Кирүү

Насыят. Ниязаалы молдо Эсенгул уулу

Жандын баары куу болду.
Карыз берүүчү азамат,
Аагына жетпей суу болду.
Акыр заман болот деп,
Айтуучу эле илгери.
Олуя өткөн адамга,
Алла өзү жылдырды.
Көрүп жүрөт көзүбүз,
Нечен түркүн элдерди.
Манабына букара,
Балапанча жем берди.
Баарыбызды каратты,
Теңдеши жок бир кудай.
Ооз, жаак, тил берип,
Бизди кылды сөзгө бай.
Оокатына бергени,
Бирөөгө жарма, бозо, чай.
Жылдын жарымын кыш кылып,
Жана кылды жарымын — жай.

Элеттен көрдү пайданы,
Дунган, орус, сарт, ногой.
Элеттин эси жок экен,
Эч пайдасын биле албай.

Жайдан кышка ажаттуу,
Жан айласын кыла албай.
Шарыяттан кеп алып,
Акырет ишин туя албай,
Акылынын жогунан.
Капыл өтөт дүйнөдөн,
Акырет ишин туялбай.
Басып жүрөт жаштары,
Пайдасына карабай.
Күндүзгү оюн-кумары,
Кечке калат тарабай.
Бекерге өтөт өмүрү,
Эч ишине жарабай.

Жандууларды тирүү койбой,
Жалмайды экен дүнүйө.
Аңдап туруп карасам,
Баарын бирдей санасам,
Көздү жуумп-ачканча,
Кетет экен дүнүйө.
Жармачтарга жай бербей,
Жакшыларың жалманды.
Каякта залим көбөйүп,
Кетирди журттан амалды.
"Акча-тыйын бергин" деп,
Ыстарчын кылды жаңжалды.
Колунда жок бакырда,
Чыкпаган кызыл жан калды.
Айтайын дүйнө жаланын,
Адамдарды зор кыльш,
Артта өзү калганын.
Дүнүйө деп жүгүрүп,
Пенденин буту талганын.
Акыреттен жаңылтып,
Азаптуу жолго салганын.

Көрбөйсүңбү замандын,
Жылдан жылга тарганын.
Үстүнөн чөбү суюлуп,
Кара жердин арганын.

Айта берсе түгөнгүс,
Арман экен дүнүйө.
Бардыгынын түбү жок,
Жалган экен дүнүйө.

Жандууларды тирүү койбой,
Жалмайды экен дүнүйө,
Кары-жашың менмин деп,
Жандайт экен дүнүйө.
Жан бергенде жаныңда,
Калбайт экен дүнүйө.

Адаштырып кишини,
Аңдыйт экен дүнүйө.
Караңгы көрдүн жанында,
Болбойт экен дүнүйө.
Барчаны алдап түбүнө,
Жетет экен дүнүйө.
Муратына жеткизбей,
Кетет экен дүнүйө.
Жаның барда сүйлөбө,
Ушак, айың, жалганды.
Ажал айың койгон жок,
Кудай шери атанган,

Байгамбардан бата алган,
Аалы сындуу балбанды.
Ушу жалган дүйнөгө,
Кимдер келип, кетпеген.

Бактылуу болор азамат,
Бала экенде көппөгөн.

Асман жерди жаратты,
Учар менен тынардан.
Ар кайсы жанды бар этти,
Кадырлыгын билдирип,
Каапыр, момун — баарысын,
Бир адамдан таратты.

Жаратты кудай асманды,
Кара жердин бетине,
Аягы менен басканды.

Китеп ачып карасак,
Көр ичинде көп азап,
Көргөндөрдү көрөбүз.
Ушул айткан өлүмдөн,
Качып пенде кутулбайт,
Карыбыз түгүл төрөбүз.
Мусулмандын баласы
Ойлосо экен өлүмдү,
Кадыр кудай сен агарт,
Кара болгон көңүлдү.

Ар пенденин мойнуна,
Айбын алла жүктөгөн.
Кыл сыяктан өтпөсө,
Пенденин иши бүтпөгөн.

Бактылуу жан кылыпсың,
Мукамбеттин үмөтүн.
Кезгө көркөм кылыпсың,
Дин исламдын келбетин.

Келтирипсиң тилимди,
Сенден башка кудайым,
Сыйынамьн кимиңе?
Кай кишини тойбогон,
Бакыр кылды кудайым.
Бирди — момун, бирөөнү —
Капыр кылды кудайым.

Ой-пикирлер