Учуул
Үч аял булактын башында маектешип отурушкан эле. Бир аз илгериде бир карью киши аялдардын өз балдарын мактагандарын угуп отурду. Аялдардын бири: Менин уулум ушунчалык жөндөмдүү. Ага бул жагынан эч ким тең келбейт. Өтө ийкемдүү. Жиптин үстүндө ойногонун бир көрсөңөр, дейт. Аны уккан берки аял сөз талашып: Менин уулумдун үнүн бир уксаңар, булбул биякта эле калат. Дүйнөдө анын үнүндөй үн жок болсо керек. Кудайдын бергени бу... Булар минтип мактанып атышканда үчүнчү аял үнүн чыгарган жок. Аялдар андан: Сен эмне баланды айтып мактабайсың? Анын эмнеси бар? деп сурашат. Анда тигил аял: Баламын бир артыкчылыгы жок. Жөн эле мактай беремби. Анчалык мактоого татырлык тарабын көрбөдүм... Аялдар ошентип, чакаларды араң көтөрүп, анда-саңда тынып, эс алып бара жатышты. Ийиңдери талып чыккан эле. Ушу кезде алдыларынан сөз кылып жаткан уулдары чыгып калды. Биринчи бала дароо колдорунун үстүндө туруп, түркүн-түркүн кыймылдарды жасап жиберди. Аялдар буга маашыр болуп алкап жатышты: Баракелде, өнөрүңө береке!.. Экинчи бала булбулдукундай мукам үнү менен созолонтуп бир ырдады дейсиң, аялдардын көздөрүнө жаш толуп, шыпшынып тыңдашты. Акыркы бала жүгүрүп келип, энесинин колунан чаканы шшп, үйүнө көтөрүп кетти. Аялдар баятан бери карап турган йксакалга кайрылып: Балдарыбыз кандай экен? дешти. Карыя чочугансып: Баддарыңарбы? Мен аларды көргөн жокмун. Бир эле бала кордүм. Энесинин колунан чакасын алып үйүнө кетти. Аны сурасаңар, абдан жактырдым...