Кирүү

Мукамбет пайгамбардын 12 зайыбы. Айшанын адашуусу

АЙШАНЫН АДАШУУСУ Мусталиктерге каршы согуштан кайтып келатканда, пайгамбардын үйүндө капилеттен чыр чыкты. Мединанын жанына жакындаганда кошун өргүүгө токтоду, Айшанын чүмбөттүү замбили бош экен. Аны эртеси таңга маал мусулман жоокер тоого мингизип келди. Айшанын айтымында, замбилге түшкөндө, акак мончокторунун бирин өзү жаткан чатырына унутуп таштап келгенин эстей коюп, кайра барат. Мончокту далайга чейин издейт. Акыры таап чыкса, көлүгү көзгө көрүнбөйт. Элчинин жубайын ташып жүрүү милдети тагылган такыба мусулмандар адатта Айша чүмбөттүү замилге жайгашкыча адеп сактап четирээкте журүшчү. Андыктаин, алар Айшанын чатырга кайра киргенин байкабай калышат.

Чүмбөттүү замбилди төөнүн коомуна орнотуп, колдун соңунан жөнөшөт. Кароосуз калган Айша чатырдын босогосунда тандан кечке чейин олтурат. Колдон кала берген Сапан Муатал уулу кокусунан корүп, чүмбөттүү ургачы элчинин сүйүктүу зайыбы Айша экенин тааньп, Мединага жеткируу үчүн анын алдына төөсүн чөгөрөт. Caпaн төөнү жетелеп жөө келет. . Айша, албетте, жол катары үн катпайт. Ошентип, алар кошунду таңга жуук аран кууп жетишет. Пайгамбардын душмандары, ушак дегенде гүлгүлунөн жанчулар мындайда карап турмакпы, Айшанын бузук иштери жөнундө айың таратышып, акак мончок жөнүндөгү аңгемесин мыскылдашып, ал күн мурунтан ойлонулган көңүлдөштүк кездешүү экенин күмөн санашпады. Айша үйдөн куулуп кетсе, пайгамбардын нагыз көреркөз жана абройлуу аялына айланарын үмүттөнгөн Зейнеп айрыкча жанын урөдү. Ал Айша менен Сапан жөнүндө адепсиз, мыскылдуу ыр чыгарып, мединалыктар аны дуулдатып кетишти. Бул окуя Мукамбетти терең кайгыга салды. Ал Мединага кайтканда мурттай учуп, төркүнүндө жаткан Айшаны көрүп баш багып коюп, кетип кала турган. Айшанын айтымында, ал өзү жөнүндегү ушактарды укпаптыр.

Мурда чер жаза сүйлөшүүнү жактырган пайгамбардын мамилеси минтип эмнеге өзгөргөнүи түшүнбөй кыйналат. Мукамбет кантерин билбей камыкты. Бул оңбогондой оор чатак болду, пайгамбардын аброюна доо кетти. Айшаны "кечирсе" мединалыктардын шылдынына калат, жалаң мединалыктар гана эмес, мүлдө Аравия күлүп, өзүнүн зайыптары чындап жектешет. Пайгамбардын жана элчинин баркы такыр, түшкөнү, кудурети күчтүү Кудайдын ысмы ылайга тебеленгени турат. Айша көзүнө чөп салганына ишенип, кууп жиберүү деле оной эмес. Айшаны Мукамбет жанындай сүйгөн, анан калса, жамааты күчтүү Абакир менен чатакташуудан Мукамбетке да, исламга да келер пайда жок. Жолдогу окуядан бир айдай убакыт өткөндө Айшанын күнөөсүздүгүн табият өзү далилдеди... Ашынган айынчыларды, анын ичинде ырчылык шыгы бар Зейнепти да, Мукамбеттин буйругуна жараша кана Алланын аянына ылайык журт алдында камчы менен сабап жазалашты. Мына ушундан кийин кандай кылмыш болбосун төрт кишини күбө тартмайынча анык деп эсептебөө шарты шариятка киргизилет.

Ой-пикирлер