Кирүү

Акыра менен кодолек

Акыра менен кодолек.

(аңгеме- жомок)

Алыскы-алыскы Африка деген жерде, кулак угуп көз көрбөгөн чөлдө, бир абдан тентек коделек жашады. Бир күнү ал оюн салып бара жатып, акырага жолукту. Анын асман тиреген узун моюнуна таңыркап, минтип сурады:

-Акыра, акыра! Сага мынчалык куркуйган узун моюндун эмне кереги бар?

Акырага коделектин суроосу жакпай калды:

-Аны билгиң келсе жүр, артымдан ээрчи! – деди ал кыжырданып. Коделек акыраны ээрчиди, акыра алдыга түштү. Экөө кайдадыр бир белгисиз тарапка жөнөштү. Көп өтпөй какыраган чөлгө да жетишти. Анан алар чөл аралап жүрүп отурушту. Өздөрү абдан чарчап, карындары ачты.

Бир кезде жашыл десе жашыл, бийик десе бийик өскөн жалгыз даракка туш болушту. Акыра моюнун созуп жалбырак үзүп жеди.

-Бах! Абдан даамдуу жалбырак тура! – деди ал коделектин шилекейин агызып. Аны көргөн коделектин оттогусу келди. Бирок, какыраган чөлдө кайдагы от. Шыгыраган кумдан башка серейген куурай да жок эле. Айласы кеткен коделек: -Акыра, акыра жалбырактан мага да үзүп берчи? – деп сурады. –Өзүң эле үзүп жечи – деди, акыра моюнун толгоп. Коделек дарактын башына моюнун канчалык созсо да жете албады. Ыйламсырап акырага минтти:

-Акыра, акыра! Кардым аябай ачты куркуйган моюнуңду берип турчу, жалбырак үзүп жейин?

-Жок коделек! Ал куркуйса да менин моюнум! Мен сага өз моюнумду бере албаймын! – деди акыра.

Коделек ойлонуп калды. Акырага орунсуз суроо берип, аны капа кылып койгонун сезди. Ал эми кетирген каталыгын оңдогусу келди:

-Акыра, акыра! Мени кечирип койчу? Мындан ары орунсуз суроо берип, сени капа кылбаймын, - деди. Аны укканда акыра жибип кетти: -Ии, макоо коделек! Ар кимдин өзүнө жараша моюну да болорун түшүндүңбү акыры?! – деди ага жалбырак үзүп берип жатып.

Ошондон кийин коделек бирөөгө жөнү жок суроо бергенин койду. Ал ошентип акыра менен дос болуп алды.

Ой-пикирлер