Кирүү

Кулмурза менен ак-саткын

Экөөбүз — экөө болгону, досум,
Экөөбүз атка конгону, досум,
Абал бир баар — жаз эле, досум,
Адыр-түз лала саз1 эле, досум.
Жазыбыз жаңы болгондо, досум,
Жаңылап журтка конгондо, досум.
Кулмурза — өзүң, Саткын — мен, досум.
Кумары болуп таптың сен, досум.
Бой жоткеи кезим буралып, досум,
Боз жигит элең сыланып, досум.
Айылга келсең ар качан, досум.
Айбыгып жүргөм уялып, досум.
Байлануу атың чеччүүсүң, досум,
Батыша албай кетчүүсүң, досум.
Ырдаган доошуң укчумун, досум,
Ыргалып үйдөн чыкчумун, досум.
Айылдын үстү Ак-Мойнок, досум,
Ак-Мойнок ылдый түшчүүсүң, досум,
Айран бир куйсам, иччүүсүң, досум.
Кыштоонун үстү кыраң бел, досум,
Кыраң бел менен түшчүүсүң, досум,
Кымыз бир куйсам, иччүүсүң, досум.
Сыртымдан сүйүп сен жүрдүң, досум,
Сызылып күйүп мен жүрдүм, досум.
Алыстан сүйүп сен жүрдүң, досум,
Астыртан күйүп мен жүрдүм, досум.
Айылга келсең, кетпейсиц, досум,
Ак-Саткын кызды эстейсиң, досум,
Айласын таап жетпейсиң, досум.
Короого келсең, кетпейсиң, досум,
Көрүнөө мени эстейсиң, досум,
Көңүлүң тартат, жетпейсиң, досум.
Азада боюң тарайсың, досум.
Адырдан тиктеп карайсың, досум.
Кыргыйдай боюң тарайсың, досум,
Кыраңдап тиктеп карайсың, досум.
Алтындап түймө бүчүңдө, досум,
Айталбай сырың ичиңде, досум.

Торгойлор сайрап шаңданып, досум,
Топ айыл көчтү камданып, досум.
Булбулдар сайрап шаңданып, досум,
Бул айыл көчтү камданып, досум.
Атакем кеткен журт чалып, досум,
Агайым кеткен куш салып, досум.
Баштаган көчтү энекем, досум,
Оргосу көчтүн жеңекем, досум,
Кийини көчтүн мен элем, досум.
Алдыңкы төөм бакырчаак, досум,
Арттагы төөм тартынчаак, досум,
Ортосу эле нартайлак, досум.
Нартайлак жүгү ооптур, досум,
Оңдошуп койсоң сооптур, досум.
Оогон бир жүккө карабай, досум,
Оолжуй карап өтөрдө, досум;
Жыгылган жүккө карабай, досум,
Жылмая карап өтөрдө, досум:
— Арканым алып тартып, бер, – дедим,
— Атанга жүгүм артып бер, – дедим,
— Ашыглык сырын айтып бер, – дедим,
— Ата-энем жокто кайтып кел, — дедим.
— Кайрылбай кете бербе сен, – дедим,
—Кадырың билер Саткын мен? — дедим.
Арканым алып тартыштың, досум,
Атанга жүгүм артыштың, досум.
Жүктөшүп жатып жүгүмдү, досум,
Жүзүмө көзүң тигилди, досум...
Төөлөрдү тартып мен кеттим, досум,
Дөбөдөн ашып сен кеттиң, досум.
Улуу-Чат конуш жерибиз, досум,
Үшкүрөт мендей теңиңиз, досум.
Таш-Булак конуш жерибиз, досум,
Дак болду мендей теңиңиз, досум.

Ач бөрү сымал карадың, досум.
Кыз башым менен мен шордуу, досум,
Кызыгың кантип танамын, досум.
Айылдан чыкпай айландың, досум,
Ашыглык жипке байландың, досум.
Короодон узай берерде, досум,
Койкоё калып карадың, досум.
Куткарбас болду жаш жанды, досум,
Күн нуру тамган жамалың, досум.
Кырандан аша берерде, досум,
Кылчайып туруп карадың, досум.
Кызыглык иши шул беле, досум?
Кыялын кыздын камадың, досум.

