Кирүү

Алманбет менен Бурулча

Алманбет менен Бурулча

Теңир ай! Өткөн күн медитацияга чыгуума баардык жагынан төп келген, бирок таң алдынан баштап каршылаш аспект болмок. Баарылап аракет кылган менен, каршы аспекте жердин алыстыгы кошумча болду..

Нургүл мени үшүп келет деп жылыткычты туташтырып коюптур. Үйгө Таң-Каракчысында келдик. Сырттан түз эле кабинетке кирдим, медитациядан энергомасса менен келген элем да, жылыткыч мен иштеген столдун астында коюлган болчу, анын туташып турганын билбей столго жакындаганда эле розеткадан от жалбырттады.
Шашып кеткенимден колум менен шнурду сууруп алдым. Ошентип үлбүрөгөн Шооламды өрттөп алдым.

Күндүз кечке жумуштарында иштеп, түнү менен Кызартка барып кайра келген балдарымды аяп, балким иштеп кетермин деп ошол замат айтпадым. Бирок эч нерсе көрүнбөй, туңгуюка түшүп кеткенсиген сезимден башка бир сап сөз түшүрө албадым. Не кыларымды билбей, күчүмдү жашымдан чыгарып, Эрнестке болгон нерсени айтып Талантты алып кел деп жибердим. О, Теңирим ай! Жашым өр таяп калган кезде ушу дастан үчүн Жумгалдан бул жака келбедим беле. Балдарымды, үй-жайымды — баарын кыйып, бүт баарына кайыл болуп, элдин кеп-сөзүнө карабай бир гана ишим деп келбедим
беле, Теңирим! Заманам тарып, эмне кыларымды билбей турам. Акыркы аргамды жасап, Шоолам же ажал дедим. Убактым болуп калган, а Эрнест кечигип атты. Кармалууга болбойт эле, үйдөн чыкканымды гана билем...

Өзүмө келгенде таптакыр бейтаныш жерде, милициянын формасын кийген бир баланын жанында туруптурмун. Баштыгымдагы дептерлердин арасынан Акылдын телефонунун номерин таап, ошол балага чалдырдым, Акыл жок экен мени издеп кетишиптир, трубканы Шааза алып: "Азыр мен барам, эже!" - деди. Шааза менен Искентай келишип, мен Акылдыкына бардым. Акыл, Талант экөө талааны издешип, а Эрнест Кызартка кетиптир.
Чарчап, баткака булганышып Акыл, Талант экөө бир убакта келишти. Нуркан менен Таланттын ыйлагандарын, кыязы, көзүм өткөнчө унута албайт окшойм. Балдарым менин аман-эсен табылганыма кубанышып, калган баардык нерсеге кайыл эле. Түндөп кайра Кызартка жол тарттык, эсен жетип бардык. Кыйраткыч күчкө эге каршы тогоол күчүн жоготуп калган кезге туш болдук. Элибизде "жаман айтпай — жакшы жок" дейт эмеспи, каршы тогоолдун жакшы-жаманы тең салмакта болду, жок, жакшысы таразанын табагында оорурак өлчөмдө эле! Эң башкысы — Шооламды кайрып алдым.

Арыба, Шамчырагым, агарган таң
Белгиси жакшылыктын утурлаган.

Арабыз абдан алыс, ага бирок
Өкүнүп, анча капа болгонум жок.

Балдардын баардык оюн шам үстүндө,
Билемин шам карабай туруп эле.

Анткени, башка түшкөн Тагдыр сыны,
Аесуз калчады го баарыбызды!

Убакыт — адам үчүн тирүүлүктө
Ким танат, эгедерин укмуш күчкө!

Карытса бир кылымды ирмем убак,
Кай бирде желден дагы ылдам сызат!

Кылымдын бир нечесин артка таштар
Күн кечтик башыбыздан ушул сапар.

Жылдызы кара күчтүн каршы тогоп
Шоолаңдын түшөр жолун тосту тороп.

Канча бир тосмолордон өтүп араң,
Калкы жыш турагыңа түшсө шоолаң,

Бөтөн жыт, пенделиктин кесепети,
Бүлбүлдөп түшкөн нурду өрттөп кетти.

Түйүнүм Тагдыр-Түйүн байлаган бек
"Тырс" этип үзүлдүбү кайрадан деп,

Каректен аккан жашым калган кургап...
Кайрадан шор тузуна турду чылап...

Жан-досу бир акындын жай албаса,
Жабыкпай койсо болот эч ким ага.

Бирок да, тагдырымдын түйүнүнө
Байланган тагдырлары журттун мүлдө!

Калдым ээ убалына элимдин деп,
Калтаарып нур учунда турдум түтөп.

Кагылам карааныңдан, Шамчырагым!
Качпастан кара күчкө тике бардың!

Көктүгүң, өжөрлүгүң болбогондо,
Шооладан кол үзмөкпүз биротоло!

Жардыгы менен жалгыз Жараткандын,
Жарыгым, Нуршоолаңды кайрып алдың!

Сырыңды жан адамга ачпа деген
Сөзүмдү кайталадым сага нечен.

А бирок, айтканыма салбай назар
Ачтың го далай сырды ичте сактар.

Ошонун тартып азыр залакасын

Оп тарткан нак ажалдан араң калдың.

Баладай ишенчээгиң, Шамчырагым,
Башкага байкабайсың жем кыларын.

Жалганда жан адамга теңебестен,
Жетинчи сезимиңден орун берген,

Адамдын сенден эмне көздөгөнүн
Алиге акыл өкчөп баа бербедиң...

Жоругун Ырчы уулдун кайра дагы
Жашоонун айлампасы кайталайбы?

Бул сөздү айтышыма болгон себеп
Шарыпкул жасап жаткан иш-аракет.

Сөзүмдүн чыгамын деп өтөлүнө,

Сен минтип бейкам иштеп жүргөн кезде

Шарыпкул бул дастанды ээлеш үчүн
Шашылып жумшап жатат болгон күчүн.

Балдарың алышпаса бүгүн кабар
Бүтүргөн ишиң кыйла татаалданар.

