Кирүү

"Келгенче мейман уялат, келгеден кийин уй ээси уялат"

"Келгенче мейман уялат, келгеден кийин уй ээси уялат". Адептуүлуктүн салтында бирөөнүн айылына, үйүнө барууда адам кысынат, езун коомай сезиши ыктымал. Тартына барып түшүү -ыймандуулук. Алабарманданып, айылды аралай чаап, бейтааныш жерге түшүү анча аброй эмес. Үй ээси мейман экенин билет, туят. Чыгып атынан алат. Эшик ачат. Үйгө киргизет. Торге чыгарат. Ал-жайын сурашкан соң, конок да өзүн кенен сезет, жаркылдап турган уй ээсинен улам денеси жайылат. Эми мейманды кандай коноктойбуз, эмне соебуз, эт салабызбы, же башка тамакжасайбызбы? Үй ээсин ойлонтот. Коноктун жарпын жазууга, ойдогудай коноктоого бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт.

Ой-пикирлер