Кирүү

Кыргызстандын жаратылышы

Кыргызстандын жаратылышы

Республиканын аймагында чокусун кар менен мөңгү каптаган бийик тоолор тоо ылдый аккан мөлтүр суулар, көлдөр ар кыл токойлор, шалбаалар менен талаалар, табигый жайыттар менен ар кандай кен байлыктар жайгашкан. Алар эл чарбасынын ар түрдүү тармактарын өнүктүрүүгө негиз болот. Ал эми жаратылыш деген бири-бири менен тыгыз байланышкан, бири-бирине көз каранды компоненттерден турган бирдиктүү организм. Ал организмдин туура багытта өсүп-өнүгүшү ошол жерде жашаган адам баласынын иш-аракеттерине байланыштуу болот. Ошондуктан ар бир адамдын, өзгөчө өсүп келе жаткан жаш муундардын өз мекенин таанып-билүүсү, жаратылышын коргоосу, анын өсүп-өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн жакшылап үйрөнүүсү зарыл.

Адам баласы өз жашоосун камсыз кылуу үчүн жаратылыш байлыктарын пайдалануу менен чарба жүргүзөт. Кыргызстан Борбордук Азиянын чордонунда, улуу Жибек жолунун башкы багытында, Эвропаны Азия менен байланыштырган байыртадан берки тогуз жолдун тоомунда, дүйнөлүк диндин жана маданияттын, көптөгөн мамлекеттердин геосаясаттык кызыкчылыктарынын тутумунда жайгашкан.

Кыргызстандын аймагына келип иштеген саякатчылардын, илимпоздордун жердин шартын жакшы билген инсандардын жардамысыз ишин ийгиликтүү аякташы күмөн.

Ой-пикирлер