Куптанда келдиң жылгалап, досум,
Кундуздан бөркүң булгалап, досум.
Караңгы келдиң жылгалап, досум,
Кара бир бөркүң булгалап, досум.
Суу ылдый барып кеңештик, досум,
Султан бир бойду теңештик, досум.
Өзөндү бойлоп кеңештик, досум,
Өктөм бир бойду теңештик, досум.
— Дүйшөмбү күнү түнүндө, досум,
Түн кире элек күүгүмдө, досум,
Жумабай тойлоп келет,– деп, досум,
Жыйылган жаштар көрөт,– деп, досум,
Ышкысыз жандар барбайт,– деп, досум,
Ышкылуу жаштар калбайт,– деп, досум,
Көксөө бир чалдар барбайт,– деп, досум,
Көңүлүн эч ким салбайт,– дсп, досум;
Ошол бир тойго кел дедиң, досум,
Оюна албайт эл дедиң, досум.
Убада-шертти бир кылдык, досум,
Убайсыз кечти гүл кылдык, досум.
Негедир көңүл тынган жок, досум,
Нечен ой баштан жылган жок, досум.
Кезегин күтүп кеп айттым, досум,
Кеңешим уккун деп айттым, досум:
Кыздардын менмин тунугу, досум,
Жигиттин сенсиң сылыгы, досум.
Чыр-чатак болсо эл туят, досум,
Чартарап баары тең туят, досум.
Отоолуу кызмын мага уят, досум,
Олуттуу жигит сага уят, досум.
Топ-тобу менен мал алып, досум,
Топуга сузуп зар алып, досум,
Короосу менен мал алып, досум,
Куржунга шыкап зар алып, досум,
Кудалап койгон жерим бар, досум,
Куураган куу баш теңим бар, досум.
Атакем ач көз — мал жандуу, досум,
Агамдар болсо — зор жандуу, досум,
Адамды малга алмашты, досум,
Артымдан түшүп пайлашты, досум.
Билинип калса кармашат, досум,
Бейсаат ажал жармашат, досум.
Экчелген жорго минели, досум,
Эл туйбас болуп жүрөлү, досум.
Карагер жорго минели, досум,
Калк туйбас болуп жүрөлү, досум.
Калкка бир бүлүк кылбайлы, досум,
Катуу бир шерттен жылбайлы, досум.
Элге бир бүлүк кылбайлы, досум,
Экөөбүз шерттен жылбайлы, досум.
Каламы көйнөк жолжолум, досум,
Кашаттын башы — болжолум, досум.
Кататка ошол келбесең, досум,
Кайрылгыс болуп коткениң, досум,
Кара көз кыздан кечкениң, досум.
Бурама көйнөк жолжолум, досум,
Булактын бою — болжолум, досум.
Булакка ошол келбесең, досум,
Бурулгус болуп коткениң, досум,
Бото көз кыздан кечкениң, досум.
Суйсалып жондо олоң чач, досум,
Сулуу бир кыздар калам каш, досум.
Калам каш кызга келбеген, досум,
Кандай бир жандын боору таш, досум?!
Ои жети барды биздин жаш, досум,
Он сегиз ашты сиздин жаш, досум.
Той күнү сени көрбөсөм, досум,
Толкуп бир агар көздөн жаш, досум.

