Кирүү

Эсиң болсо, эчки күт

Эсиң болсо, эчки күт. Азыркы учурда эчкинин эл чарбасында мааниси зор. Анткени эчкиден сүт, эт, тери, жүн жана тыбыт алынат. Анын кызы талаачылыкта мыкты семирткичтердин катарында. Мүйүзү болсо кылыч мүйүздүү келет да ар кандай сувенирлерди, бычак саптарды, ордо оюнуна керек болуучу авалакты, чакчаларды жана башка жанга алып жүрүүчү идиштерди жасаш үчүн пайдаланылат. Жалпысынан алганда эчки — адам баласы үчүн пайдалуу жандык. Ал байыркы доордо жапайы гана түрүндө учуроочу. Көптөгөн жылдар бою тынымсыз жүргүзүп келе жаткан эмгектин натыйжасында эчки колго үйрөтүлүп, формасын, түрүн өзгөртүп, тукуму уланып отуруп, адамга үйүр болуп калган.

Ал үй айбанаттарынын арасынан көрүнүктүү орун ээлейт. Эчкинин уй, жылкы, төө, топоз, койдой эле пайдалуу жактары абдан көп. Окумуштуулардын аныктоолоруна караганда эчки алгач Кичи Азияда жашаган калктар тарабынан үйрөтүлөт. Муну Түштүк Батыш Азияда окумуштуулары тарабынан казылып алынган койэчкинин сөөктөрү ырастайт. Кийинки кезде эчки дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндө өстүрүлө баштады жана анын саны 475 миллион башка жетип отурат. Элибизде "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эки улак" деп бекеринен айтылбайт. Эчки башка малдарга караганда көбүрөөк төлдөгөндүгү жана бир жылда эки жолу төл бере тургандыгы менен айырмаланат. Орто эсеп менен ар бир эчкиден 450—500 граммга чейин тыбыт таралып алынат. Уйдан кийинки эле сүт берүүчү мал — бул эчки. Орто эсеп менен сезондо ар бир баштан 400—450 кг га чейин сүт саалат. Кыргызстандын түштүгүндө эчки өстүрүү жакшы жолго коюлган. Республикабыздын бардык аймагында эчкини кеңири өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар.

Мукаш Акынбаев

Ой-пикирлер