Рамис Рыскулов. Заманам
Күн кармап турат колунда
Ай кармайт жана сүрдөбөй,
Дүбүртү бийик заманам
Туралбайт деги түрлөнбөй.
Жаркырактан бүткөнсүп,
Жаркырайт менин заманам.
Ракет минип зуулдап,
Заркырайт менин заманам.
Томурулат түбүнөн,
Тереңдеп сырын билгизип.
Кимдерди бербейт дегеле,
Ойлосом абдан эл кызык.
Мекеним күсөп аялап,
Кучагым ачат ай-аалам.
Алыста күнгө жетебиз,
Талапташ болсо ар адам.
- Абзий Кадыров. Даярбек
- Тоголок Молдо. Эшек менен булбул (тамсил)
- Мидин Алыбаев. Кыз жана гүл
- Молдо кылыч шамыркан уулу. зилзала
- Майрамкан Абылкасымова. Кыргызым
Ой-пикирлер