Кирүү

Бүбү Мариям Муса кызынын күндөлгүнөн

31. 05. 2001-ж.

Жайсаң атанын кабырына агайсыз кеттим. Үчүнчү жыл удаасы менен мазарга жөнөрдөгү талаш-тартышыбыз чарчатып жиберди. Дегеле үйдөгү, сырттагы проблемалар өтө эле көбөйүп кетти. Иш жылыш үчүн баарына кол шилтөөгө туура келди, демек медитациянын жыйынтыгына жараша чечим кылам.

08. 06. 2001-ж.

Чаекте калууга болбойт. Канчалык оор болсо дагы, жаш өргө таяп калган кезде жер которууга туура келди.

"Тобо!" - дейм жазмышына Жараткандын!

Так билем, жалганда не аткарарым!

Ким, эмне десе мейли, жалгыз гана
Кылганым жакса болду Жаратканга!

09. 06. 2001-ж.

Таңкы төрт жыйырмада Эрнестикине келдик.

22. 06. 2001-ж.

Воронцовкага келдим. Калыбек, Гүлжандардыкында турдум.

29. 06. 2001-ж.

Воронцовкадан Бишкеке келдим. 26-да Эрнест Керим менен барып сейфти алып келишкен (Аккуланын жалы бар сейф.). Аны туруктуу бир жерге коюш үчүн ушул үйгө келдим. Тагдырыбызда окшоштук бар үй экен. Мы оба, в какой-то мере, покинуты, но однако и покинули!.. Господь с нами! Пусть помогут мне стены твои

30. 06. 2001-ж.

Талант, Эрнест, мен болуп Калыбектин досу турган жерге бардык. Керемет! Укмуштуудай керемет жер экен! Дегеле кыргызым мекендеген жердин ар бир карыш жери керемет экендигине барган сайын сыймык менен көзүм жетүүдө. Жалаң эле арчанын мен көрө элек беш-алты түрү бар экен. Ал эми дары чөптөрдү бутум менен тепселөөдөн айбыгып турдум. Бийиктиктин кереметин сезүүнү кыргызымдан башка дагы кайсы элдерге буйрудуң экен, Айкөл Теңирим?! Көкө атабыз айткандай, ушул керемет тоолордун бийиктиги, тазалыгы, элибиздин пейилиндеги кеңдикти сактап келиптир. Болбосо, ошол элдин Журт башчысынын оозуна теңирим салып, ушул бийиктик айттырбаса, "Кыргызстан — Наш общий дом!" - дейт беле? Ушул тоолордой бийиктик гана үйүнүн төрүнөн, жүрөгүнөн, тереңинен бөтөн элдерге орун берет! Кыргызым ушул тоолорундай дили таза, бийик болбосо, түпкү атабыз Ууздун чачыраган тукумун бириктирип, уңгусунда Ууздун атын атап өчүрбөй, кыркууз кыргыз бойдон калып, ал эми ар улутка бөлүнгөн боордошторунан калгандардын аттарын сактап, ошол уруудагы элбиз деп, бир эл болуп келет беле?!

Кыпындай кыргызымдын ичинде: ногой, нойгут, кыпчак, кытай, моңолдор, сарттар, дөөлөстөр жана дагы нечен уруулардын аттары эле конгломераттуу журт экенибиздин далили! Айрым бир чукул ойлуулар: "Кыргызстан — Жалпыбыздын үйүбүз!" дегендин түпкү мааниси кайда жатканына акыл өкчөбөй, келеке катары көрүшкөнүнө кейип турам. Таруудай чачылган элибиздин кылымдар бою көксөгөн мамлекеттүүлүккө ээ болуу жөнүндөгү тилеги жаңы гана ишке ашып, ошол өлкөнүн башында өз каныбыздан бүткөн Ажобуздун өз бетинче элдүүлүгүбүздү сактоого кылган далалатын колдоого алуунун ордуна, жок кинелөө — бийиктиктен төмөндөө эмеспи? Тамтуң баскан наристедей мамлекетибиздин тезирек телчигүүсүнө тоолорубуздай бекем, бийик, таза көз караш гана өбөлгө болмокчу.

Ар дайым ушул керемет тоолорумдун жонуна чыгып, бийиктен те төмөнгө назар салган кезимде, көөдөнүмдү тепкен ойлорго тушугам. Бийиктик гана бийик ойлорду берердигин билем! Ушул керемет тоолорубуздун кереметине бөлөп, бөксөргөн көңүлдүн толушуна өбөлгө болгон Калыбекке эмне деп алкыш айтарымды билбей турдум. Көңүлүмдүн эргүүсүн ичиме араң сыйдырып, Теңирим канча убакыт өткөрөрүмдү буйруганын билбеген үйүндө, түн койнунда, убакыт-мезгил канча болгонун сезбей ушул саптарды жазып олтурам.

"Сөз багып, сөздүн кунун билгендер урпактарыбыздын арасында бар болду бекен?" - дешет аталарыбыздын арбактары.

Бар! Урпактарыңыз ошол ырыскыдан куру кол эмес! - деп турам азыр. Болбосо чачтарын бубак баскан эжесинин бөксөргөн көңүлү толсо дешип, иши уланса деген тилек менен, дегеле туугандыгы жок балдар, бар дилдеринен кам урушуп, шарт түзгөндүктөрүнө башка жооп таба албайм!

Азапка же жыргалга келбейли кез

Аш эмес, эл болуппуз баалаган сөз!

Эзелтен келе жаткан бабалардын
Элибиз улап келет шол нускасын!

Журтума, сөздүн наркын кемитпеген,
Жүгүнүп кулдук уруп, таазим этем!

Бүбү Мариям Муса кызы!

Ой-пикирлер