Кирүү

Чубактын Манаска келип кошулганы

Бeпбeлгилүү карыя,
Берен Манас жан досту,
Берен Бакай олуя
Дөбөгө чыгып бакырып,
Ажыбай менен Манасты
Бери кел деп чакырып.
Баатырлар баары жарышты.
Айта-буйта дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Эр Бакайдын жанына
Баары жетип барышты.
О, ботом, алты шердин кенжеси
Шерим мында турасың,
Аргын кан уулу Ажыбай
Эрим мында турасың.
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен билгенди билдиңби?
Мен көргөндү көрбөсөң,
Тээтиги көз жетпеген мунарык,
Мунарыктын бер жагы
Айдай сары талаада,
Оргуп, оргуп чаң, чыгат,
Оргуган чаңды карасам,
Астындагы мингени
Артык тулпар мал экен,
Үстүндөгү адамы
Зордугу тоонун теңиндей,
Билеги жоон таш жүрөк,
Ары балбан тамтаңдап
Шашып калган кези экен.
Алапайын таба албай
Качып калган кези экен.
Анын ары жагынан
Жер айрылып закымдайт,
Жетүүчүдөй бир караан
Арт жагынан жакындайт.
Качып алган аңтаңдап
Кан Чубактын өзү бейм.
Каракан кызы Каныкей
Эр мүчөлүү, эр сындуу,
Аңтаңдатып Чубакты
Кууп алган кези бейм.
Акбалтанын Чубагы
Коконго кордук салды дейт,
Маргалаңды майдандап,
Капкалуу Букар шаарына
Кагыш кыла барды дейт
Калың Букар жыйылып,
Каныкей чыгып сайышып
Эми кармап алаарда,
Эси чыгып качкан го.
Куу изине чөп салып,
Кубара кууп алган го,
Сары изине чөп салып,
Саргара кууп алган го.
Арстан Бакай олуя
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Көкала талаа таш мойнок
Ашып чыгып келатат.
Кое берип этекти
Көкалага камчы уруп,
Оң-тетири теминип
Качып чыгып келатат.
Астындагы Көкала
Жейренче ыргып түйүлүп,
Жетиктиги билинип,
Аркардай ыргып түйүлүп,
Артыктыгы билинип,
Моюнун жерге салыптыр,
Эр Чубактын Көкала
Болбой арыш алыптыр.
Аңтаңдап качкан Чубакка
Айласы качкан чунакка,
Жебеден мурун жетти эле,
Жеткен жерде Чубакты
Жетип кармап кетти эле:
"О, ботом, кен, Алайда туулган,
Кулак угуп, көз көргөн,
Жерге салган чуулган,
Урунарга тоо таппай,
Уруша турган жоо таппай,
Кагышка кирсе камсыкпас
Кайран Чубак аманбы?
Тоюна токсон сойдурган,
Атын Чубак койдурган,
Арстан Чубак эсенби?
Ай ааламдын баарысын
Баскан Чубак эсенби?
Кашкарды камап алты алып,
Коконго кордук чын салган,
Алтымыштын артыгы,
Кырк кыраандын кыйыны,
Баары дөөнүн балбаны,
Баатыр Чубак эсенби?
Айласы кетип талаада,
Шашкан Чубак эсенби?
Темиркандын кызынан
Качкан Чубак эсенби?
Түбү жайын көп сурап,
Билгичтерден уккамын,
Ат арытып, жер чалып,
Ит агытып, куш салып,
Атай карап чыккамын.
Айтканым ушул көнүңүз,
Атадан жалгыз туулган
Кара калмак манжуга,
Катуу салган чуулган.
Айкөл Манас төрөгө
Караан болуп бериңиз.
Ордо күтүп кан болуп,
Барып конгун Таласка,
Караан-бута болуп бер
Жакыптын жалгыз уулу Манаска.
Менин жайым сурасаң
Олуят чалдын өзүмүн,
Кан Манастын сырдашы
Кабылан Бакай өзүмүн,
Кабарында бар бекен
Кан зааданын өзүмүн,
Жолдош болсоң жер мына,
Жолуксаң Манас шер мына.
Билимин билип берүүчү
Билимдүү Бакай мен мына.
Жетимиш уруу тил билген
Жетигиң Ажың да мына.
Күндүзү кымыз, түнү кыз,
Консонуз кыргыз журт мына.
Арстанымсын, шеримсин,
Ат арытып, жер чалып
Атайы тоскон эримсиң.
Айтып оозун жыйганы,
Быяк жагын караса
Чоң Кула менен барбайып,
Көрсөң көңүл бөлүнүп,
Көк жалдык түрү көрүнүп,
Бир жагынан Манастын
Өзү чыкты көрүнүп.
