Кирүү

Шайлообек Дүйшеев. Чөп чабык

Токтогул. Толук. Толгон жай,
топудай жерде чөмөлө.
Ак мөңгү тоолор–тоңгон май,
арыздын баары чөбөгө.

Араба, чийне агылган
адырда жатат жол түтөп.
Жарк эткен чалгы–чагылган,
жаныңа жашыл сол түшөт.

Козу түш. Күчөйт чөп чабык,
чама жок чалап жутканга.
Күн эрип келет өрт тамып
талаага, гүлгө, кыздарга.

Булутсуз асман. теребел
боз закым басып ныкталат.
Ашпозчу бийкеч, беде, жел,
беде эмес кесме жыттанат.

Чарчашты чалгы чапкандар,
чарчады көктө Күн дагы.
Чапжондо жалгыз атчанга
чапкылап барат бригадир...

Оо бул жакта аптап кетпей айланып,
шамал ысып, ысык, ысык азыр да.
Гүл да, чөп да күкүк болуп саргайып,
күн төгүлүп кете жаздайт чатырга.

Чексиз күүдөн чегирткелер чертишкен
көңүл калып тажап денем талыкшып:
Жүрөм, жүрөм бир кайгыны сезиштен,
бир шаттыкты катып сага жан уккус.

Бөтөн жердин таңы үргүлөп пейлимде,
көздөрүмдөн тунук, таза жаш агып.
Бөтөндүктү унутсам деп кээ бирде
бөтөн кыздын ырын угам атайын.

Жүрөгүмдү жамгыр кылып төгүлчү,
алыстыкты жанып учкан куштардай.
Алыстыкты көздөрүңө чейинки
чуркап өткөм келет кээде бутту албай.

Жылат дүйнө таш бакадай маңып суз,
жарк дейсиң сен айлангөчөк закымда.
Жарк дейсиң сен кыябыңда айыпсыз,
сагынычтын перисиндей асыл заа!

Ой-пикирлер