Кирүү

Мышык менен чычкандар

Мышык менен чычкандар

(Кыргыз эл жомогу)

Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей калды. Ал ойлонуп отуруп, анан чычкандарга барды да:

- Кымбаттуу туугандар, мен карып кеттим. Өткөн-кеткен күнөөм болсо, кечирип койгула...

Бир-бирибизге зордук кылбай, тынч жашайлы. Кай бир иштеримди эстеп, өзүм да уялам, мындан ары силерге тийбейм. Сопулукка баш койдум. Эгер ынтымакка келсеңер, күндө үч маал жанымдан чубап өтүп, алымды сурап тургула, - деди.

Чычкандар мышыктын "үлгүлүү" сөзүнө чын кубанышып, күндө келип, алын сурап турушту. Мышыктын амал айласын эч бир сезишкен жок. Бурчка тынч отуруп алып, чычкандарды өткөрүп жиберет да, эн, акыркы чычканды лып баса калыи, жсп коет. Күндө үч маал үч чычкан жеп, өз ичинен кубапын сама жата берег.

Күндөрдүм биринде чычкандардын эң мыктысы Шылк мурун менен Былк мурун чычкандардын азайып баратканын көрүп, мышыктан шек санашып, аңдып калышты.

Шылк мурун менен Былк мурун артка калып, бардыгы өтүп бүткөндө амандыкты билдирип, бири-бирине үн салууга убада кылышып, мышыктын алдынан чубашты.

Өтүп бүткөн кезде алдыдагы Шылк мурун:

- Сен кайдасың Былк мурун? – деп кыйкырды.

- Мен баратам! Түгөлбүз! – деп Былк мурун жооп берди. Мышык Былк мурунду жей албай калды. Ошентип, арадан көп күн өттү.

Мышык бир да чычкан жей албай мурунду качырып сала берди. Артың-алдын абайлап жүргөн, Былк мурун булт этип, ийинге кире качты, мышыктын алдамчы экенин билишти. Ошондон кийин чычкандар жолобой коюп, мышык ачкадан өлгөн экен.

Ой-пикирлер