Кирүү

Манас. Асман жана сөз

жомокчусундай "Манастын" сөзүн, болгон тарыхты, кайгы менен азапты атырылтып баяндап жатты. Анын бийик үнү тегеректе жаңырып, жааган жамгырга, чартылдаган чагылганга үндөш куюлуп, зарылдыгы мени таң калтырып; асмандан кыргыз сөзү улам жаңыланып, кайрадан жаралып жаап жатты. Эркек да, аял да, жадесе балдар да орундарынан козголгон жок, бир гана мен далдоо издеп качканымды байкадым. Жамгыр да, чагылган да Саякбайдын "Манасына" дилдүү ыргак болуп улам эргип, улам күчөп жаай берди. Уялганымды айтпа, жаны артыгы эле мен белем... Асмандын кыргыз тагдырына болгон сынагына, элдин эркине туруштук бере албай...
Уятыма чыдабай, Саякемдин жанына чуркап барып, эч нерседен камы жок аттын тизгинин алып, алардын кыймылына кошулдум. Кандайдыр таасирлерден улам, ошол тапта Асман менен Сөздүн ушунчалык ыргактуу чектеш, киндиктеш тургандарын, "Манастан" жаралган Сөздү, жамгырдан төгүлгөн Асманды сезгендей болдум. Кыргызча айтканда: "Нөшөрлөп төккөн калың жаан манасчынын күчүнө күч кошуп, шериктеш болуп турду!" Асман менен Сөздүн дуэти ушундайча угулуп турду. Кошоктош чыккан үндү "Манас" эпосун сүйгөндөр кыйкырык сүрөөнгө алып коштоп турду. Саякбай Каралаевдин үзөңгүсүн кармап, кош үндү мен дагы көпчүлүк менен кошо сүрөп жаттым. Асман менен Сөздүн улуу кубулушу касиеттүү үндөш дуэтке айланып, укумдан тукумга өтүп, "Манас" эпосунда унутулбай айтылган баян ай-асмандай күчкө ээ болгон саатты, мүнөттү жаздым кетирбей, көөдөнүмө бекем сактап калдым. Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгүлүп айтылган Сөзгө кошулуп кадыресе жашоодогу турмуштук өзгөрүүлөрдүн жеңиши менен кыйроосу, баатырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөрлүгү, арзуусу менен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жыргалы, өлүмү менен төрөлүүсү, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албастыгы агын болуп жаап жатты...
Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук...
Акырында айтаарым, жамгыр алдында аттын чылбырын Манас рухунун байрагын кармагандай кармап турдум. Мен кармаган тизгин эпостун ички демин жана түбөлүктүүлүгүнөн кабар берген белги болгонуна тагдырыма миң мертебе ыраазымын...
Чыңгыз АЙТМАТОВ
Асман жана сөз
(Алардын кош жаңырык үндөштүгү) Асман менен Сөз бири-бирине коошпогон түшүнүк чыгаар, анан калса бийик үн, кош үндүн жаңырыгына жалгашып чыгышы кандайча?! Ырасында эле, Сөз — адам акыл сезимин, ой жүгүртүүсүн чагылдыруучу керемет нерсе, Асман — өлчөмсүз аалам мейкиндигинин көп кырдуу чексиздиги болуп жүрбөсүн...
Бир караганда бул улуу түшүнүктөрдүн ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн, жаңырып чыккан кош үндү кандай түшүнүүгө мүмкүн? Улагалаш чыккан үн эки адамдын бир ыргакка кошулуп жалпы сезимди, кыялданууну, дилгир кумарлануусун удургутуп чектеш кылган добуш эмеспи. Бул жолу Асман, Сөз жалгашып үн чыгарат... Кеп каймана элестетүүнүн бар жогунда эмес. Ошентип чындыктын болгонун болгондой айтсак, кадимки Сөз жана кадимки Асман, мен эми окуянын күбөсү катары көргөнүмдү көргөндөй төкпөй-чачпай айтып бергенге аракет кылып көрөйүн.
Ал түгүл Асман да айраң-таң болду деп айтышкандай, бул окуядан улам ал ойдун бекеринен айтылбаганына чынында эле ишенгендей болдум...
Кылымдардын касиеттүү өзөгүнө айланган көөнөрбөс элдик Сөздүн сырын өз көөдөнүнө уюткудай кармап, байыркы кыргыздын обондуу поэзиясын Сөзгө айландырган, "Манастын" айтуучусу ошол күнү, ошол маалда Асманды удургутуп, кулак тундурган жаңырык кошуп, табышмактуу жанданышына себепкер болду.
