Кирүү

Интернет жана дүйнөлүк тармак менен байланышуу

Интернет жана дүйнөлүк тармак менен байланышуу

Интернет менен байланышуу үч жол менен аткарылат. Биринчиси, окуу жай же иш, экинчиси, интерактивдүү тейлөө, үчүнчүсү Интернет кызматын сунуш кылгандар аркылуу. Окуу жай же кызмат аркылуу: окуу жайлардын жана мекемелердин көбү Интернетке байланышкандыктан, алар аркылуу колдонуучулардын көбү байланышат. Интерактивдүү тейлөө аркылуу: Интерактивдүү кызматтарды сунуш кылган фирмалардын көбү Интернет кызматтарын сунуш кылышат. Интерактивдүү тейлөө сунуш кылган кызмат Интернетте иштей баштагандар үчүн мыкты жол. Мындай жол Интернетке провайдер аркылуу байланышууга караганда төөлмү төмөн турат. Интернет кызматын сунуш кылгандар аркылуу: Интернет кызматын сунуш кылгандар белгилүү бир акыга Интернет менен убактылуу байланышты камсыз кылат. Төлөм Интернетте иштөөнүн чектелген убактысы үчүн жүргүзүлөт, демейде, айына 100 саатка чейин берилет. Бул убакыттан ашып кетсе, анда абонент кошумча төлөйт. Кыргызстанда Элкат, Изия Инфо ж.б. ISP бар. Алардын кызматын пайдалангандар менен маектешип бул фирмалардын кайсынысы сапаттуу кызмат сунуш кылаарын билип алсаңар болот. Зарыл жабдууларды алуу. Интернет менен иштөө үчүн жок дегенде компьютер, модем жана телефон линиясы зарыл. Эгерде маалыматтарды басып чыгаруу керек болсо, анда кошумча принтер талап кылынат. Компьютердин, модемдин жана телефон линиясынын ылдамдыгы маалыматтарга кайрылуу жана бөлүп алуу тездигине таасир тийгизет. Копьютерди иштетүү системинин эскилиги эки жылдан ашпоого тийиш, эгерде андан көп болсо, анда провайдерлерден кеңеш алуу сунуш кылынат. Сандык телефон линияларынын, ылдамдыгы аналогдук линияларга караганда төрт эсе жогору. Ошондой эле модемдин ылдамдыгы да тиешелүү мааниге ээ. Зарыл програмдык жабдык алуу. ISP аркылуу Интернет жана дүйнөлүк тармакка кайрылуу жок дегенде програмдык жабдыктын эки пакети аркылуу аткарылат. 1. байланыш програмы; 2. тармак терезесин кароо програмы. Интернет кызматтарынын программдык жабдыктары колдонуучунун каалоосу менен сатып алынат, бирок тармак терезесин кароо програмдык жабдыктарынын көбү бул програмдардын көпчүлүгүн же баарын камтыйт.

Ой-пикирлер