Эмесе жыйыштырып сөздү, демек,
Эртелеп артыңарга кайтыш керек.

7° 63" 49"

Токтой тур, Шамчырагым, шашканымдан
Калыпмын эң орчундуу сөздү айтпастан.

Эсиңе туткун бекем, бир кыйлага
Жолугуу мүмкүн эмес, себеп ага

Өрттөнгөн Шоола учу узармайын
Өзүңө жакын түшүп баралбаймын.

Кезикмек болуп мага, кокустука
Кабылып калсаң жардам берер сага

Чамамдын чак экенин азырынча,
Чырагым, сезимиңден түк чыгарба!

Өзүңдүн жылдызың оң тогогончо,
Өтүнөм, талаа кезем деп ойлобо.

Жылоолоп Кудуреттүү Көк-Теңирим
Жолуңар шыдыр болсун, каректерим!

0°5"59"

Балдар акылдашып: "Өз түндүгүңүз болбосо болбойт экен, эже, үй сатып берели" - дешип төбөмдө түндүктүү кылышты. Эркин, Талант, Акыл, Эрнест төртөө тоонун түбүнөн орун алган, көзгө абдан ысык көрүнөн үйгө алып келип киргизишти. Теңир жалгасын, кайрымжысын Теңир берсин балдарыма!

27. 09. 2001-ж. 10-ай күнү 0°

333° 22" 12"
12° 51"25"

Кудурет Кек-Теңири Айкөл Шерге?
Кишиден Алманбетти түгөй берсе,

Жарыка келген күнү өзү менен

Жан жолдош Аккуласын кошо берген.

Калчанын кылычынан? Аккуласы
Кыраанын чаптырбастан сактап калды.

А бирок сол соорусун тосо берген
Албарстын учу тийип, шылып кеткен.

Боелуп сүттөй соору кызыл канга
Бураңдап барып бир аз, оңолду да,

Калчадан таппайлы деп эрте жазат,
Кайберен сымал тоодо сызып барат.

Бута атым жерге узап , кайра артка
Бурулду жолун тосуп душманына

Сооруда жаратынан кыпкызыл кан
Сызылып дагы деле агып жаткан.

Айттырбай, адам сымал билген баарын
Айкөл Шер алкап жатты Аккуласын.

Калча өзү кырганынан калган колу,
Качпаска бел байлашып ушул жолу,

Кошулуп жөө аскерге келип кайра
Курчоого алып, чабуул койгон чакта

Аянды Бурканымдан аламын деп
Атайын Кара-Тоого кеткен дегдеп

Ажосу Чет-Бээжиндин Эсенкан хан
А дагы ушул тапта келип калган.

Чогултуп тез арада акыл кошчу
"Чыгаанбыз" дегендерди ордодогу

Алганын Кара-Тоодо кандай аян
Аларга айтып берет шаштырбастан.

Акылын өкчөгөндүн оюн тыңдап
Бүтүмдү бирок минтип өзү кылат:

— Жактырып жактырбагын, айтканымдан
Жанбаймын, жазат табат каршы чыккан.

Баарыңар билесиңер, бүткөн кандан
Бурулчам жалгыздыгын жоктур танган.

Улуу күч сүйүп берген балдарымдан
Ушул кыз маңдайымда тирүү калган.

Бул тагдыр — Улуу күчтүн буйруганы,
Бир да жан каршы чыгып танбайт аны.

Кытайдын кыздарынан арзып алган,
Кантмекмин, жок балдарым тирүү калган.

Ал эми олжологон бурут катын
Апасы, жалгыз кызым Бурулчанын,

Тагдырым азыр дагы такап жарга,
Тапкын деп журтту сактап кылар арга,

Жапжалгыз карегимди колумдагы
Жооңо тартуу кыл деп турган чагы.

Олжо аял Бирмыскалдын буруттугун
Ого эле көп жыл өтүп унутупмун.

Ал азыр баш көтөргөн бурут эли
Арганы түгөттүрүп кирип келди.

Жолум жок тандаар башка, ошондуктан
Журт үчүн Бурулчаны чалам курман!

Кызыма кырк чыгаандын атак-тектүү
Кыздарын тандап кошом өңдүү-эстүү.

Кошумча дүр-дүнүйө аянбастан,
Кыраан куш, чыгаан күлүк, алгыр тайган,

Саяпкер-мүнүшкөрлөр менен кошуп
Сары алтын жүктөп төөгө чыгам тосуп.

Кокустан бул сөзүмө араңардан
Каяша айтчуң болсо, башын алам!

Кана анда, бүттү сөзүм, кармалбастан
Тосууга бурут ханын көргүлө кам! —

Ажосу Чет-Бээжиндин ордосунда
Айкөлдү тосмок болуп жаткан чакта,

Четинде Чет-Бээжиндин сансыз колу
Чабышып Айкөл менен жаткан болчу.

Кошулуп Коңурбайдын аскерине
Курчоого алып калган учур эле.

Аккула жарат алып, Айкөл, Бакай
Алышышып жаткан кези жан аяшпай.

Акылман сөз чебери кыраан Бакай
Айкөлдөн баатырдыгы кем калышпай,

Курчаган уй түгүндөй көп каңгайга
Кыргыйдай тийип, мизин кайтарууда.

Канаты — Көк-Тулпары берип жардам
Карашып ажалга тик, төгүүдө кан.

Калчага тоосу-ташы берсе жардам,
Кайратты Бакай ханга берип жаткан

Кыйыны кырк чоронун Кыргыл кары
Кол баштап, болуп калган келер маалы.

Аз убак каңгайларга берсе такаат,
Арттагы Оруктан кол келип калат.

Теңдешсиз салгылашып сан жагынан
Төгүлүп жерге суудай агууда кан.

Арман ай, көптүк кылып толгой курчап,
Ажалдын муздак колу сунулган чак.

Өз жери Коңурбайга берип кубат
Өрөөндү толтурууда зоолор урап.

Аскадан кулаган таш Бакай ханга
Күү менен өттү тийбей бир аз гана.

