Кирүү

Ач карышкыр

Ач карышкыр

Чоң суунун боюн жеке ээлеп, ошол жерде оюна келгенин кылган, жолукканды тытып, моокусу канган көк жал болуптур. Ошол суунун боюн ээлегенине элүү жыл болот. Бирок топук кылып тойбой, акыры "ач карышкыр" деген атка конуптур.
Күндөрдүн биринде жортуп келатып, Карышкыр канаты сынган Карчыгага кезикти. Кубанычы койнуна батпай:
-Ой, мен сени жеймин!-деди.
-Эмне үчүн, Каке?
-Курсагым ачка, таппадым сенден башка,-деди Карышкыр тилин салаңдатып, шилекейин агызып.
Андай кылба. Каке, мени жегениң менен карыныңа как, жумуруңа жук болбойм. Карап көрсөң, аркайган гана сөөгүм турат. Мындан ары барсаң, тээтиги дөбөдө узундугу бир кулач чучук жатат. Ошону жесең оюңча тойбойсуңбу?- деди Карчыга.
-Эмесе макул,-деди да, Карышкыр желген бойдон дөбөгө чыгып барды. Айтканындай эле бир кулач чучук жаткан экен. Аны көрө сала:
-Ой, Узун Чучук, араң жеттим чуркап-учуп, мен сени жеймин,-деди.
-Эмне үчүн жейсиң?
-Курсагым ачка, буюрбаптыр сенден башка,- деп Карышкыр тилин саландатып шилекейин агызды.
-Жоок, Каке, мени жегениң менен тишиңе тыгын да болбойм. Андан көрө тетиги кырды ашсаң, ак улак жүрөт. Ошону жесең капшытың чыкпайбы!
Муну укканда карышкыр ичинен кымындай түшүп, желип-жортуп кырды ашып, улакка кандай жеткенин өзү да билбей калды:
- Ой Улак, мен сени жеймин.
- Эмне үчүн?
- Курсагым ачка, буюрбады сенден башка!
- Жоок, Каке, мени жебе!.. Керчү кандай арыкмын, этим көк жашык, каным бир кашык. Мени жегениң менен тойбойсуң. Мына бул тоонун ары жагында Чоң Кара Эчки бар! Ал семиз, ошону жесең жыргабайсыңбы,-деди улак чепилдеп.
Ач Карышкыр макул болуп, куйругун көтөрүп алып, даң салган бойдон тоону ашып, Чоң Кара Эчкиге барды:
-Ой, Эчки, мен сени жеймин!
-Эмне үчүн?
-Курсагым ачка, буюрбады сенден башка!
-Мен бир жегенден чыкпайм, эртең дагы тамак издемек белең!.. Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып жатат. Аны үч-төрт күн оокат кылбайсынбы!
-Сеники ырас,-деди да, ач Карышкыр желе-жорто өзөнгө келди. Боз Бээни көргөндө көзү кызарып, шилекейи агып, "эми муну жеймин" деп сүйүндү.
-Ой, Боз Бээ, мен сени жеймин.
- Эмне үчүн?
- Курсагым ачка, ылайыктуу жок башка.
Эмесе жакшы болуптур... Оболу мени баткактан чыгарып, анан жегин...
Карышкыр макул болду да, Боз Бээни араңдан-зорго баткактан сүйрөп чыгып:
-Эми жейинби?-деп тиштерин арсайтты.
-Эми жейсиң, бирок сен оболу менин туягыма өзүндүн ким экенинди жазып коюп, анаң жегин,-деп Бээ туягын тосту.
Туягына кат жазып жаткан кезинде, Боз Бээ кош аяктап жыга тепти да, өзү оюн салган бойдон жөнөп кетти. Ач карышкыр ордунан туруп, сендиректеп басып, арманын айтып баратты:
"Карчыганы жебеген
Кайран башым,
Кулач чучук жебеген
Курган башым,
Ак улакты жебеген
Аңкоо башым,
Кара эчкини жебеген
Каткан башым,
Балчыктай байтал суурган
Балбан башым,
Таманына кат жазган
Молдо башым,
Тарс эттире тептирип
Өлүп кала жаздаган
О-олдо башым!"

Ошондон кийин карышкырдын башындагы жарасы бат эле кабылдап, көп узабай өлүп калган экен.

Ой-пикирлер