Ошол окуянын күбөсү болгонума курсант болуп, сыймыктанам... Бүгүнкү симпозиумда, эл аралык жолугушууда ошол окуя жөнүндө айтып берүүнү чечтим.
Андан бери көп убакыт өттү. Бул окуя XX кылымдын экинчи жарымына таандык.
Бирок кепти баштаардан оболу мифологиянын тарыхына кайрылып, тарыхтын үзүлбөгөн көчүндө ар бир эл оозеки чыгармачылыгын жаратып, кылым карыткан казынасын укумдан-тукумга калтырып, өнүктүрүп келгени туурасындагы талкууну бүгүнкү форумда көтөргөнү отурганыбызды эсиңиздерге салып кетүүнү ашык көрбөңүздөр.
... Баягы көч улам алыстап мунарыкка айланып бараткан сайын, изин кубалап ар бир кадамын тескеп, мезгил таразасына салганча, мунаралар кыйрап археологиялык урандыларга айланып, ошол эле убакта дүйнөлүк империялар жаңыланган конъюнктуралык өнөкөттөрдү издегенин токтотпой, адамзат качан да болсо ишке ашпас социалдык утопияларга берилип алданып, адашканын койбой, качан болбосун урунуп беринип келээрки дүрбөлөңдүү согушту баштап, аргасы түгөнгөндө соңкусуна кабылып, ошол эле маалда кыйсыпырын чыгарган төңкөрүштөр жасалып жатса дагы жумурай журттун салттуу оозеки чыгармачылыгына айланган байыркы Сөз баяны, өзүнүн мурастуу дүйнөсүндө жашоосун улантып көөнөрбөй да, бөксөрбөй да, кылым кезген ырларда, санжыраларда, болумуштарда, балладаларда шамдай жанып, кайталангыс улуттук маданияттын тарыхын сактап, ошону менен бирге дүйнөлүк өнүгүүнүн түйшүктүү сапарынын ар бир этабына таандык Сөз менен Рух мурасын жаратып келе берүүдө.
Алиги мен айтайын деген кайталангыс укмуш окуя эпикалык баяндардын дүйнөсүнө мүнөздүү уңгуга окшош.
Ошентип, 20кылымдын экинчи жарымы өтүп жаткан. Убакыт өтүп кеткенден кийин бардыгын ойго калчап, күндөлүк жазып жүрбөгөнүмө абдан өкүнүп калдым. Качан болбосун эмки жолкуга калтыра бермей адатыбызга салып отуруп, унутуп коёбуз. Ал кезде идеологиянын добулбасы дүйнөнү дүңгүрөтүп турган тапта, мен "Правда" газетасынын Кыргыз ССРи жана Орто Азия боюнча өздүк кабарчысы болуп иштеп жүргөм. Тагдырдын буйругу менен акыркы классик айтуучу, оозеки чыгармачылыктын деңизин бир заматта чалкытып буюккан бурганакка, бир заматта кой оозунан чөп алгыс момунга айланткан, кыргыз тилин билбеген адамга да шумдуктай таасир калтыра алган биздин мекендешибиз, улуу гений манасчы Саякбай Каралаев менен таанышып калдым. Ысмы баш тамга менен белгилөөгө мүмкүн болгон, чыгармачыл дарамети залкар талант дүйнөдө дагы кайталанаар бекен...
Улуттун миңдеген кылымдар бою аздектеп сактап келе жаткан руханий казынасын мезгилдин класстык мүдөөсүнө төп келбеген: "Элге каршы чыгарма", — деп жарыя кылып таштаган саясый катаал маалда Жараткан тартуулаган улуу талант пайда болгон. Илим жаатында бул сыяктуу тыянак кедерги таасирин тийгизбей койгон жок. Буларды эске салып отурганымдын себеби, Саякбай Каралаев өзүнүн айтуучулук залкар талантынын күчү аркылуу тоталитардык факторлордон кадыресе бийик болуп, мифологиялык ички кудуретине байланышкан ченемсиз чындыктуу ишеними кыргыз журтчулугун муютуп, улуу баянды угууга элди күсөтүп келген. Телевидение жаңыдан пайда боло баштаган. Ошол себептерден улам манасчыны өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен уккусу келген замандаштарыбыз көп эле. Демек, Саякбай үчүн "Манас" адамдык негизги парзына, жашоосунун маңызына айланганы бекер эмес эле, анткени "Манас" эпосундагы улуу Сөз баатырлыктын тарыхын эле айтпастан, улуттун дүйнө таануусун, тарыхый ордун, ишенимин чагылдырган. "Манас" Теңирдин бизге берген чоң бактысы экендигин өз замандаштарыбыздын оозунан далай уккам. Ал эми Саякбай Каралаев доордун айтуучусу болуп калды.