Кайраты ашып-ташып алган Калча
Колунда ач албарсын сынап ташка,

Топ сымал томолонгон койдой ташты
Тең бөлүп ортосунан чаап салды.

Аскерлер жанындагы муну көргөн
Айбыгуу чагылышып өңдөрүнөн,

Албарстын курчтугуна беришип там
Ар бири чочуп турду жандарынан.

Калчага мунун баары берип кайрат
Кылычын Айкөл Шерге кезеп барат.

Аяндуу "Ач Албарсын" Айкөл Шер да
Ал кезде кындан алган жаңы гана.

Абасы Бакай эске салбаганда,
Албарсы унутулуп караманча

Култаңдын "Сыр Найзасын" жөлөк кылып
Каңгайды уй түгүндөй жүргөн кырып.

Ал азыр Коңурбайды атырылган
Аяндуу "Албарс" менен тосуп турган.

Коңурбай "Ач Албарстын" көз көрүнө
Кыйлага узарганын көргөнүнөндө,

Жанагы эрдемсинген сууп деми,
Жай буруп Алкарасын кача берди..

Жолуна "Ач Албарстын" кез келген жоо
Жыгылып чапкан чөптөй түшүүдө боо.

Агызып душманынын суудай канын
Артынан түштү Айкөл Коңурбайдын.

Чуу түшүп ошол кезде, Оруктагы
Чоролор Кыргыл баштап келип калды.

Коңурбай "Дүңгүрөгөн бул эмне?" деп
Кайрылып арт жагына — колду көрөт.

Каптаган селге окшоп калың бурут
Каңгайды кылмак болуп тукум курут,

Жолуна туш келгенди өрттөй мойсоп
Жомокто ажыдаардай келет сойлоп.

Куу Калча адатынча жанын сактап
Кылчайбай ошол тейден артка качат.

Чебине Чет-Бээжиндин шашып кирип,
Чайылдап сакчыларга бекиттирип:

— Катынпос Эсенкан сен кайдасың?- деп,
Кыйратып келген жандай каарын төгөт.

Ал кезде алыс жууктан келип калган,
Аскерди чепке топтоп Эсенкан хан

Аянын Улуу Күчтүн аткарууга
Аяктап калган камын жаңы гана.

Коңурбай жаңы күчтү көрүп алып
Көңүлү тынып бир аз, кайраттанып,

Кебине Эсенкандын чыгып каршы

"Кол башта, кырабыз, - дейт, — буруттарды!"

Коңурбай, хан Эсенкан чеп ичинде
Керишип жатышканда келбей эпке,

Каңгайдын калың колун сыртта калган
Кыргыздын келген колу кырып жаткан.

Сепилде мунарадан көрүп муну
Сакчылар утур кабар берип туру.

Ошондо акыл өкчөп, кары-жашы
Оюна Эсенкандын болбой каршы,

Буруттун Айкөлүнө баш ийүүгө

Бел байлап келишиптир бир бүтүмге.

Кылымдан ашкан кары Гань-Цин деген
Калчага кабак чытып минткен экен:

— Буруттан качып кирип капкага бек,
Бекинип алып мында тыңсынба кеп!

Капканын тышындагы калың колдун
Канына бөөдө аккан сабын болдуң!

Тилиңди уккан сенин калган элди
Тыптыйпыл кырдырабыз, көзүм жетти.

Бекерге убакытты коротпостон
Буйругун Улуу Күчтүн аткарган оң! —

Ушинтип сөзүн бүтүп Гань-Цин кары
Утурлап жоонун алдын жол баштады.

Аскери Айкөл Шердин ошол тапта
Агылып жетип калган Чеп-Капкага.

Белгиси жеңилүүнүн — Ак Асаба
Боелуп батар күндүн кызылына,

Желбиреп көтөрүлүп бек сепилден,
"Жеңилдик" деп билдирип белги берген.

Ак тууну Айкөл көрүп мунарадан
Айгышкан аскерлерге добуш салган:

— Алманбет, Кыргыл кары, Бакай аба!
Аскерди чабуул койгон токтоткула!

Душмандын сепилинен Ак Асаба
Делбиреп көтөрүлдү, карагыла!

Чабуулду токтоттуруп бир аз убак,
Чоо-жайга кандай болот көңүл бурсак?

А балким, куру бекер төкпөстөн кан
Айтышар "Жеңилдик" деп бизге душман?

Кантсе да азга тыным кылып турсак
Кабарды билгизишер каңгай тарап... —

Айкөлдүн күрүлдөгөн үнүн угуп
Аскерлер айгайлашкан калды туруп.

Каңгайдын сепилинде мунарадан
Карынын үнү чыкты калтаарыган:

— Баарына бирдей мээрим төккөн Күндөй,
Баатырым, назик экен көөнүң гүлдөй!

Бейкүнөө көпчүлүктүн төкпөй канын,
Басташса кимдер сага, аябагын!

Элиңе эл кылып ал бизди кошуп!
Эсенкан ийип башын чыгат тосуп.

Арстан Алманбет Шер так талашкан,
Аталаш хан тукумга эп таарынсаң!

А бирок киндик каның тамган жердин,
Апаңды, таятаңды билген элдин,

Кадырын, эрдик кылып сыйларсың деп,
Карт Гань-Цин беттеп сени салууда кеп.

Албастан турнанын өчүн туздан,
Алманбет, өчүңдү ал хан тукумдан!

Эсенкан турат мында башын ийип,
Эсебин бергин ага өзүң билип!

Айтарым, Эсенкандын Бурулчасы
Ал сен деп, атка конгон "Төрү кары".

Кырк кызды себи менен Бурулча өзү
Күң болом өзүңө деп баштап келди.

Баш кылып Азиз хандын алтын тагын,
Байлыгы коробогон казынасын,

Энчиң деп тийешелүү сага гана,
Эсенкан даяр коюп турат мына!

Касташкан эки элдин, байыртадан
Кыз бала ортолорун таттуу кылган.

Кыраан куш, алгыр тайган, күлүк тулпар,
Кымча бел, ордодогу сулуу кыздар..

Ачууңду Айкөл Берен сурап сенин
Астыңа тартуу кылат кытай элим!

