Кирүү

Фотомонтаж деген эмне?

Фотомонтаж деген эмне?

Фотомонтаж(фото жана монтаж)- бир нече негативден бир сүрөт чыгаруу методу. Фотомонтаж плакат, реклама, фотошарждарды даярдоодо колдонулат. Кээде фотомонтаждарда графикалык материалдар да пайдаланылат. Фотомонтажды механикалык жол менен жасоодо фотосүрөттөрдөн керектүү бөлүктөрүн оюп, кесип алып, кагазга чаптап, ретуштап кайра тартат. Фотомонтажда проекциялык ыкма менен жасоодо фотокагаздын бетине бир нече негативдин керектүү жерлеринин сүрөттөрү ирети менен түшүрүлүп алынат. Белгилүү фотомонтажчылар: А.С.Житомирский, В.Б.Корецкий ж.б.

Ой-пикирлер