Жаныма карай сойлодуң, досум.
Туруп кет десем, чыкпадың, досум,
Турмак бир түгүл, укпадың, досум,
Түн жарым оой уктадың, досум.
Укмуштуу түштөр... толгондум, досум,
Уйкумдан чочуп ойгондум, досум.
Эшикке келди бир шыбырт, досум,
Эчки-мал бекен деп жаттым, досум,
Эч күмөн кылбай тек жаттым, досум.
Короого келди кош шыбырт, досум,
Козу-мал бекен деп жаттым, досум,
Козголо койбой тек жаттым, досум.
Эчкилер десем — киши экен, досум,
Элиме дайын иш экен, досум.
Козулар десем — киши экен, досум,
Коңшуга дайын иш экен, досум.
Көшүлбөй турчу койнумдан, досум,
Колуңду тартчы мойнумдан, досум.
Короодо экөө кеңешет, досум.
Кош камчы алып ченешет, досум.
Капшытта экөө кеңешет, досум,
Кан жыттуу канжар ченешет, досум.
Жанымдан туруп эрте кет, досум,
Жаныңды сактаар жерге жет, досум.
Абада торгой сайраган, досум,
Адамдар жүрөт пайлаган, досум.
Кор болбой кетчи душманга, досум,
Калбачы мен деп бушманга, досум.
Тараза жылдыз батыптыр, досум,
Таң дагы эчак атыптыр, досум.
Короодо койлор бышкырат, досум,
Кожо акем азан кычкырат, досум.
Койчуман балдар туйбасын, досум,
Туюп бир калып урбасын, досум.
Жылгада жылкы дүбүрөйт, досум,
Жылкычы баддар күбүрөйт, досум.
Жылкычы балдар туйбасын, досум,
Туюп бир калып урбасын, досум.
Абада торгой сайраса, досум,
Ач кыргый алсын дсп жаттың, досум,
Короодо койлор бышкырса, досум,
Ач бөрү жарсын деп жаттың, досум.
Кожо акең азан чакырса, досум,
Көк жөтөл болсун деп жаттың, досум.
Жылгада жылкы дүрбөсө, досум,
Тели деп сойсун деп жаттың, досум.
Тартпадың билек мойнумдан, досум,
Турбадың менин койиумдан, досум.
Эңкейип тиктеп тешиктен, досум,
Эки адам кирди эшиктен, досум.
Босого бойоп ыргыдың, досум,
Мойнуңдан жерге шыргыдың, досум.
Кош камчы тийди сооруңа, досум,
Кош канжар кирди бооруңа, досум.
Ичегиң жерге чубалды, досум,
Ирениң өчүп, кубарды, досум.
Алты адам келди жыйылып, досум,
Азиз жан калды кыйылып, досум.
Агамдар турду сүйлөшүп, досум,
Ар кимге акыл үйрөтүп, досум.
Күл дөбө казып жашырды досум.
Күйүттү шунтип ашырды, досум,
Күйүп бир жаным калбады, досум,
Койгун деп эч ким барбады, досум.
Ар кимдер мсндей айтабы, досум,
Азабың мендей тартабы, досум!
Күйгөндөр мендей айтабы, досум,
Күйүтүң мендей тартабы, досум!
Алтындан терек сен элең, досум,
Алманын гүлү мен элем, досум.
Күмүштөн терек сен элең, досум,
Күнөстүн гүлү мен элем, досум.
Жигиттин гүлү сен элең, досум,
Жийденин гүлү мен элем, досум.
Адамдын гүлү сен элең, досум,
Алчанын гүлү мен элем, досум.
Жайында терек силкинер, досум,
Жалдырап калды селкилер, досум.
Алтын бир терек силкинер, досум,
Азапта калды селкилер, досум.
Алтындан терек ыргалбай калды,
Ачылган гүлдөр ырдалбай калды.
Күмүштөн терек ыргалбай калды,
Гүлдөгөн кыздар ырдалбай калды...
Жоктошуп келди элиңден, досум,
Жогорку айыл жериңден, досум,
Жоктошуп келип тапкан жок, досум,
Жоругу мага жаккан жок, досум.
Сурашып келди элиңден, досум,
Сумсайып калган жериңден, досум.
Сурашып келип тапкан жок, досум,
Сур дөбө казып чапкан жок, досум.
Атакең алып топ атчан элди,
Асылын сурап бүгүн да келди.
Өлтүргөн кимдер, өлгөн ким, досум?
Өлүгүн дөңгө көмгөн ,ким, досум?
Айтайын эми калкыңа, досум,
Ачык бир болсун жалпыга, досум.
Өлгөнүң бүгүн эл билсин, досум,
Өйдөтөн соккон жел билсин, досум.
Ажалың бүгүн эл билсин, досум,
Алыстан соккон жел билсин, досум.
Минген бир атың көк кашка, досум,
Көркөмү малдан бир башка, досум,
Көк атты элге кайтарсын, досум;
Күлпөтүн издеп келгендер, досум,
Күл дөбө казып аңтарсын, досум.
Күл дөбө казса табылат, досум,
Гүлүстөн жүзү жаңырат, доеум,
Кубатым канча ченейин, досум,
Кунуңду бычып берейин, досум:
Алтымыш айып, кунуң жүз, досум.
Аларга кошо сулуу кыз, досум.
Кыз десе элиң — өзүбүз, досум,
Болбосун эки сүзүбүз, досум.
Алманын гүлү күбүлсүн, досум,
Адамдар бизден түңүлсүн, досум.
Жийденин гүлү күбүлсүн, досум,
Жигиттер бизден түңүлсүн, досум.
Талаанын гүлү күбүлсүн, досум,
Тирүүлөр бизден түңүлсүн, досум.
Кун берген атам куурасын, досум,
Кун алган атаң жыргасын, досум.
Кулмурза өлүп, куп болду, элим,
Ак-Саткын экөң жуп болду, элим!
Канжарды уруп Ак-Саткын өлдү,
Курбулук күчтү тургандар көрдү.
Ак шамшаар салып Ак-Саткын өлдү,
Ашыглык күчүн адамдар көрдү.

Ой-пикирлер