Кирүү

Абышка-кемпирдин көмөчү

Абышка-кемпирдин көмөчү

Бир абышка, бир кемпир

Элдин жүргөн четинде.

Бар оокаты - бир өгүз,

Кармап жүргөн бетине.

Жетелип барып сугарат,

Айдап жүрүп откорот,

Андан башка малы жок,

Көп жашап, өгүз карыды,

Чөп жей албай арыды.

Кемпир-чал туруп кеңешти:

"Бул өгүздү соёлу,

Эт майына тоёлу.

Карыган өгүз мал болбойт,

Бул жорукту коелу".

Абышка-кемпир кеңешип,

Соймок болду өгүзүн.

Кабыргасын кармалап,

Сынап жүрөт семизин.

"Өгүз азыр семиз деп,

Буйруп, бизге жегиз деп.

Башкасын айтып нетейин.

Буйруган малым ушу деп.

Итке сүйрөп салбайлык,

Каат бол со кышы деп.

Эки капка толтуруп,

Этин, майын салышты.

Ала өгүздүн этин жеп,

Жыргап жатып калышты.

Эт түгөнүп, жаз болду,

Азык-оокат аз болду.

Күндө үч убак урушуп,

Абышка-кемпир кас болду.

Абышка айтат кемпирге:

- Эт майыңдан калдыбы?

Берекең сенин кеткен бейм,

Пейлиңди кудай алдыбы?

Эт-майыңдан бар болсо,

Жакшы тамак кыл деди.

Көтөрүлбөй куу кемпир,

Көзүңдү ачып тур деди.

Кемпир турду ыргалып,

Абышкага чыр салып,

- Адамга сыяр ыгың жок,

Тамактан башка чырың жок.

Качан айтса калп айтат,

Бир сөзүңдө чының жок,

Убара болуп жүрөсүң.

Кубангандан куу сакал,

Оокат кылар эбиң жок.

Ашып-ташып жаткансып,

Тамактан башка кебиң жок.

Майың турсун, унуң жок.

Эт-май сатып жегенге

Эч бол босо пулуң жок.

Унуң турсун этиң жок,

Ала өгүздүн эт, майын

Жалгыз жеп өзүң бүтүрдүң,

Эми эт доолоого бетиң жок.

Калды бекен, жок бекен

Этин байкап көрөйүн.

Эттен калса как башка,

Тамак кылып берейин.

Кемпир туруп кедеңдеп,

Мына кызык тамаша:

Эт, майынан калбаптыр,

Чалды "кудай" каргаптыр.

Кемпир туруп кедеңдеп,

Кабын кагып бөжөңдөп,

Бир азыраак май тапты,

Бир көмөчтүк ун тапты.

Унду кемпир ийледи,

Кедеңдеген куу кемпир,

Абышканы бийледи.

Эттин, майдын күкүмү,

Бир көмөчтүк үсүрү,

Калың кылып камырын,

Этке майды каптады:

"Жел чыкпастан бышсын", - деп

Камыр менен чаптады,

"Ала каптын кагынчык,

Аңдыгандан жаны чык!

Эми ушундай дейбиз, - деп,

Эрте туруп жейбиз", - деп,

Эл жатканда көмөчтү,

Коломтого житирип.

"Эл турганча жейлик" - деп,

Эрте жатты күтүнүп.

Жатып калды кемпир-чал

Төшөгүнө жайланып.

"Ушу көмөч бышат" - деп,

Ичи-тышы майланып.

Уктап эрте турушуп,

Абышка менен урушуп.

- Көмөчтү кемпир ал, - десе

Кемпир бол бой тырышып:

- Бул көмөчтү алганда,

Үйлөбөскө айла жок.

Жоолук чачым күл болот,

Көмөчүңдөн пайда жок!

Анда абышка кеп айтат:

Акылсыз кемпир деп айтат,

Көмөчтү алып үйлөбө,

Мындан башка сүйлөбө.

