Кирүү

Наабат

Наабат

Илгери бир өткөн заманда Азил деген кан өзүнүн акылдуулугу менен элин жакшы башкарып, бейпил убак менен эли куунап-жыргап бир нече жыл жашаптыр. Бирок, оп тартканда үйдөй таштарды жутуп алуучу ажыдаар сууну бөгөп жатып алат. Ал эми ажыдаардын өзүнүн шарты боюнча күнүгө бир кыз бербесе суу берүүчү эмес экен.
Күндөрдүн биринде кезек Азил кандын улуу кызына келет. Кан элин чогултуп:
-Калайык-калк, ушул ажыдаардан куткаруучу күч элдин арасынан чыкпайт бекен? Эгерде кимде ким ажыдаардан өз элин куткарып алса каалаганын орундатам. Мейли кандыгымды алсын же үч кызымдын жактырганын алсын, мен сөзсүз убадамды орундатам. Кана, ким барып берет, элимдин керегине-дейт.
-Мен!-деп кылычын көтөрүп Наабат деген жигит кандын астына келет.
Наабатка көпчүлүк эл батасын берип, ажыдаарга жиберишет. Наабат үйүнө келип энесинен кыздын кийимин таптырып, кызча кийинип ажыдаарга барат. Ажыдаар оп тартканда Наабат кылычын көкүрөгүнө такап кармай салып, ажыдаарды экиге бөлүп салат. Жалаң ажыдаардын каны суу менен эки күн, эки түн агып, араң дегенде суу тазаланат.
Наабат канга келип, таазим кылат.
Ошондо кан:
-Кана уулум, эмнени каалайсың?
-Таксыр каным, сиздин үч кызыңыз бар экен. Биз үч бир тууганбыз. Айып этпесеңиз үч кызыңызды бизге бериңиз.
-Болуптур, уулум, жакшы болот.
Ошентип кандын ордосунда кырк күнү-түнү менен той болуп, кыздары турмушка чыгат.
Бул жыргалдуу турмуш, көпкө узабайт. Анткени Ак дөө, Кара дөө деген чыгып, элдин байлыгын, мал-салын талап ала баштайт.
Кан элге дагы кайрылат:
-Буга менин кичүү күйөөм жана ага кошулуп эки күйөө балам барып дөөлөрдү өлтүрүп мал-салды кайрып келишсин,-деп кан буйрук кылат.
Ошентип үч бир тууган сапарга аттанат. Эки улуусу кетет. Ал эми Наабат эки күндөн кийин барса, эки агасы жолдук азыгы түгөнүп, малдын кыгын талашып жатышкан экен. Наабат өзүнүн тамагынан берип, эки агасын калтырып, өзү жалгыз жортуулга жөнөйт.
-Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп тогуз канат өргөгө келет. Ага кирип барса, бир кемпир отурган экен. Ал:
-Кел балам, жол болсун! Бизге адам эмес, чымын учуп келчү эмес эле, өлгөнү келген турбайсыңбы. Азыр менин уулум келип сенин сазайыңды берет,-дейт.
Көрсө, бул баягы Ак дөөнүн энеси экен. Наабат:
-Балаң кайда жүрөт?-деп сураса, кемпир:
-Айтпаймын эле, айтпаймын,-деп Наабатты жулмалап баштайт. Наабат кемпирди чачынан кармап туруп чапканда бакырып ыйлап:
- Өлтүрбө эле, өлтүрбө, жанымды кой,-деп жалынат. Ошондо Наабат:
-Андай болсо Ак дөөнүн кайда экенин айтып бер,-дейт.
-Ал ууга кетти эле, келээр маалы болуп калды. Жолу болсо тайгандары кубалашып келет, жолу болбой калса, тайгандары бөлөк-бөлөк келишет,-дейт кемпир.
Аңгыча болбой тайгандар желип-жортуп өз-өзүнчө келишет. Дөөнүн келерин билип, Наабат жолунан тосуп чыгат.
-Кана дөөм, биздин элдин мал-салын алган сенсиңби?
-Ооба.
-Андай болсо мен сени менен кармашканы келдим.
-Кармашса кармашалы. Ошентип Наабат менен дөө үч күн, үч түн кармашат. Дөө Наабатты көтөрүп урганда, кызыл ашыгына чейин жерге кирип кетет. Наабат кайра оңдонуп дагы үч күн, үч түн кармашып, дөөнү мүдүрүлтүп жерге жыгып, кылыч менен жарып салат.
Андан ары жүрүп отуруп, жүрүп отуруп дагы бир тогуз канат ак өргөөгө кез болот. Ага кирип барса, бир сулуу келин ыйлап олтурат. Келиндин жөн-жайын сураса, ал:
- Кара дөө мени туткундаганына бир нече жыл болду. Элиме жете албай зарлап жүрөм. Кара дөө эртең менен кетип, кечинде келет. Ал келгенче мен тамагын жасап, оокатын кылып отурам. Бул жерге келген адам кайра айланып элине жетпейт. Кара дөө нечен, нечен мыкты жигиттерди өлтүрүп, сөөгүн сөпөт, устаканын упат кылды. Кайдан келе жатасың? Кокуй, Кара дөө келээр маалы болуп калды, бул жерден батыраак кет, сени өлтүрүп койбосун,-дейт.
Наабат:
- Коркпо, мен азыр эле Ак дөөнү жайлап келдим, мунун дагы айласын табам,-деп Кара дөөнүн келер жолун тосуп жашынып жатат.
Бир убакта Кара дөө күшүлдөп-бышылдап келет. Наабат муну да чекеге атып өлтүрүп, талап алган малын, баягы келинди, эки агасын ээрчитип элине келет. Ошентип кайрадан эл жыргалдуу турмушта жашап калган экен.

Ой-пикирлер