Монумент өнөрү
Монумент өнөрү- архитектуралык курулуштарды идеялык-көркөмдүк жагынан толуктап турган пластикалык өнөрдүн түрү. Монумент өнөрүнө эстетикалык, монументтер жана имараттардын живопистик, мозаикалык, ошондой эле скульптуралык жактан көркөмдөлүшү кирет. Көтөрүңкү пафостуу идеяларды туюнтуу монумент өнөрүнө мүнөздүү болгондуктан анын сүрөттөмө каражаттарындагы ашкере масштабдуулук да дал ушул өзгөчөлүк менен шартталган. Мисалы, Ватикан сарайындагы Рафаэлдин фрескалары же Микеланжелонун Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөрү. Социалдык коомдо монумент өнөрү өзүнө чейинки бардык алдыңкы саамалыктарды чыгырмачылык менен өздөштүрүп, ошол эле соңку гумандуулуктун идеяларын өз каражаттары аркылуу көркөм чагылдырууга багытталган. 1918-жылы монументке чоң мани берилип, скульпторлор: Н.А.Андреев, В.И.Мухина, И.Д.Шадр, М.Г.Манизер; живописчилер: Е.Е.Лансере, В.А.Фаворский, А.А.Дейнека жана башкалар жемиштүү эмгектенишкен.
Кыргызстанда монумент өнөрү боюнча 60-жылдарда Т.Садыков (З.Кайназарованын бюсту, гранит, архитектор В.Курбатов), З.А.Хабибулин (М.В.Фрунзенин мемориал музейинин рельефи, А.Ф.Воронин, А.Н.Каменский, С.Бакашев менен бирге), А.Мухитдинов (Д.Шопоковдун бюсту, З.А.Хабибулин менен бирге) сыяктуу жөндөмдүү скульптор-монументчилер эмгектенишкен.