Айкөл Шер, Алманбетти түгөйүм деп,
Антташкан дос экенсиң, алышып шерт.

Астына Алманбеттин түшсө эли,
Ал кечсе, кечирер деп турам сени!

Кайрадан айткан сөзүм кайталайын!
Кытайды кыргызыңа кошуп алгын!

Баштаса сендей Айкөл элибизди,
Байырлайт бак-ырыскы жерибизди!

Карыткан бир кылымды кары кебин
Кастарлап кабыңа сал, Айкөл Шерим! —

Басылып каргыл чыккан карттын үнү
Бир кыйла өлүү тынчтык өкүм сүрдү.

"Кебимди үзөт60 кылбай коебу?" деп,
Карт Гань-Цин мунарада тынчы кетет.

Акылдын ээси Бакай, Айкөл Шерге
Акырын добуш салып минткен эле:

— Биз күткөн сөз айтылды, Айкөл берен!
Буйрук бер, Ак Асаба көтөр деген!

Кан төкпөй кол тыныксын азырынча,
Кандай күн күтүп турат, көрөбүз да..—

Айкөл Шер абасынын сөзүн угуп
Артында Кыргыл чалга берген буйрук:

— Белгиси жарашуунун — ак байракты
Булгала тигилерге, Кыргыл кары! —

Желбиреп жарашуунун ак байрагы,
Жоокерлер үн чыгарбай дымып калды.

Ачылып Чет-Бээжиндин Чеп-Капкасы,
Астыда кол куушуруп келет ханы.

Артында эсеп жеткис тартуу алып
Жеңилген элдер келет, башын салып.

Желбегей торко кийген кыз Бурулча
Желбеген жорго минип келет аста.

Андан соң кылка баары кызыл кийген
Айжамал сулуу кыздар тизилишкен.

Кош өркөч, жесир өркөч төөлөрдө жүк,
Койкоет калы килем61 жабылып бүт.

Ак күмүш, сары алтын, асыл таштар
Артылган маталардын сан түрү бар.

Тор жайган саятчылар, үндөгүчтөр,
Талпынткан кыраандарын мүнүшкөрлөр,

Кошкуруп сай күлүктөр чапчыса жер,
Коштоодо кыңшылашат алгыр иттер.

Жеңгендер топ-топ болуп карап турат,
Жеңилген элдин арты бүтпөйт чубап...

Жакындап басып келип Айкөл шерге
Жүгүнүп башын ийип, бүгүп тизе,

Эсенкан мүңкүрөгөн добуш менен
Эңкейип турган тейде мындай деген:

— Кыргыздын кыраан ханы, Айкөл берен!
Кытайдын бар болгону бегимин мен.

Көптүгү уй түгүндөй дейт кытайды,
Көбү чын, кытай элин алса жалпы.

Калкына салыштырма жери дагы
Кыйырсыз , сан жетпеген калаалары.

Кытайдын Чет-Бээжини мен ээлеген
Көлөмүн айтып турат аты менен.

Бир уруу элге ханмын, жерим деле
Бай эмес башкалардай алтын кенге.

А бирок жол түйүнү, кербен өтөт.
Букарам соода менен күнүн көрөт.

Өчпөсүн бир уруунун аты такыр!
Өзүңө бердим баарын, элди калтыр!

Алтын так, ак сарайды шул ирмемден,
Айкөл Шер, бердим сага эли менен.

Ээлигин Чет-Бээжиндин колуңа алып
Элиңе элим кошуп жат башкарып!

Айтканың эки дебес кызматчыңмын!
Аткарам эмне десең, буйрук кылгын! —

Сүйлөөгө мындан белек келбей алы
Эсенкан жер кучактап бышактады.

Артында жөөкөрлөрү аны туурап
Алар да жыгылышты жер кучактап.

Баштаган кырк кыз менен сан миң күңдү
Бурулча жоргосунан өзү түштү.

Кыргыздын үрп-адатын апасынан
Кыраа кыз сурамжылап далай уккан.

"Эч качан тизе бүгүп ийбейт башын,
Эр жүрөк, намыска бек менин калкым.."

Бул сөздү апасынан далай жолу
Бурулча сүйлөшкөндө уккан болчу.

Сөздөрүн, апасынын, тапкан жазат,
Сезимде табериктей жүргөн сактап.

Атасын карап турган Бурулчага
Апасы айткан сөздөр жаңырууда.

Бурулча ушул сөздүн деми менен
Баш ийип, айбыкпастан Айкөл Шерден

Түз карап Шер жүзүнө, Алманбетке
Туптунук чыгып үнү минткен эле:

— Жеңилген хандын кызы жеңгендерге
Жүгүнүп, чөгөлөшү керек эле

"Кырк чачы кыздын улуу" дейт элиңде,
Кызмын деп сүйлөп турам, айып этпе!

Айкөл Шер, минткенимди айып десең
Алууга башым мына, даяр келгем.

Канчалык тиленсем да Улуу Күчтөн
Күңдүктү маңдайыма жазган экен.

Жазуума өкүнбөстөн тобо кылам,
Жашоомдо Алманбетти жолуктурган.

Бул буйрук, Айкөл берен, антпегенде
Бурулча Чеп-Капканы ачсын неге?

Азиздин Алманбети Көйкапта деп,
Атамдан кичинемде укчумун көп.

Ал эми алгач ирет көргөнүмдө
Ал жылы жетилерде кезим эле.

Бир боордук, өтө ысык сезим менен
Бир тууган Бао агамдан жакын сезгем.

"Атасы Азиз ханды жара тартып
Алманбет буруттарга кетти качып!"

Деген сөз хан ордодо, эл ичинде
Дегеле басылбады көпкө дейре.

А эми бул сөздөрдү укканда мен
"Абакем аман болсун!" деп тилегем.

Өңүмдөн азганымды көрүп апам
Өпкүлөп "не болду?" деп суроо салган.

Апама башым сүйөп, бир аз туруп
Акырын минткен элем улутунуп:

"Абам деп арка тутуп калдым эле
Алманбет жоо турбайбы, көрсө бизге?"

