Нигилизм
Нигилизм (лат. nihil – эч нерсе) – коомдук турмуштун нормаларын, моралдык принциптерин, маданият мурастарын тануу, жерүү. Россияда И. С. Тургеневдин "Аталар жана балдар" романы (1862) жарык көргөндөн кийин Нигилизм термини кеңири тарай баштаган. 19-кылымдын 60–70-жылдарында Россиядагы реакциячыл демократтарды феодалдык, крепостнойлук укукка жана самодержавиелик түзүлүшкө каршы чыккандыгы үчүн солчул радикалдуу чөйрө жана консервативдүү багыттагы публицисттер "нигилисттер" деп атап, аларга жалаа жабышкан.
- Кыргыз элинин тарыхы (1895-1934-жылдар арасы)
- Манапбайдын басырык
- Текеске качкан эл
- Эң эски кыргыз
- Узун агач согушу
Ой-пикирлер