Кирүү

Шах Фазил күмбөзү

Шах Фазил күмбөзү – 11–14-кылымдарга мүнөздүү архитектуралык эстелик. Алабука районундагы Сафедбулон кыштагына жакын жайгашкан. 11–12-кылымда курулган. Алгач ичи кооз таштардан кыналган; 12-кылымда ганч (алебастр катырмасындагы материал) менен оймо-чиймеленип кооздолгон, башкы фасадынын 2 жеринен оюк оюлган. Кийинки кайра куруулардын натыйжасында алгачкы көрүнүшүн жоготкон. Дубал жактарынын узундугу сыртынан 11 м, ичинен 7,80 м, калыңдыгы 1,63 м, бийиктиги 15,37 м. Дубалдын бурч-тары чыгыш жана батыш багытында жайланышып, төрт чарчы (куб) формада болгон. Дубалы төмөндөн жогору карай жантайыңкы курулуп, үстүнө 6 кырдуу бурчтары тепкич сымал конфигурациядагы кошумча дубалдар менен кооздолуп, конус сымал кумпа (купол) менен жабылган. Дубалдары жана кумпа бышкан кыштан тургузулуп, түштүк батышында каалга орнотулуп, терезе жасалган. Терезенин эки жагында каалга болгон. Күмбөздүн ички дубалдары шыбалып, ганч менен жогорку чеберчиликте оймо-чиймелер менен кооздолгон. Ичинде элегиялык жана диний маанидеги куфи жазуулары, геометриялык татаал фигуралар оюп түшүрүлгөн. Диний тексттер араб тилинде, элегиялык текст-тер фарсы тилинде жазылган. Ушул жагынан Шах Фазил күмбөзү башка архитектуралык эстеликтерден өзгөчөлөнүп турат. Күмбөзгө Караханилер мамлекетинин башкаруучуларынын биринин сөөгү коюлган. Эстелик архитектуралык жана көркөмдөлүшү жактан – орто кылымдагы жетишкендиктин жогорку чеги. Эстелик ЮНЕСКОнун каттоосуна алынган. Б. П. Денике, Б. Н. Засыпкин, А. Н. Бернштам жана башкалар тарабынан изилденген.

Ой-пикирлер