Кирүү

Манас. Чоң-чабуул алдындагы чатак

Чоң-чабуул алдындагы чатак
(уландысы)
Кыргыл чал Чубак кеткен жакты карап
Кысылган добуш менен минтип айтат:
— Сымаптай кылтылдаган кысыталак!
Сырыңды билген менен, атаңды аяп,
Кокуйду башка салат дебей туруп
Кошупмун кырк чорого, Теңир уруп!
Тукуруп эки шерди бир бирине,
Туз ургур, көздөгөнүң сенин эмне?
Эгерде өлүм болсо эңсегениң,
Эмесе эң ириде өзүң көргүн.
Алманбет, Чубактардан мурда сенин
Алдагы бузук толгон башың кетсин! —
Албарсын шилтеринде Кыргыл кары
Артынан келген Көкчө кармап калды:
— Кытыгы кеп айткан го Токтогул Эр?!
Кырк башы Кыргыл кары, ачууңду бер!
Кырбайлы өзүбүздү өзүбүз деп,
Кыямат сапар тарттык кытай беттеп.
Кең көөдөн мага окшош Ырчуул мырза
Кылат деп ойлобостон Чубак ыза,
Жердиги жеңил мүнөз шайыр неме
Жөн турбай Санжыбекти мактап кирсе,
Анысы Чубагыңа жакпай калып
Аябай Ырчуулду койду кагып.
Жоктугун байкар замат экөөнүн тең,
Жүрөгүм бир жамандык сезгендиктен,
Айтпастан эч бирине, чыгып секин
Артынан бул экөөнүн издеп келдим.
Көргөндө түспөлүңдү ачууланган
Күчөптүр дедим чатак мурдагыдан.
Турупсуң кылычыңды кезеп буга,
Түшүнтчү иштин жөнүн, Чубак кайда? —
Эр Көкчө добуш салып бака-шака,
Экөөнүн түшө калды ортосуна.
Кылычын кынга салып Кыргыл кары,
Көргөнүн, уккан сөзүн баяндады.
Аягы тамашанын чоң чатакка,
Айланып баратканын байкаганда,
Аюудай каман чалган ачууланып
Айкырды Кекче баатыр добуш салып:
— Бээжинге жетпей эле, ушул жерден
Бирибиз бирибизди кырабыз бейм!
Алманбет, Чубактардын ортосунда
Азезил болуптурсуң, Ырчуул мырза...
Кекетип бул түгөттү турганда не?
Кылалы бир аракет андан көрө!
Кетирбей кур бекерге убакытты,
Кайтаруу керек артка Эр Чубакты!
Артына ал тентекти кайрый турган,
Арганы табар деймин Бакай абам?
Чатактын торой алсак алдын эгер,
Чуутка жаза берчү убак келер... —
Деп Көкчө терс бурулуп, бачым басып,
Демигип хан Бакайга келди шашып.
Кыраан шер, өзү айткандай көөдөнү кең,
Кеп жөнүн айтты катпай эч биринен.
Ошондо ойго баткан Бакай абам,
Оорусун көңүлүнүн жашырбастан,
Күйүттүү каректери оттой жайнап,
Күмүштөй сакалынын учун чайнап,
Айкөлгө аёо карап, думуккандай,
Акырын добуш салып, сүйлөдү жай:
— Айкөлүм, кутту куйган алтын кесе,
Ал колдон түшүп барат, жазуу беле!?
Ырыскы качарында ич арадан,
Ырк кетет мына шунтип, аттиң арман!
Ким кимден туулганын тескей турган,
Кез беле, эси кеткен, Ырчуул балам?..
Айкөлүм, өзүң жөнө, а болбосо,
Алманбет же Чубагың батат шорго.
Алманбет — жаның деп бил - Чубак — каның,
Аларды ажырымдуу карабагын!
Айтарым: бир бүтүнсүң алар менен.
Айкөлүм, сактап калгын экөөнү тең. —
Деп Бакай, Көкчө баатыр өзү барып,
Делбектеп Аккуланы келди алып.
Түнөрүп, Айкөл берен, кепке келбей
Теминип Аккуланы сызды желдей...

Ой-пикирлер