Бооруна бекем кысып, ошондо апам
Буркурап жашын төгүп минтип айткан:

"Чолпонум, Алманбеттин кеткен жагы,
Туулган жерим болот менин дагы!

Кейибе агаң болбой калганына,
Кыркууздар сага дагы болот тага.

Жаң-Жуңдар62 айлыбызды чапкан кезде
Жаңыдан толгон элим он экиге.

Туткундап хан ордого алып келген,
Тагдырым түш кылды эле атаң менен.

Ал эми Соорундуктар бизден мурун,
Алтайды каңгайлар чаап болгон туткун.

Алманбет Соорундуктун жалгыз жээни,
"Аманат" аткарганы элге кетти.

Жерине аман жетсе Соорундуктун,
Жоосуна келет бир күн кууп кунун.

Ал күндү мен көрбөсөм, сен көрөсүң.
Алманбет келип калса, жардам бергин!"

Тургандай ушул күндү көрүп апам,
Туздуу жаш жүзүн жууп сырын ачкан.

Тамырда аккан каным — кытай каны,
Талашсыз жоо экеним, танбайм аны.

Энемдин сүтү менен ошол канда
Элиңдин каны барын сен да чанба!

Кеңдигиң чалкып жаткан деңиз экен.
Кебимди үзөт кылсаң, Айкөл берен,

Кунуна жазат тапкан аскерлердин
Күңдүккө кырк кыз баштап өзүм келдим.

Жана да ар бир өлгөн жоокер үчүн
Жүктүү төө, экиден кул, экиден күң.

Ал эми өлүү байлык, төрт түлүк мал,
Артынып айдап келдик, өткөрүп ал!

Бейкүнөө караламан калкты кырба!
Берен Шер, ханыбыз бол минип такка!" —

Бурулча сөзүн бүтүп, Айкөл Шерден
Бооруна колун байлап, жооп күткөн.

Айкөл Шер адатынча, акыл ээси
Абасы Бакай ханга кашын серпти.

Ормое, бүркүтүндөй Ала-Тоонун
Опол тоо Бакай абам берген жообун:

— Абалтан салтыбыз бар сиңген канга,
Атанын кунун кечет, келсе астыга.

Хан башын Эсенкан хан ийип жатса,
Кабылан Айкөл Шерим, четке какпа!

Кырк чачын, сөзүн сыйлап Бурулчанын,
Кыраан Шер, Чет-Бээжиндин мингин тагын! —

Бакай хан айтар замат ушул сөздү
Баятан даяр турган каңгай эли

Согулган алтын созуп чылк жибектен
Саймалуу түр килемди жайып ийген.

Баш болуп Эсенкан хан жерге жайып
Баарылап Айкөл Шерди ага салып

Кызарып баткан күндүн нуру астында
Көтөрүп мингизишти алтын такка.

Хан болуп Чет-Бээжинге Айкөл берен
Калкына дүңгүрөтүп тоюн берген.

Ошондо ойлогонун жашырбастан
Он эки ханга Айкөл кеңеш салган:

— Кырк кызды хандын кызы баштап өзү
Кун үчүн келдик деген уктук сөздү.

Кадырлуу хан тукумдун кыздарына
Кандайча бүтүм кылсак болот туура?

Ар бириң айт оюңду, жыйынтыгын
Акылман, Бакай аба, өзүң кылгын! —

Көкчөсү Айдаркандын башын буруп,
Күлмүңдөп, колу менен жанып мурут,

Аралаш азил-чыны Айкөл Шерге
Акырын күлүп коюп минткен эле:

— Хан кызын өзүң алгын, кырк чороңо
Кырк кыздын башын байлап, камын тойго!

Хан болсун ханышасыз кайсыл элде,
Каныкей Чет-Бээжинге келмек беле?

Жетилип олтурганча уулуң такка,
Жеңебиз баш-көз болсун калган калкка! —

Деп Көкчө сөзүн дагы уларында
"Дирт" эте түшүп эрди Айкөл ага

Акырын, бирок өктөм үнү менен
Алая карек кадап мындай деген:

— Орчундуу ойду кеңеш салган элем
Оюнга айлантпагын, Көкчө берен!

Бээжинге канча мезгил хан болгун деп,
Буйруду тагдыр жазуу, Теңир билет.

Кыйлага туруп калсак бөтөн жерде
Кыйнабайм аял тап деп, сени Көкчө!

Токтотуп жөнсүз сөздү, Бакай аба!
Ток этер бүтүмүңдү айтчы, кана! —

Салаалап сакалдарын Бакай абам,
Саалга тынып туруп минтип айткан:

— Оюңду өзүң айтар, Айкөл Баатыр,
Оодарып мага жүктөп койдуң азыр.

Эмнени ойлогонуң болжол менен
Эрендер, тыңдагыла, айтып көрөм.

Секелек курагынан ушул күнгө
Сезими Бурулчанын Алманбетке,

Арзуубу, аруу аккан суудай тунук?
А балким, жүрдү бекен "ага" тутуп?..

Ушуну билмейинче тактап даана,
Уят иш алам деши ким болсо да.

Ал кыздын сырын бил деп Алманбетке,
Айкөл Шер, айтууң кыйын, алибетте.

А бирок Алманбеттен башкабызга
Ачпастыр ичте сырын хан кызы да.

А демек Алманбеттен жооп болсо,
Андан соң камынсаңар болот тойго.

Жанында кырк кызына Бурулчанын,
Жар кылсын жоокерлерден тандаганын,

Деп бая Акылайдын кыздарындай
Дилдерин оорутпастан коелу жай.

Оюмду жактырсаңар, эрендерим
Оболу сөзүн уксак Алманбеттин... —

Бакайдын бүтүмүнө уккандардан
Болбоду каршы чыккан бир дагы жан.

Түгөйү Алманбеттин кабагына
Түпөйүл жүрөк эзген конуп санаа.

Турганын сырын чечпей тынып ичтен
Түшүнүп сөз узатты Айкөл берен:

— Түгөйүм, кайгы-муңуң тең тартпасам,
Түбөлүк достугубуз болор жалган!

