Кирүү

Булбул менен торгой (жомок)

Булбул - Баардык жан-жаныбарлардын атасы ким? Аныгын айтып бер. Төмөнкү суроолорго жооп бер? дейт. Энеси ким? Түшүндүрүп чечип бер. Каны, жаны кайсы? Ар жандын өмүрлүк досу ким болот. Аныктап түшүндүр? Ар ким досту таанып күтө билсин, кепкеңешин угуп, ке жирлик кылбай жүрсүн. Адамдын өмүрлүк душманы ким? Түбүнөн түрө түшүн дүрүп айтып бер. Ар ким душманын таанып, жанына жакын барбасын. Билинбей торуна илинип калбасын. Торгой: Ааламга жарык нур берген, кулак берип угузган, тил берип сайраткан, денеге аракет-кыймыл киргизген бар дык жанжаныбарлардын атасы күн. Бешик болуп жай берген, бапестеп багып май берген, эм чегин эмизген, эразамат дегизген энеси жер. Жер болбосо, бешик жок. Бешик эмес, эшик жок.

Чөлдөсө суусун кандырган, кирдесе жууп чайдырган, та мырга тарап жайылган, күч берген, кубат кийирген каны суу. Суусуз чөлдө жан болбойт, жан болсо да ал болбойт. Суулу жерде жемиш көп, жемиштүү жерде жеңиш көп. Демек, жаны аба. Кирбесе аба алың жок. Алың түгүл жаның жок. Ар жандын өмүрлүк досу сабыр. "Сабырдын түбү сары алтын, саргарган жетер муратка, алда кайдан оолугуп, ашыккан калар уятка", деген макалды өткөндөгү атабабаларыбыз мурас кылып калтырган.

Ой-пикирлер