Кирүү

Дипломатиялык укук

Дипломатиялык укук

Эл аралык укук тармагы мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын ортосундагы дипломатиялык катнашты жөнгө салат. Дипломатиялык укук системасы дипломатиянын төмөнкүдөй негизги формаларына ылайык келет: бир мамлекеттин дипломатиялык өкүлдүгү аркылуу башка мамлекеттин аймагында ишке ашырылуучу эки тараптуу дипломатия; конкреттүү маселелерди чечүү максатында башка мамлекетке же эл аралык жолугушууга (конференцияга) атайын миссия жиберүү; эл аралык уюмдардын делегациясы жана мамлекеттердин эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрү же уюмдардын өздөрү аркылуу ишке ашырылуучу көп тараптуу дипломатия. Дипломатиялык укук 1961-жылдагы дипломатиялык катнаштар жөнүндөгү Вена конвенциясына, 1969-жылдагы атайын миссиялар жөнүндөгү конвенцияга, ошондой эле ар бир өлкөнүн мыйзамдарына таянат. Чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү, ошондой эле элчиликтин жана миссиянын дипломатиялык кызматкерлери, алардын үй-бүлөсү дипломатиялык жеңилдиктерден пайдаланышат.

Ой-пикирлер