Кирүү

Манас. Асман жана сөз

(Алардын кош жаңырык үндөштүгү)
Асман менен Сөз бири-бирине коошпогон түшүнүк чыгаар, анан калса бийик үн, кош үндүн жаңырыгына жалгашып чыгышы кандайча?! Ырасында эле, Сөз — адам акыл сезимин, ой жүгүртүүсүн чагылдыруучу керемет нерсе, Асман — өлчөмсүз аалам мейкиндигинин көп кырдуу чексиздиги болуп жүрбөсүн...

Бир караганда бул улуу түшүнүктөрдүн ортосунда кандай байланыш болушу мүмкүн, жаңырып чыккан кош үндү кандай түшүнүүгө мүмкүн? Улагалаш чыккан үн эки адамдын бир ыргакка кошулуп жалпы сезимди, кыялданууну, дилгир кумарлануусун удургутуп чектеш кылган добуш эмеспи. Бул жолу Асман, Сөз жалгашып үн чыгарат... Кеп каймана элестетүүнүн бар жогунда эмес. Ошентип чындыктын болгонун болгондой айтсак, кадимки Сөз жана кадимки Асман, мен эми окуянын күбөсү катары көргөнүмдү көргөндөй төкпөй-чачпай айтып бергенге аракет кылып көрөйүн.

Ал түгүл Асман да айраң-таң болду деп айтышкандай, бул окуядан улам ал ойдун бекеринен айтылбаганына чынында эле ишенгендей болдум...

Кылымдардын касиеттүү өзөгүнө айланган көөнөрбөс элдик Сөздүн сырын өз көөдөнүнө уюткудай кармап, байыркы кыргыздын обондуу поэзиясын Сөзгө айландырган, "жомокчусундай "Манастын" сөзүн, болгон тарыхты, кайгы менен азапты атырылтып баяндап жатты. Анын бийик үнү тегеректе жаңырып, жааган жамгырга, чартылдаган чагылганга үндөш куюлуп, зарылдыгы мени таң калтырып; асмандан кыргыз сөзү улам жаңыланып, кайрадан жаралып жаап жатты. Эркек да, аял да, жадесе балдар да орундарынан козголгон жок, бир гана мен далдоо издеп качканымды байкадым. Жамгыр да, чагылган да Саякбайдын "Манасына" дилдүү ыргак болуп улам эргип, улам күчөп жаай берди. Уялганымды айтпа, жаны артыгы эле мен белем... Асмандын кыргыз тагдырына болгон сынагына, элдин эркине туруштук бере албай...
Уятыма чыдабай, Саякемдин жанына чуркап барып, эч нерседен камы жок аттын тизгинин алып, алардын кыймылына кошулдум. Кандайдыр таасирлерден улам, ошол тапта Асман менен Сөздүн ушунчалык ыргактуу чектеш, киндиктеш тургандарын, "Манастан" жаралган Сөздү, жамгырдан төгүлгөн Асманды сезгендей болдум. Кыргызча айтканда: "Нөшөрлөп төккөн калың жаан манасчынын күчүнө күч кошуп, шериктеш болуп турду!" Асман менен Сөздүн дуэти ушундайча угулуп турду. Кошоктош чыккан үндү "Манас" эпосун сүйгөндөр кыйкырык сүрөөнгө алып коштоп турду. Саякбай Каралаевдин үзөңгүсүн кармап, кош үндү мен дагы көпчүлүк менен кошо сүрөп жаттым. Асман менен Сөздүн улуу кубулушу касиеттүү үндөш дуэтке айланып, укумдан тукумга өтүп, "Манас" эпосунда унутулбай айтылган баян ай-асмандай күчкө ээ болгон саатты, мүнөттү жаздым кетирбей, көөдөнүмө бекем сактап калдым. Нөшөрлөп жааган жамгыр, төгүлүп айтылган Сөзгө кошулуп кадыресе жашоодогу турмуштук өзгөрүүлөрдүн жеңиши менен кыйроосу, баатырдыгы менен кайраты, даанышмандыгы менен көсөрлүгү, арзуусу менен айрылуусу, ачуусу менен ырайымдуулугу, салтанаты менен жыргалы, өлүмү менен төрөлүүсү, даңкы менен кара санатайлыгы, көрө албастыгы агын болуп жаап жатты...
Ошол тапта жааган жамгыр, чагылган алдында биз бардыгыбыз бир ооздон Саякбай Каралаев менен бирдикте ураан чакырып турдук...
Акырында айтаарым, жамгыр алдында аттын чылбырын Манас рухунун байрагын кармагандай кармап турдум. Мен кармаган тизгин эпостун ички демин жана түбөлүктүүлүгүнөн кабар берген белги болгонуна тагдырыма миң мертебе ыраазымын...

Чыңгыз АЙТМАТОВ

Ой-пикирлер