Жүрөгүң сыздаганын туюп турам.
Жашырбай айтчы сырың ичте каткан! —

Деп Айкөл караганда Алманбетке,
Дил сырын төгүп сыртка минткен эле:

— Бурулча көрөрлүгүн мени кандай
Бул жерден кеткен элем ойго албай.

Сакталып жүрчү бирок чыкпай эстен
Секелек кыздын сөзү кайрат берген.

Жер чалып Сыргак менен, киндик каным
Жууган жер кусалантып, кайрылгамын.

Жер менен жексен болгон Таш-Калаага
Жүрөгүм бырчыланып болдум капа.

Аткарып апакемдин аманатын

Ал анан Чет-Бээжинге сапар тарттым.

Жандырып сыйкырларын аярлардын
Жолуңду сенин келчү тазаладым.

Кароолго келгенинде, кийчү Калча
Катылган тонун таап алганымда,

"Теңирге тобо!" дедим миң бир ирет,
Толкудум төлгө кылып "жол болот!" деп.

Таластан Бээжин беттеп аттанарда
Тигилген жоо кийимдер арасында

Аяндуу Асыл Каныш, да бир нерсе
Атайын арнап мага берген эле.

Ал нерсе — ургаачынын узу, жарың
Арнаптыр тигип кебин Алкаранын.

Кош колдоп шол белегин сунуп мага
Канышың минткен жүзүн жууп жашка:

"Бээжиндин сыры менден сага тааныш
Береним, барар жериң абдан алыс.

Кудурет тагдырыма буйруп жазган.
Кантейин, ургаачымын кем жаралган!

Болсом эр — жоого аттанып силер менен
Бир көрбөйт белем күндү башка келген.

Колумдан келсе эмне, аянбадым,
Кеп кабын Алкаранын даярдадым.

Куп кылдым кулактарын кулагына,
Төп кылдым туяктарын туягына.

Кеп каптын ички бети жибек була,
Кара кыл бекиткемин сырт жагына.

Береним, аяшындын бул белеги
Бээжинге барсаң тийер бир кереги!"

Адамдан сейрек чыкчу аяндуу жан
Агызып ачуу жашын мага сунган.

Баа жеткис белегинин арты менен
Бээжиндин четин алдык, Айкөл берен!

Кереке кантип анын жараганын
Кезеги менен чубап кеп салайын.

Айттым го жана сөзүм баштаганда,
Атайын кайрылдым деп Таш-Калаага.

Ал жерде билгенимди кийинчерек
Айтаармын, Айкөл Шерим, келсе кезек.

Ал жерде көрүп-билип, туйганымдан,
Жокко эсе жакшы нерсе кубандырган.

Бир арга утурумдук кылсам болмок,
Барууга жолум туюк болчу бирок.

Канткенде билинбестен Чет-Бээжиндин
Капкалуу калаасына кирем дедим.

Ошондо секелек кыз түшүп эске
Оюмду бекиттирди бир чекитке.

Калчанын тонун кийип, Саралага
Кеп кабын Алкаранын кийгиздим да,

Күүгүмдө Чеп-Капкага барып жакын
Каңгайча сакчы менен саламдаштым.

Көргөндө хандык ченди, шашып калды,
Каалгасын Чеп-Капканын ачып салды.

Карматып тогуз дилде: "Бир да жанга
Көргөнүң ооз ачпагын!" дедим ага.

Андан соң хандын кызы Бурулчанын
Айтуусун талап кылдым андан дайнын.

Көпкүлөң хандардан деп күйөөлөгөн,
Кыязы, тиги сакчы ойлоду бейм,

Тик кадап кыйшык көзүн, сынагандай
Тек гана жооп берди эч тартынбай:

— Салынган бек сепилде кызга арнап
Сакчылар ишенимдүү кайтарышат.

Кудалап келгендердин сөзүн кагып
Күн кечет "Төрү кары" кыз аталып.

Киндигин кескен кары олжо күңгө
Кичине сыр чечет дейт келип сөзгө.

Тең курбу хан тукумдун кыздарынан
Тең ата болобуз деп суроо салган

Ондогон кыздын башы мунарадан
Орунун биротоло алып тынган.

Кокуй күн, хан кызынан күңдөн башка
Коркушуп даап барбайт эч ким ага.

Эрдемсип келген далай эрендердин
Эсинен кеткис ыза көргөндөрүн

Жел менен тешик ооздон чыккан тарап
Журт ичи кошолонтуп аңыз кылат.

Ошондой ойдо келген болсоң, ханым,
Орунсуз калбас бекен сынып шагың.

Муногу берген тогуз дилдең эмес
Маңдайда жанган нуруң бер дейт кеңеш.

Эрмектеп эмес, ханым, Бурулчага
Эгерде арзып келген болсоң гана,

Колумдан келишинче берем жардам
Кыз менен жолуктурчу арга табам.

Ал эми арам ойдо келген болсоң,
Анда биз экөөбүз тең таппайбыз оң.

Билбеймин эмнеликтен, бул тагдырым!
Байланып сени менен калгансыдым!

Бир жол бар хан кызына бара турган,
Билишет ишенимдүү бир нече адам.

Жол билген жер астынан алып барар
Жанагы олжо күңдүн тууганы бар.

Ордумду азыр менин алмашканы
Ошонун келе турган болду маалы.

Эгерде тил табышсаң аны менен,
Эшикти кайтарганга калмын мен... —

Деп сакчы сүйлөп жатып мени карап
Добушка капыс чыккан карады жалт.

О Теңир! Ишенбестен көргөнүмө
Обдулуп туруп калдым каткан тейде.

Ажырап апакемден, түшүп өрткө
Аттанып элди беттеп кетеримде,

Туткунда боордоштор арасында
Туу туткан Арслан-Эр турат мына!

Баа берип жалтанбаган эрдигине
"Бин-Ин" деп Азиз атам атар эле.

Ал сөздүн түп мааниси — чыкчу чанда
Арсланды окшоштурчу кызыл барска.

