Кирүү

Сагынбайдын уулу

Аманкул Москвадан келатыптыр деп угуп, алдынан тосуп чыктык. Кантип тоспой коёсуң, анда Москва эмес, Фрунзеге барып келген адамды укмуш көрчүбүз. Баягы Аманкул жок, жарашыктуу агыш боз костюм шым кийип, колуна кичинекей кара чабадан кармап алган, тим эле укмуш супсулуу бала болуп калыптыр. Ансыз да көздөрү жайнаган, ак саргылынан келген сулуу бала болчу. Сакемди көргөндөр "Аманкул атасына куюп койгондой окшош" — деп айтышчу. Көрсө ал 1939жылы Манас айта коюм деп, солдаттардын уйкусун бузуп, наряд алып бир апта "эс алууда" жатып "сергип" чыктым. Аманкулдун 1945жылы сентябрь айында жазган: "Согуш бүттү. Буюрса, барып калам" деген каты акыркы каты экендигин Зайнап апа 1954жылы гана билип, көкүрөгү өрттөнүп, көптөн кийин көксөсү сууйт. Аны менен армияда чогуу болгон Султан аке Зайнап апага уулунун курман болгонун батынып айта албай коёт. Акыры ал Үсөнбай, Эсенбайлар менен кеңешип Аманкулду угузушуптур. Кайгылуу окуяга күбө болгон Султан аке мындай дейт:

Аманкул армияга барганда алтыжетидей ай өтпөй эле аскердик оркестрге кирип кетти. Сурнай тартып көбүнчө гарнизондо болот. Такай жолугушуп жүрдүк. Ошондо айтып калчу: "Буулугуп бүттүм. АлаТоомо аманэсен жетип, "Семетейди" айтып, буулуккан черимди жазаар бекемин? Кээде уйкум качып, күтүрөп келип калышкан чоролордун дабышын угуп чыгам. Кызык, Ыраакы Чыгышта булар эмне жүрүшөт деп ойлоп коём". Акыркы жолу мен ага Харбинден жолуктум. Согуш бүтүп, сентябрдын аягы болуп калган. Биздин аскердик бөлүк япондук баскынчылардын акыркы бандаларын кууп, Кытайдын Медедцьянь деген шаарчасында жайгашып турушкан. Кечке маал болсо керек эле, жердеш экенибизди билгендерден го, энтеңдеген эле бирөө жетип келип: сенин сурнайчы досуңду өлтүрүп кетишиптир, алып келишти дейт. Уккан кулагыма ишенбей дел болуп туруп калыпмын. "Согуш бүтпөдү беле, бул эмне деген бейажал?" Эсимди жыйып, частка жетип келдим. Баягы Аманкул жок, балбылдап жанган көздөрү жумулуу, үстүнө шинель жаап коюшуптур, суйкайып супсулуу болуп жатат. Ичим чок түшкөндөй өрттөнүп, жаш баладай сыздап ыйладым. Көмгөнгө колум барбайт. Акыры досумду өзүм узатып, түбөлүк жайга жашырдым. Көрсө, окуя мындай болуптур. Согуш бүткөнү менен токой ичи бандалардан арыла элек экен. Аманкул буйрукту аткарып, бейкапар араба айдап келаткан болот. Капыстан урулган бычак далыга таамай тиет. Доктурлардын айтуусунда караганда андан деле эчтеме болмок эмес экен. Жыгыла бергенде арабадагы урчук жыгач курсагын жарып кетип, ошондон жан бериптир. Кайран жигит! Ошентип элине кайтпай, Манасын айтпай калды.

Каныбек Жунушев

Ой-пикирлер