Кирүү

Программалоо тилдери

Программалоо тилдери

Эсептөө машиналарында маалыматтарды жана аларды иштетүү алгоритмдерин баяндап жазууга багытталып, адам менен эсептөө машиналарын байланыштырып турган формалдуу тил. Программалоо тилдери өзүлөрүнүн синтаксиси менен семантикасы, башкача айтканда эрежелердин тобу менен берилет. Эрежелер программаны жазуу үчүн кандай түрдөгү сүйлөмдү колдонууга болорун жана анын аракет мааниси эмнеде турарын билгизет. Программалоо тилдеринин теориялык негизин алгоритм тили түзөт. Азыркы учурдагы программалоо тилдери үч класска бөлүнөт: 1.Машинага багытталган; 2.Процедурага багытталган; 3.Проблемага багытталган. Программалоо тилдеринин негизги кызматы программалоонун каражаты болуу, башкача айтканда ЭЭМде аткарылуучу программаларды калыптандыруу. Кеңири таралган программалоо тилдерине Алгол, Паскаль, Бейсик жана башка тилдер кирет. Бейсик- программалоо тили. Ал баштапкы информациялары анча чоң болбогон түрдүү эсеп жана эсеп эмес маселелерди чыгарууга багытталган. Бейсик башталгычтар үчүн символ инструкциялуу көп максаттуу тил деген англис сөзүнүн баш тамгаларынан түзүлгөн. Бейсик тили диолог системаларында көбүрөөк колдонулат. Алгол- программалоо тили. Электрондук цифралуу эсептөөчү машиналарда программалоого ыңгайлаштырган бир катар алгоритм тилдеринин кыскача айтылышы. Алголдун негизги символдоруна (алфавитине) ондук сандар, латын алфавити, тыныш белгилери, математикалык жана логикалык амалдардын белгилери (+,-,/, ж.б) жана бир катар алглис сөздөрү кирет.

Ой-пикирлер