Байтемир Асаналиев. Аз калды
Оюнчук менен коштоштум,
Китеп менен достоштум.
Кызыгына батамын
Түркүн-түркүн жомоктун.
Сүйөм сүрөт тартканды,
Үйрөнүп жүрөм жазганды.
Жетиге толом күзүндө,
Окуурума аз калды.
- Асан Жакшылыков. Эл кенчи
- Автандил Арабаев. Ким экен
- Табылды Муканов. Бейпил түндө, майданда
- Абдрасул Токтомушев. Какшаалдан кат
- Анатай Өмүрканов. Кошуна кыз
Ой-пикирлер