Майлаган буудай жүздөнүп,
Күүгүм туман көздөнүп,
Зордугу тоонун теңиндей,
Ким көрүнсө жегидей,
Жалаяк ооз, жар кабак,
Баатырдыгы башкача,
Балбандыгы бир канча.
Манасты көрө салганда
Тизеси жерге бүгүлүп,
Көкаланын үстүнөн
Учуп түштү жүгүрүп.
Көк жал Чубак ошондо
Көкала оозун бурду эми,
Көк жал эрдин алдына
Салам айтып турду эми.
Армандын баары арылды,
Арага жүрүп эр Бакай
Арстан Манас шериңе
Акбалтанын Чубагы
Айталаадан кабылды.
Бээ баштаган беш тогуз
Баабединге чалышып,
Ак буудай нанын чайнашып,
Келеме шарып кармашып,
Манас менен эр Чубак
Дос болушуп калышып.
Ак бөкөндүн кылындай,
Суурулушуп турушту,
Ак буудайдын унундай,
Жуурулушуп турушту.
Төбөдөн төрт уруу жылдыз козголуп,
Төрөсү менен чоросу
Талаага түштү дос болуп.
Чалгынды бирге чалууга,
Чамбылдан жылкы алууга,
Жазайыл тийсе көрүүгө,
Ажал жетсе өлүүгө,
Зулпукор мизин жалашып,
Шерт убада кылышып,
Дегенине көндү дейт,
Кырк чоронун бирдигин
Чубак канга берди дейт.
Ыраазы болуп эр Чубак
Азыркы сөздү таштады,
Арстан Манас өзүнө
Көргөн сөздөн баштады.
Нойгутта ойноп тура албай,
Оң эки капка чоң Букар
Ошону камап мен бардым.
Көкала оозун бурганда,
Букарды камап турганда,
Өзү бала секелек
Өрүмгө чачы жетелек,
Он төрттөн жашы өтө элек,
Оң эки кыздын кенжеси,
Ойрон болгон Каныкей
Букарда кыздан шер көрдүм,
Буюрбасын кабылан
Кылымга татыр эр көрдүм.
Кен Букардын майданда,
Тулпар оозун бурганда,
Жекеге чыгып турганда,
Жетип найза сунганда,
Каныкей турду, мен сайдым,
Зың-зың этип кенебейт.
Сырттан экен Каныкей
Бучкагына теңебейт.
Нар мүчөлүү бала экен,
Арстан төрө өзүңө
Ылайыктуу жан экен.
Каныкей алсаң баатырым,
Арбыйт экен дөөлөтүң,
Түгөнөт экен мээнетиң.
Ачылат экен багыңыз,
Алтындан болот тагыңыз.
Дүнүйө чачып мал берип,
Айтканым ушу билип ал,
Айкөл төрө тилимди ал.
Билбегениңди билгизип,
Чубак мындай дегенде,
Өзүң көргөн зор Бакай
Акырын айтып бек таштап:
Кан Букардын шаарына,
Темиркандын алдына,
Куда боло баралы,
Жетик тууган долуга,
Барып сөйкө салалы.
Кара төгүп, мал берип,
Канчалык дүйнө нар берип,
Чатакташпай, чырдашпай
Темирканга баралы.
Оомийин деп кол жайып,
Каныкейди алалы.
Деп, ошентип, зор Бакай,
Билбегенди билгизип,
Минтип жолго киргизип,
Ат аябай мол жүрүп,
Күүгүм кирип, күн батты,
Элдин баары ным жатты.
Эрендер жортуп оолугуп,
Медиян чөлгө жолугуп,
Таң кашкайып сүргөндө
Жерге жарык тийгенде
Кутпа жагын караса
Белестен чыкты беш киши
Безелине көз салып
Берен Бакай караса,
Белгилүүсү олуя—
Шай атамдын өзү экен,
Караган кара көзү экен
Берениңе берем деп
Белгилүү тоо Желмаян
Алып келген кези экен41.
Ал Желмаян жарыктык
Асыйы кыркка толуптур.
Алда таала Манаска
Бурак кылып коюптур.
Манастын Көк жал экенин
Ал Шай ата билиптир
Жалпак өркөч кара нар
Ал Манастын өзүнө
Тартуу кылып келиптир:
Шай атаны коргондо,
Аттан түштү ошондо
Ажыбай, Бакай карысы
Кол куушуруп турду эми
Манас, Чубак баарысы.
Сандыргалуу Шай ата
Кабылан тууган канкордун
Колун кармап дардайып:
Ушу жалпак өркөч кара нар,
Белгилүү күлүк Желмаян
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт,
Булуттай учуп сыдырат,
Төгөрөктүн төрт бурчун
Төрт күн койбой кыдырат.
Бул жаныбар Желмаян
Ары балбан, ары лөк,
Ушу турган кара нар,
Пайдасы Манас сага көп.