Чындыгында эле бул калети жок бүтүм. Бул адам башкалардан айырмасы жок кадимки эле пенде, болгону дүйнөлүк аспектиден алганда улуттук поэтикалык чыгармачылыктын маани-маңызын көөдөнүнө жазбай сактап, жаңыртып келген, нукура эпикалык инсан. Ушундайча айтууга мүмкүн болсо, биз мамлекеттик эгемендүүлүккө "Манас" деген эпикалык байрак менен келдик. Саякбай Каралаев өңдөнгөн залкар айтуучулар азыркы күнгө чейин бизге Сөздүн табигый маанисин төкпөй-чачпай жандуу түрдө жеткирип отурушат.
Саякбай Каралаев кең далылуу, кара тору, бакырайган сүйкүмдүү көздөрү бар, ички абалына жараша тез эле өң-далалаты өзгөрүп турган жандуу жайдары мүнөз, ачык, сымбаттуу адам эле. Манасчы эпостун маанисине терең берилип, бир заматта падышага, өтүкчүгө, бир заматта аялзатка, наристеге, баатырга, жүзү карага, махабатка арзыганга, ирмемде ат минип жоого аттанып, деги койчу өзгөрүп тураар эле.
Мунун баарын текшилеп айтып жатканым, башында берген убадамды аткарып, "Манас" эпосундагы улуу Сөз өзүнө окшош асман стихиясын чакыра алган күчкө ээ экенине күбө болгонумду айткым келет.
Кечиресиздер, болгонун болгондой айтып бергенге аракеттенип көрөйүн.
Анын үстүнө ал кездерде Саякбай Каралаев экөөбүз бир үйдө, биз үчүнчү, ал киши биринчи кабатта жашаар элек. Албетте, тезтез жолугуп калчубуз. Мындан мурдараак айтып кеткендей, мен "Правда" гезитинде кабарчы болуп Фрунзеге каттаганымда, жакын катыштарыбыз, кай бирде чет элдик кызматкерлер менен жолугуп калганда кошуна иретинде Саякбай Каралаевди чакырып алаар элек. Айтылуу Манасчыны уккандарга ал киши өзгөчө бир экзотикалык кызыгууну туудуруп, айрыкча суктандыраар эле.
Мухтар Ауэзов менен Дмитрий Шостакович "Манасты" укканда абдан катуу таасир алгандары алигиче эсимден кетпейт. Д.Шостакович Фрунзе шаарына 60жылдардын ортосунда келген. Тилди билбесе да Саякбайды ыракаттанып суктануу менен уккан.
Күндөрдүн биринде үйдүн алдынан Саякбай аксакал жолугуп калып, Чүй боорундагы колхоздордун бирине чакырылганын, түштөн кечке дейре "Манас" айта турганын айтып, машина менен жеткирип коюумду суранды. Унаанын себепкер болгону ал кездерде колхоздордо жүк тарткан машиналар, тракторлордон башка транспорт болчу эмес. Колхоз башкармалары, парторгдор атчан жүрүшчү. Ал кезде айыл жеринде эмес, шаарда да машина маселеси каат болуп, азыркыдай быкылдаган машиналар жок болгон.
Кыскасын айтканда, эртеси эртең менен менин "Победама" түшүп жөнөп калдык. Кайсы колхозго барганыбыз эсимде жок, калыбы Токмоктун үстү жагындагы тоо этектери туштап, Ысык-Ата тарапка бардык окшойт.
Белгилүү манасчы Саякбай Каралаевди күтүп жаткан айылга жеткиргениме өзүмчө ыраазымын. Бүт колхоз, айыл-ападагылар калбай чогулган экен. Саякбай Каралаев кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал экенин билчүбүз, бирок бул жолку көргөнүм делебемди козгоп толкундатпай койгон жок. "Манаска" жаны-каны менен берилгендиги үчүн мекендештериме миң мертебе ыракматымды айта бергим келет, анткени ал мамиле алардын терең маданиятынын, тарыхый жана уруулук тектүү патриотизминин күбөсү эмеспи.