Мен да үйлөсөм күл болот,

Аппак болгон сакалым.

Сакал турсун күл болот,

Кийип турган чапаным.

Ачууланды кемпири,

Көмөчтү отгон бир тепти.

Абышка менен кемпирден,

Арбыныраак иш өттү.

Көмөч качты безилдеп,

"Өзүң кылдың кесир деп,

Каргашалуу кемпир-чал,

Кара ташты жесин!" - деп.

Кемпир-чал калды айрылып,

Кесир кылып көмөчтөн.

Өз алдынча качырып,

Май көмөчтү жөнөткөн.

Тегеренип тил кирип,

Булбул болду көмөчү.

Кууса буудан жетпеген,

Дулдул болду көмөчү.

Качкан бойдон көмөчү,

Жылкычыга барыптыр,

Көмөч кабар салыптыр:

- Ой, жылкычы, жылкычы,

Көп уктаган уйкучу,

Ала өгүздүн майынан,

Ала каптын унунан,

Абышка – кемпир нанымын,

Кууп жетсең, мына мен!...

Айгыр, атын минишип,

Жылкычы, койчу жыйналып,

Артынан түштү көмөчтүн,

Баары кууп, кыйналып,

Жылкычынын жарышы,

Койчунун коога салышы,

Бул көмөчтү кубалап,

Жетпей калды баарысы.

Анын арка жагынан,

Төөчү менен уйчуга,

Кабар салды жаңыдан:

- Төөчү, уйчу жаттыңбы?

Ала өгүздүн майынан,

Ала каптын түбүнөн,

Абышка-кемпир көмөчүмүн,

Абышка-кемпир нанымын,

Жетип жесең, мына мен!...

Буура, бука минишип,

Бура тартып жүрүшүп,

Жетпей калды көмөчкө,

Баарысы кууп жүрүшүп,

Чимирилип кырданып,

Күлүк көмөч турбады,

Ким көрүнгөн жан болсо,

Айтмайынча тынбады.

Кабылан, жолборс, бөрү бар,

Илбирс, аюу шери бар.

Жыйын курган жерине,

Көмөчтүн айта турган кеби бар:

- Азуулуу арстан баарыңар,

Менден кабар альщар.

Ала өгүздүн майымын,

Ала каптын унумун.

Абышка-кемпир нанымын,

Айбандар жетип, мени же!...

Жыйын курган немелер,

Жалпы кууду жетпеди:

"Алда кандай шумдук" - деп,

Оюнан көмөч кетпеди.

Көмөч барды түлкүгө,

Түлкү салды күлкүгө.

– Ой, түлкү аке, түлкү аке,

Ала өгүздүн майынан,

Ала каптын кагынчык,

Абышка-кемпир нанымын.

Кууп жетип, мени же,

Жетип, мени жебесең,

Ата-энеңдин боорун же!

Анда түлкү кеп айтат:

- Кулагым укпас карымын,

Аябай быйыл карыдым.

Жакыныраак келип айт,

Жайымды байкап көрүп айт,

Ашыкпастан көмөчүм,

Айтканыма көнүп айт.

Көмөч түрбай түлкүнүн

Жакын келди жанына,

"Карыган чалдын мен дагы

Карайын деп алына".

Андан бетер кууланып,

Түлкү турат сурданып,

"Карыган түлкү мен деди,

Күлүк көмөч сен деди.

Кебиңди анык угайын,

Жакыныраак кел", - деди.

Мактаңган көмөч тура албай,

Уктурган сөзүн ала албай,

Жакын барды түлкүгө,

Басып калды көмөчтү,

Кубанып тапкан мүлкүнө.

Колго көмөч тийген соң,

Санаасы тынды, эс алды,

Ичин оюп көмөчтүн,

Эти, майын жеп салды.

Тоголок Молдо

Ой-пикирлер