Кирүү

Айыптоо корутундусу

Айыптоо корутундусу

Айыптоо кеорутундусу бул - тергөөчүнүн (алгачкы тергөөнү жүргүзгөн адамдын) жоопко тартылуучу адамды айыптоо иши боюнча акыркы чечими баяндалуучу жана айыпкердин ишин сотко берүү үчүн прокурордун бекитүүсүнө жиберилүүчү документ. Айыптоо корутундусунда тергөөнүн жыйынтыгы жазылып, кылмыш иши белгилүү укуктук жак тарабынан жасалгандыгы жана ал ишти сотто коргоого далилдердин жетиштүүлүгү жөнүндөгү тыянак чыгарылат. Айыптоо корутундусунда тергөө бүтүп, айыпкерди, анын жактоочусун жана процесстин башка катышуучуларын иштин материалдары менен таныштыргандан кийин түзүлөт. Айыптоо корутундусу баяндоочу жана корутунду бөлүктөрдөн турат. Баяндоочу бөлүгүнө иш алдын ала тергөөдө кандайча аныкталса, ошондой мазмунда: айыпкер тарабынан иштелген кылмыш орду, убагы, жолу, мотиви, натыйжасы жана башка маанилүү жагдайлары; жабырлануучу жөнүндө маалыматтар; кылмыштын анык болгондугу жана айыпкердин күнөөсүн аныктоочу далилдер; айыпкердин күнөөсүн женилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар; айыпкердин өзүн өзү актоо үчүн келтирген далилдери жана ал далилдерди текшерүүнүн жыйынтыктары жазылат.

Айыптоо корутундусу соттук териштирүүнүн чегин аныктайт жана айыпкерге кылмыштын болгондугу жөнүндөгү далилдер, аларды текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышып, актанууга даярданууга мүмкүндүк берет.Соттолуучуга айыптоо корутундусунун көчүрмөсү берилгенден кийин 3 сутка өтмөйүнчө сот жыйынында ишти кароону баштоого болбойт.

Ой-пикирлер