Экинчиден, Саякбайдын "рэп-манасы" ачык асман алдында өтмөк болду, клубдун чоңдугу чогулгандар үчүн караандамак да эмес. Ошентип, колхоздогулардын чоңунан кичинесине дейре кеңсенин алдында каалашынча жайланышты. Айыл аксакалдары алдыга бири отургучка, бири дөңгөчкө отурушту, тегеректе ак жоолукчан аялдар, абдан көп балдар чогулду. Эң кызыгы эркек балдар жакын жердеги тал-теректердин бутактарына чымчыктардай конуп алышты. Көпчүлүк механизаторлор машинанын бортун ачып жиберип, бир далай кишини жайгаштырып, кай бирлери ат үстүндө, бирлери эшекчен угууну чечишти. Өспүрүм бала минген төөсүн чөгөрүп өркөчүнө мамык креслого отургандай жайма-жай отурушу күнү бүгүнкүдөй эсимде калыптыр.
Тегеректегилерди көрүп ичим жылып, улуттун улут болуу артыкчылыгына бир эле ирет берилүүчү ата-бабалардын эпикалык баалуу мурасына ак дилдүү берилгендик менен мамиле жасап, кыргыз элимдин көкүрөгүндө дайыма эле ушундай биримдиктин болушун эңседим. XX кылымдын тынчы жок сансыз күндөрүндө деле көп нерсеге жетишип, көп нерсени жаратса болмок, бирок "Манас" эпосуна окшогон кайталангыс үлгүлөрдү, улуу шедеврди жаратууга мүмкүн эмес.
Ал күнү Саякбай Каралаевдин "рэп-манасы" чоң ийгилик менен өтөөрүнө күмөнүм деле жок эле, анткени манасчы эл алдына нечен ирет чыгып, небак таанымал эле. Күн дагы алда недей ачык болуп, жайдын толук саратан кези болучу. Эгин-тегин чапкандар, чөп чапкандар да жумушун токтотуп, бардыгы эл арасына кошулган.
Көптөн күткөн убакыт келип жетти. Саякбай Каралаев кабалтең чоң жылкы минип, Манасты баштады. Чынын айтсам айтуучунун ат үстүндө элге кайрылганын биринчи көрүшүм. Кийин сүйлөшкөнүбүздө манасчы өзү да биринчи жолу ат үстүндө манас айтканын билдирди. Бир эсептен ошондойчо чечкени абдан ыңгайлуу болгонун байкап, дилимде тан бердим, анткени окуянын шартына жараша, манасчы тегеректеп угуп отурган элге тизгин буруп кайрылып баяндын учугун үзбөй узатканга оңтойлуу болуп жатты. Анын үстүнө ал убактарда үн күчөткөн микрофондор да жок эле.
Эпостун баяны башталганда поэтикалык түрмөктүн күчтүү таасири ушунда белем, сөздүн өзөктүү кубатын дубалагандай сырдуу тарата алган манасчы менен угуучулар дүйнө кабылдоонун табышмактуу чөйрөсүнө айланып кеткендиги туюлду. Айтуучу менен угармандардын Жаратканга бел байлап, Манастын сырдуу дүйнөсүн, кыргыз улутунун кылым кечирген тарыхын, теңдеш өткөн окуяларын, ирегелеш көчмөн калк менен карым-катышын, жумурай журттун бийик рухун, баатырлык жүрүштөрүн алар менен бирге Жараткан да үңүлүп угуп жаткансып үмүт туткан эпостун нагыз триумфу эле.
Албетте, тема жөнүндө көптөгөн ой жүгүртүүлөрдү, божомолдоолорду, мифологиялык тармактагы далилдерди келтирсе болоор эле.
