Кирүү

Кыргыз Республикасынын конституция күнү

Кыргыз Республикасынын конституция күнү

Биз тарыхка кайрылсак, 1924-жылы Россиянын курамында автономиялуу облус, 1926-жылы автономиялуу республика. 1936-жылы өз алдынча республика болуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө жетиштик деп айтып келдик. 1991-жылы союздук республикада шарт чукулунан өзгөрүп, союз кулап, СССР өзүнөн –өзү бүлүнгөндөн кийин кыргыз республикасы СССРдин конституциясынын негизинде жашап келди. Өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи чыныгы конституциясы кабыл алынды. 5-май ХХ кылымдын соңунда ээ болгон жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизинде адам эркиндиги жана укуктарынын, мамлекеттик түзүлүштүн, коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн. Жаңы конституция кабыл алууга негиз жана башат болгон. 1990-жылдын 15-декабрындагы мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө жана 1991-жылдын 31-августундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларациялар сыяктуу тарыхый, саясий укуктук документтер азыркы кыргыз конституциясынын бийик имараты өсүп чыккан пайдубалдардан болуп калышты. Арийне, биздин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды, узак жолдорду басып өттү. Конституция – бул укуктук база болгондуктан, кийинки кабыл алына турган бардык мыйзамдар да ушул Конституциянын негизинде гана жүргүзүлүп турушу зарыл.

Ой-пикирлер