Кирүү

Коңурбайдын бузукулугу

Коңурбайдын бузукулугу —"Кичи чабуул-дун" ("Кичи казат") башталышына себеп болгон окуя.
Семетейдин туулганына арналып берилген тойдо шылтоо таап чыр чыгарып, кыргыздар-ды чаап алалы деп Коңурбай элине кеңеш курат. Аны угуп калган Алмамбет Бакайга айтат, Алы жетмек беле, чыр чыкпасын, унчукпа деп Бакай Алмамбетти тыйып коёт. Коңурбай чаап алам деп опуза айтканын уккан манасчылардын варианттарын-дагы "Кичи казаттын" башталыш окуялары бири-биринен да, о. эле СОВ м-н СКВдан айырмаланып айтылат. ШРВда "Чоң казат" кыргыздардын жеңиши м-н бүткөндөн кийин элди жер-жерине таратып жиберип, кырк чоросу м-н кырк күн туруу үчүн кытайда калган Манаска Коңурбай келип, элиңе кайтар болжолуң болду, аттанып чыгып тамаша кылып келели дейт. Манас макул болуп, жоо кийимин кийбей, бейкапар Коңурбай м-н бастырып кетет. Жаман белгилери кармап, чочулаган Бакай Ажыбайды Манастын арты-нан чаптырат. Коңурбай аңдып туруп байкат-пай Манасты катып келген айбалтасы м-н башка чабат. Ошондо келип калган Ажыбай кылыч алып Коңурбайды качырат, бирок, кылычы мүчүп Коңурбайга эмес, Алгаранын соорусуна тиет. Алгара очорулуп, жөө калган Коңурбайдын башын алууга умтулган Ажы-байдын жолун Коңурбайдын аңдып турган жигиттери тосуп калат. Жарадар Манастан чочулаган Ажыбай кайра тартып, Аккуланы чылбырдан алып качып чыгып, Бакайдын чатырына келет.
ММВда: Манас элине кайтып кеткенден бир 1оп убакыттан кийин Коңурбай өч алмак болуп эсепсиз көп кол м-н аттанып чыгып, уйгурларга кез келип, аларды чабат. Кабар алган Манас кол курап келип, катуу согуш болот. Ал согушта Нескараны Алмамбет, Бо-роончуну Төштүк өлтүрөт. Кытайларды шаарына камап жатып жеңип, Манас Бээжинге дагы алты ай кан болуп турат. Манас м-н кошо келген кол туш-тушка тарап, кытайдан аял алып, ар бири өз бетинче кетет. Кетер убакыт болуп, тарап кеткендерди чогулта ал-бай Манас өлдү деп жарыялашат. Эл чогулуп, кетүүгө камына башташат. Кытайдын Дуң-ша аттуу акылман кары адамы Коңурбайга: өзүн өзү өлдү деп Манастын башынан сыймы-гы учту, аны эми жеңесиң — дейт. Коңурбай аңдып келип, эртең м-н даарат алып жаткан Манасты кара кушка айбалта м-н чаап жарадар кылат.
БСВда кытайларды жеңип, олжо м-н жер-жерине тараганда бир жылдан кийин кайра келип Бээжиндеги Эсенканды чаап алмак болгон убада б-ча Манас колун жыйып Бээ-жинге аттанат. Буга чейин Кыргылдын уша-гына ишенген Манаска Чубактын элине кетип калышы, аны уккан Коңурбайдын кыргыз-дарды чаап алганы аттанганы, Манас Чубак м-н жарашканы кеткенде кытайлардын Талас-ты камашы, Манас келип кытайларды кууп чыгышы өңдүү СКВдагы өзүнчө чоң окуя катары айтылган эпизодго жакын мүнөз-дөгү окуялар айтылат. Тосо чыккан Коңур-байдын колу м-н катуу согуш болуп, кытай-лар чебине бекинишет, чепти камап согушуп жатканда Аккулага ок тийип, Ырчыуул Таластан Тайбуурулду алып келет. Согушту койсун, кайтсын деген Каныкейдин катына болбой, Манас согушту улантат. Капарсыз келе жаткан Манастын артынан келип Коңур-бай айбалта м-н башка чаап жарадар кылат.
ТМВда мусулман болдум деп алдап, кантип эбин келтирсем деп кекенип жүргөн Коңур-бай Эсенкандын алдында кеңеш куруп, Манас-тан кек алыш үчүн аны конокко чакырып, аз адам м-н келсе жайламак болот. Конок болуп кет — деген кат алып атайын кабарчы келгенде Бакай м-н Алмамбет баш болушуп кырк чоронун көбү барбайлы дешет. Чакырган-га барбайт деген эмне?— деп Кыргыл Манас-ты көкүтөт. Амал м-н чакырышы мүмкүн, көп кол алып, камданып баралы деген Алмам-беттин сөзүнө болбой, Манас азыраак эле адам м-н аттанат. Барба, жаман түш көрдүм деген Каныкейдин сөзүнө да көнбөйт. Коңурбай Манасты урмат м-н тосуп, конок кылабыз деп шылтоолоп жанындагы адамдарды бөлүп-бөлүп кетишет да, беш күн конок болгон соң Манастын үстүнө кирип, атайын жасалган айбалта м-н чабат. Манас кагып жибергенде балта даана тийбей, бир жак каракушка тиет. Манас балтаны колунан жулуп алганда Коңурбай качып чыгат.
Коңурбайдын атайын жасалган айбалта м-н чаап Манасты жарадар кылышы бардык манасчыларда айтылганы м-н окуянын өнүгүшү ар башка берилген.

Ой-пикирлер