Менин далалатым, Сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келген негизги түшүнүгүм, бул "Манас" эпосунун өзөгү ааламдык (космический) маңызга ээ экендигинде. Кыскасы, жайдын бышкан саратан күндөрүн, айыл кеңсесинин алдында каалашынча жайланышып угуп жаткан элди, ат үстүндө баяндын сырдуу түрмөктөрүн берилип айтып жаткан манасчы Саякбай Каралаевди элестетип көрсөңүздөр. Эч кимдин оюна келбегендей, алиги эл топтолгон жерди туштап кара булут каптап, заматтын ортосунда алай-дүлөй түшүп, чагылган жарыша чартылдап, күндүн түбү түшкөндөй шатыратып жамгыр нөшөрлөп төгүп жибербеспи. Отурган ордумдан секирип туруп кеңсенин ичине умтулуп, босогодон чалынып жыгыла жаздап калдастап калдым. Саамга бой токтотуп, жадымда, ошентип колхоз олимпиадасы соңуна чыкты окшоду, отургандардын кай бири кеңсеге пааналап, калгандары туш-тарапка таандай тарап качып, манасчы аттан түшүп эл артынан кеңсеге кирет го, антсе көңүлүн көтөрүп кубаттап коёюн деп ой кылдым... Бир эмес бир нече мүнөт өттү, кеңсеге кирген эч ким да болгон жок. Эмне болуп кетти? Саякбай кайда? Ээрден ооп түшүп калган жокпу? Эл эмне болду? Эшиктеги нөшөрлөгөн жамгырга кайра атып чыгып, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Бир дагы адам, жадесе бак бутактарына конуп отурган жаш балдар да ордунан козголгон эмес экен. Кеңсенин босогосунда отурушкан колхоздун башкармасы, парторг шөмтүрөп суу болуп кандай отурса дал эле ошондой былк этпей ордунда калгандарын көрдүм. Баарынан мени манасчынын өзү таң калтырды! Саякбай Каралаев ат үстүндө отурушунан жазбай, баягыдан да көбүрөк күч-кайратка толуп кубаттанып алган. Ал башынан бутунун учуна дейре суу болуп, дүңгүрөп түшкөн чагылганды, шатыратып жааган жамгырды таназар албай ааламдын асмандан түшкөн жомокчусундай "Манастын" сөзүн, болгон тарыхты, кайгы менен азапты атырылтып баяндап жатты. Анын бийик үнү тегеректе жаңырып, жааган жамгырга, чартылдаган чагылганга үндөш куюлуп, зарылдыгы мени таң калтырып; асмандан кыргыз сөзү улам жаңыланып, кайрадан жаралып жаап жатты. Эркек да, аял да, жадесе балдар да орундарынан козголгон жок, бир гана мен далдоо издеп качканымды байкадым. Жамгыр да, чагылган да Саякбайдын "Манасына" дилдүү ыргак болуп улам эргип, улам күчөп жаай берди. Уялганымды айтпа, жаны артыгы эле мен белем... Асмандын кыргыз тагдырына болгон сынагына, элдин эркине туруштук бере албай... Уятыма чыдабай, Саякемдин жанына чуркап барып, эч нерседен камы жок аттын тизгинин алып, алардын кыймылына кошулдум. Кандайдыр таасирлерден улам, ошол тапта Асман менен Сөздүн ушунчалык ыргактуу чектеш, киндиктеш тургандарын, "Манастан" жаралган Сөздү, жамгырдан төгүлгөн Асманды сезгендей болдум. Кыргызча айтканда: "Нөшөрлөп төккөн калың жаан манасчынын күчүнө күч кошуп, шериктеш болуп турду!" Асман менен Сөздүн дуэти ушундайча угулуп турду. Кошоктош чыккан үндү "Манас" эпосун сүйгөндөр кыйкырык сүрөөнгө алып коштоп турду. Саякбай Каралаевдин үзөңгүсүн кармап, кош үндү мен дагы көпчүлүк менен кошо сүрөп жаттым. Асман менен Сөздүн улуу кубулушу касиеттүү үндөш дуэтке айланып, укумдан тукумга өтүп, "Манас" эпосунда унутулбай айтылган баян ай-асмандай күчкө ээ болгон саатты, мүнөттү жаздым кетирбей, көөдөнүмө бекем сактап калдым. Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгүлүп айтылган Сөзгө кошулуп кадыресе жашоодогу турмуштук өзгөрүүлөрдүн жеңиши менен кыйроосу, баатырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөрлүгү, арзуусу менен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жыргалы, өлүмү менен төрөлүүсү, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албастыгы агын болуп жаап жатты... Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук... Акырында айтаарым, жамгыр алдында аттын чылбырын Манас рухунун байрагын кармагандай кармап турдум. Мен кармаган тизгин эпостун ички демин жана түбөлүктүүлүгүнөн кабар берген белги болгонуна тагдырыма миң мертебе ыраазымын...

Чыңгыз Айтматов

Ой-пикирлер