Апамды жерге берип, күйүп турсам
Арслан кайрат берип минтип айткан:

— Алманбет, кармалбастан бачым кеткин,
Арзыган Ата-Журтка аман жеткин.

Бирибиз калбай тыйпыл кырылганча
Бир дагы куугун өтпөйт сен тарапка.

Үмүттүн бүлбүлдөгөн шамы сенсиң,
Үркөрдөй журтубузга кабар бергин.

Саргайган душманынын туткунунда
Сагынган элди-жерди биз шордууга

Аскалуу Улуу-Тоонун шумкарындай
Артыңа кайтып учуп кел унутпай! —

Деп бая Таш-Калаадан бизди узаткан
Досумду таанып, таштай катып турам.

Ал дагы тааныганын, каны тепкен
Ак саргыл нурдуу жүзү белги берген.

А бирок, ирмем убак экөөбүз тең
Алдырып сезимдерге турган менен,

Каңгайдын сакчысына алдырбай шек
Кайдигер адамдардай көрүндүк тек.

Мен хандай, нөөкөр кулду теңсинбеген
Менсине түр көрсөтүп ага минткем:

— Жашыруун барчу жолду хан кызына
Жоокер кул, билерлигиң дайын мага.

Айтканга көнсөң азыр, калып аман
Аласың акың үчүн не кааласаң.

Айгактык кылып ханга жагам десең
Ажалдын күткөнүн бил экөөңдү тең!

Сакчылык кылып мында тиги калат,
Сепилге жеткиз мени жолду баштап.

Кыз менен сөзгө келсем, мөөрөй бизде
Кымындай жел тийгизбейм экөөңөргө.

Көнбөсө хандын кызы айтканыма
Күнүнүн бүткөнү шол, демек анда.

Каныңа албарсым жууп, экөөңдү тең
Калтырбай хандыгыма ала кетем.

Баш тартсаң жол баштоодон, өз ханыңа
Башыңды алдырамын, бил муну да.

Өткөрбөй убакытты, анда эмесе
Өзүңө ылайыктап кел чечимге! —

Каалоомо көөдөндөгү каршы сүйлөп
Кайгынын көк түтүнүн турдум үйлөп.

Жолуксак өзүбүзчө, кучактап бек
Жытташып алкымдардан ыйлат элек.

Туш келип, тар жол, тайгак кечмеликте,
Турабыз кусалыкты катып ичке.

Түшүнүп абалымды Арслан да
Түнөрүп, сыр алдырбай минтти мага:

— Өлүмдөн коркот дебе, Баатыр, мени!
Өлүкмүн туткун болгон күндөн бери!

Билип кой мына муну тактап даана,
Бириңди бириң жесең, жагат мага!

А бирок, милдетимди так аткарам,
Ала бер, кул башынан пайда тапсаң!

Чын айтсам, хандын эмес, хан кызынын
Чымын да жолотпогон сакчысымын.

Буйругу болбогондо Бурулчанын
Боордош, күткөн кишим болсоң дагын

Сепилде кызга баштап барбай азыр,
Зынданга бут астыңда салып, баатыр,

Канчалык өзүңдү шер сезген менен
Курттарга жем кылмакмын ошол тейден.

Байкоомдо бирок, баатыр, ушул бүгүн
Бактыңдын нур жылдызы тогогон күн.

Анткени Бурулчанын буйругуна
Айтканың келип турат дапдал туура.

"Түш көрдүм аян-сырдуу, кокус бирөө
Түз айтып, тике мага кирем десе,

Өтүнөм, хан ордого билгизбестен,
Өзүмө киргизгиниң, сакчым!" - деген.

Бузбастан Эсенканга берген антым
Буйругун хан кызынын аткарамын.

Жылдызың тогоп турган күн экенин
Жанарак эсиңдеби, эскерткеним?

Болгону буйрук гана аткарып мен
Баатырым, максатыңа жетесиң сен.

Эмнени ойлоп турсаң, бүтөт жакшы,
Эртеңиң эмне берет, билбейм аны.

Күн чукул ушул сөздү эстей турган
Күттүрүп койдум окшойт, жүргүн тууган! —

Кылса да билгизбөөгө канча аракет
Көөдөнүн жарып сөзү "тууганым!" деп

Кылгырып карегинен туздуу жашы
Кызарып буудай жүзү, жол баштады.

Чептеги мунарадан төмөн кеткен,
Чектелүү жандар гана даап кирген,

Жашыруун жолго түшүп жер астында,
Жетелеп Сараламды барам артта.

Карабай бизден бөлөк жан жогуна
Калбайлы чалынып деп кас торуна

Бүлбүлдөп күйгөн шамдын жарыгында
Бараттык батынбай үн чыгарууга.

Төбөсү чамгарактай, капталдары
Түз койгон дубал сымал, кенен дагы

Жашыруун ушул жолду жер астында
Жасады, деп ойлоном, кандай уста.

Белгисиз шол чебердин эмгегине
Баш ийем, таазим кылып өз дилимде.

Абыдан муздак, нымдуу, бирок таза
Адамды тынчтандырган салкын аба,

Караңгы жер астында бул үңкүргө
Каяктан, кантип кирет? дейм ичимде.

Билбеймин канча бастык, бир убакта
Бут койдук күңүрт шоола түшкөн жайга.

Арслан шамды сайып шамдалына,
Алагар жаштуу көзүн бурду мага.

"Кур" жыттап алкымдардан, кучакташып
Кумардан чыкпай бирок ажыраштык.

Арслан каргылданган добуш менен
Акырын үн чыгарып мындай деген:

— Туйгунум, күдөр үзбөй келериңден
Тирүүбүз күтүп жүрдүк үмүт менен.

Бирибиз-бирибизге болуп тирек
Бул күндү жараткандан күттүк тилеп.

Турабыз уу жыландын уюгунда,
Туйгунум, сүйлөөм керек абдан кыска.

Бурулча — боордошум Бирмыскалдан
Бир ирмем жашоосунда белек калган.

Акылы, түс-келбети төп келишкен,
Аккуудай периштенин күткөнү сен!

