Шорпо
Шорпо
Кичинекей бала дасторконго эми отураар замат эле: "Бул шорпонун тузу көп болуп калыптыр. Мен муну жебейм", деп кашыкты ыргытып жиберет. Апасы кыйнабайт да:
- Мейли... Кечкиге сага башка шорпо бышырып берем,-деп дасторконду жыйнап коёт. Апасы көп өтпөй, бакчага чыгып, картөшкөлөрдү казып, жыйнай баштайт. Кичинекей бала күн батканга чейин апасына тердеп-кургап жардам берет. Кеч кирип, үйүнө киргенде апасы дасторконду даярдап, шорпо куюп берет, Кичине бала табагынан бир кашык ууртап көрүп:
- Ии.. бул шорпо чынында эле абдан даамдуу болуптур. Укмуштай сонун жыттанат. Ачка болгон бала бир табак шорпону бүт ичип бүтүрөт. Апасы жылмайып:
- Айланайын, балам. Бул шорпо күндүз сен жактырбай койгон шорпо болчу. Бирок азыр сага абдан жакты, себеби керээли-кечке кайраттанып иштедиң. Иштеп жеген тамак даамдуу болот,- деди.