Береним сенин шердигиң
Бээлеп каалап билгемин
Колум менен Желмаян
Аманат кылып айкөлгө
Берейин деп жүргөмүн.
Деп ошентип Шай ата
Кайып боз оозун бурду эми
Кол алышып турду эми.
Айкөл Манас төрөнүн,
Желмаяны табылып,
Абийири мындан жабылып.
Жети олуя кол берип,
Арстан Манас ошондо,
Даарып калган чени ошол.
Акылы айран бөлүнүп,
Айкөл төрө ошондо,
Ала-Тоодой көрүнүп.
Бир караса миң киши,
Бир караса бир киши.
Таалайы артык Көк жалдын
Ээрчиткени эр Бакай,
Аргын кандын Ажыбай,
Акбалтанын Чубагы,
Салбурун издеп, аң карап,
Аркар уулап, кулан кууп,
Аң кароодон эринбейт
Айдай сары талаада,
Алтыдан болгон куланды,
Атып алып бүктөтүп,
Желмаянга жүктөтүп,
Медиян чөлүн басты эле,
Кайып-Мазар, Кара-Кыр,
Кайыпчынын мазарын,
Жаңыдан Манас ашты эле.
Жангактуунун керүүдөн
Кум-Булактын белинен,
Даарат алган жеринен
кайыбынан кабылды,
кол башындай сур күчүк
көз ачылбас чагында,
Жаңыдан тууган табында,
Манас канга кабылды.
Арстан Манас көк жалың,
Кумайык таап бакырып,
Абакеси Бакайды, .
Бачым кел деп чакырып.
Шашып Бакай барганда,
Көз ачалек сур күчүк,
Турган экен Манастын,
Оң жак алаканында.
Кумайыкты көргөндө,
Баабедин деп бакырып,
Бакай абаң ошондо,
Ажыбайды чакырып,
Анда Ажыбай муну айтат:
Арстан Манас Көк жалым,
Кутмаарек болсун күчүгүң
Кызыр чалган кырааным,
Кыйланын баары кабылды,
Чын Кумайык табылды.
Кокуй, Чубак, бери тарт
Ак боз бээни соёлу,
Этине биздер тоёлу,
Алакан жайып баарыбыз,
Бата кылып коёлу!
Атын чын Кумайык коёлу!
Муну укканда Манас кан
Абакеси Бакайга
Кумайыкты берди эми,
Жети жылы туу калган
Жеткилең семиз Ак боз бээ,
Канкор Манас кабылан
Кулагы менен көкүлүн,
Кошо кармап алды эми.
Асмандан түшкөн боз кисе,
Мойнуна салынып,
Алтымыш тай, жүз тайга,
Сатып алган ак тинте,
Кынынан сууруп алды эми.
Былкылдатпай зор бээни,
Мыктылыгын мындан бил,
Кыбыланы каратып,
Башын кесип алды эми.
Ичин Чубак жарганы
Карыш казы бар экен.
Айкөл барып, эр Бакай
Алып барып Кумайык
Тумшугун майга малганы.
Карчыгадай камынып,
Каардуу Бакай абакең,
Кайыптан акыл табылып,
Акырын айтып бек таштап,
Абаң Бакай сөз баштап,
Көк жал Манас кабылан,
Сур күчүк эмес, кадыр түн
Ушу сөзүм угуп бил.
Чын жүзүнө чөп чыккан
Жерде мындай табылбайт.
Кулак угуп, көз көргөн,
Элде мындай табылбайт.
Бу Кумайык чоңойсо,
Жолдош болор өзүңө,
Өлгүчө канбайт кумары,
Бир көрүнөр көзүңө.
Аюуга салып айт десең,
Агытса жанды күлдүрөр.
Тиштегенин Кумайык
Тим эле бөөдө бүлдүрөр.
Жолуккан ырыс Кумайык
Жолборстон кайра тартабы.
Муну баккан кишиге
Бушман түшөт дечү эле.
Азуулуудан артыкча,
Душман түшөт дечү эле.
Асыл болот Кумайык,
Үч күн жатса талаада,
Кайып багат дечү эле.
Эркек адам жолобой,
Ургаачынын тазасы,
Зайып багат дечү эле.
Ал зайыптын ичинен
Найзакерден жаа тарткыч
Ыктуу багат дечү эле.
Жоонун айласын билген абыдан,
Мыкты багат дечү эле.
Кумайык баккан ургаачы,
Кыяматтын кыстоосун
Кыйын көрөт дечү эле42.
Бул Кумайык жарыктык,
Антип багып албаса,
Мураадына бир күнү
Жетип калат дечү эле.
Караса көзгө илинбей,
Кайсы экени билинбей,
Кетип калат дечү эле.
Каныкей алсаң кан Манас
Кадыр түнгө кирердей,
Кумайыктын багуусун,
Каракан кызы Каныкей,
Ошол бейбак билердей.

Ой-пикирлер