Аяндуу түш көрүптүр, ошол түштөн
Алмамбет, үйлөнгөнүң билген менен

Ал сенден дагы деле үзбөй үмүт
Аруу дил, астың тосуп, турат күтүп.

Баш тартпайт ал сен үчүн өлүмдөн да,
Баатырым, түз сүйлөгүн, эч алдаба!

Калганы жазуудагы болор нерсе,
Кырааным, бир көрөлү эмне келсе! —

Арслан сөзүн бүтүп, чылк жибектен
Арканды төбөдөгү, тартты ийкем.

Сайраган кушка окшош добуш чыгып
Саалга калгансыды анан тымып.

Аздан соң, кычыраган добуш менен,
Ачылды тушубузда эшик кенен.

Киргенде мунарадан түшсөк төмөн,
Бараттык өйдө чыгып тепкич менен.

Тик тепкич кең бөлмөгө шамдар күйгөн,
Туштап дал алып чыкты те төмөндөн.

Киргенде караңгыдан жарык үйгө
Көздөрүм караңгылай түшкөн эле.

Жарыкка көңгүчөктү, көзүм жумуп,
Жөлөнүп босогого бир аз туруп,

Ким бар деп гүл жыттанган бул бөлмөдө,
Карадым айланама назар бөлө,

Ич жакка кетчү эшиктен бизди беттеп
Иймене басып, сулуу зайып келет.

Тамшанткан сулуулуктан кезиндеги
Таруудай, оң ууртунда кара меңи

Сурмалуу каргат кез, карлыгач каш,
Суйкаган узун бою, колоңдой чач,

Кымча бел, кырчын талдай түз келбети,
Кыярып калса дагы нурдуу бети,

Окшошуп апакеме кеткендиктен,
Ордумда туруп калдым каткан тейден,

Арслан сезбей менин абалымды,
Акырын кубанычтуу добуш салды:

— Сүйүнчү, Айкан эже, зарлап күткөн
Сагынган Туйгунубуз келди элден! —

Шул сөздү Арсландан угар замат,
Шылк этип тиги аял кетти кулап.

Арслан так көтөрүп жерден алып,
Аялга муздак суудан сээп жатып,

Кыйла бир убакытта барып араң,
Кыбырап киргенсиди тигиге жан.

Куюлтуп көздөн жашын, тиктеп мени
Кыймылга келди жансыз эриндери:

— Карындашым, боордошум, медер туткан
Көргөнүм чын-төгүнбү, о Жараткан!?

Кайдагы боордош деп таң калбагың,
Кызымын киндик эжең Үрүлайдан.

Алтынай эжекемден айбыккандан,
Апакем атама да сыр ачпастан,

Синдиси Бурулайым таяжеме,
Билгизбей бактырыптыр жан кишиге.

Атасыз кыз дедирип бой төрөлгөн
Армандуу күңдүн күнүн баштан кечкем.

Күңдөрдөн айырмалуу бирок анан
Көрбөдүм азап-шорду алар тарткан.

Анткени, эч нерседен кемитпестен,
Ардайым кам көрүүчү киндик энең.

Өлчөөсүз түс-келбети Бурулайдын,
Өзүнө бурган белем көөнүн хандын,

Өткүчө бул жалгандан — ордодогу
Олжо күң сулууларга башчы болду.

Кечиргин, боордошум, бул жалганда,
Кемдиги ургаачынын дал ушул да!

Туткундап келген кезде Бирмыскалды,
Тейлеген күң болчумун бул сарайды.

Туткун кыз-сөөгү таза хан тукумдан,
Туюлчу өз кызымдай төрөп алган.

Айжамал периштеме, Эсенкан хан,
Артылып дил-кумары, чын арзыган.

Никелүү аялдары эмес хандын,
Нечен бир олжо күңдөр кызганганын,

Кеп кылып эскерүүгө убакыт тар
Көңүл бур, эң орчундуу сөзүм айтар:

Бири деп көп туткундун — Арсланды
Билбейсиң ким экени теги-жайы.

Алтайлык Чылабанын тукумунан
Ал сенин таятаңа жакын тууган.

Айылын жоо чапканда капилеттен
Ал-күчкө толуп турган курагы экен

Бой бербей душманына — туткундагы
Бошотуп жоо колунан чал-балдарды

Алынып алар үчүн барымтага
Аргасыз түшкөн өзү жоо колуна.

Каниет кылар бирок, тууган элде
Эненин курсагында жаткан бирге

Калды деп уялашым Бекбарс эсен
Каңгайдан кайрып алат өчүн деген

Ондогон жылдар өтүп, каңгай кайра
Ок атып кыргын салган ал айылга.

Берени Бекбарсынын кесип башын,
Бул жолу олжолошот кызын анын

Арслан алтын кенде, айлын чапкан
Аскери жаң-жуңдардын бул аймактан.

Бек кызын олжолошкон — Эсенканга
Беришкен тартуу кылып келип мында.

Булардан кабары жок, алтын кенде
Бекбарсын күтүп Арслан жүргөн эле...

Айрылып киндик эне, өз энеңден,
Ата-журт конушту издеп кеткенде сен,

Арслан алтын кенден келип мында,
Ал анан орток болду ачкан сырга.

Мен дагы көп нерсени ага чейин
Айттым го, караманча билбегеним.

Өлүмүн Үрүлайым, Алтынайдын
Өксүдү укканында Бурулайым.

Көөдөндө каткан сырын далай жылы
Күйүттүн күчү сыртка тээп чыкты.

Бооруна кысып мени, жашын төгүп
Буларды Бурулайым айткан өксүп:

— Келиптир кези сырды ача турган
Кетейин жүгүм жеңил бул жалгандан.

Төрөгөн энең сенин Үрүлайым

Түк билбей өстүң кызым, атаң барын

Аталаш сиңдисисиң Алтынайдын
Айбыгып апаң андан, мен баккамын

Апаңдын сен боюна бүткөн кезде
Алтынай бир нерсени сезген беле

Кызганып атасын ал Үрүлайдан
Көлгө бой таштаарында кармап калган

Алтынай антет деген ой келбестен
Алыптыр бой көтөрүп шордуу эже

Ой-пикирлер