менен Зейнеп алмак-салмак канаттарын күүлөп, машыга баштайт. Бир күнү Күкүк уянын кырына чыгып алып талпынат. Талпынып жатып, уядан кулап түшүп, жердеги жаракага кирип кетет. Уяда калган Зейнеп бир тууганына кантип жардам бере рин билбей чыркырап кала бериптир. Күкүк ошол бойдон дайынсыз жоголот.

Бир оокумда Зейнеп менен Күкүктүн ата-энеси келип, Күкүктүн жер алдына кирип кеткенин угушуп, артынан из деп жөнөшөт. Жаракага түшүп, алар да жок болот. Уяда бир нече күн "күкүк" деп сайрап отуруп, Зейнеп да учуп кетет. Ошол күндөн бери Зейнеп бир тууганын чакы рып, "Күкүк" деген боюнча жүрөт. Ал эми Күкүк жер алдын да жашап, "Зейнеп" деп чакыра берет экен. Ошентип, алар ушул күнгө чейин биринбири издеп, үн алышып, сайрап жүрүшүптүр.

Ой-пикирлер