Кирүү

Рим тыйындары

Рим тыйындары. 1–2-кылымда Рим империясында алтын ауреус (салмагы 8 г), күмүш денарий (3,4 г), жезден жасалган сестерций, дупондий жана асс деп аталган тыйындар колдонулган. 1 ауреус – 25 денарийге – 100 сестерцийге – 200 дупонийге – 400 асска барабар болгон. Бир күнгө жалданып иштеген мардикердин эмгек 191 акысы 3 сестерцийди түзгөн. Ушул баага 1 модий (8 кг) эгин сатып алууга мүмкүн болгон. Кулду 1200 сестерцийге же 12 ауреуска сатып алышкан. Б.з. 1-к-нан Орто Азияга Рим тыйындары келе баштайт. Кыргызстанда алар Ысыккөл жээктеринен табылган. Рим тыйындарынын келиши Жибек жолу боюнча соода кербендеринин өтүшү менен тыгыз байланыштуу.

Ой-пикирлер