Кирүү

Булардын кайсынысы чоң

Булардын кайсынысы чоң

Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуптур. Өгүздү дайыма өзү бакчу. Күндөрдүн биринде Алабаш узак жолго камынып, улуу баласына: Сен өгүзгө убактысы менен жем-чөп бергин,-деп кичүү баласына:
-А сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,-дейт да, өзү жүрүп кетет.
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума өттү. Сегизинчи күнү өгүз такыр чөп жебей калды.
-Буга эмне болду?. Ылаңдап калдыбы? Сен бирдеме билчү белең?-деп сурады агасы инисинен.
-Жок, муну атам гана билет.
Эки бир тууган жолдун боюнда өткөн-кеткенден өгүз канткенде чөп жей турганын сурай беришти. Күүгүм кире бир абышка өтүп:
-Өгүзүңөр чөп жебесе, суусап калганы ошол, эртең Ала-Көлгө жетелеп барып сугаргыла,-деди.
Атасынын тапшырган ишин аткарбаганын кичүүсү ошондо гана эстеди. Көрсө, өгүз бир жумага чейин суу ичпептир.
Эртеси өгүздү Ала-Көлгө алып барып сугарды эле, ал көлдү бүт ичип койду. Көл таза соолуп калды. Бала бул укмушту агасына айтмак болуп, өгүздү ошол жерде таштады да, өзү үйгө жүгүрдү.
Соолгон көлдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты.
Ал аккан суу асканын түбүндө уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: "Күн азыр ачык эмес беле" деп күндү караса, көзүнө эмнедир бир неме түшүп кеткен сыяктанды. Абышка үйүнө келип, көзүн кызына каратты. Кызы ары карап, бери карап көзүнүн кычыгынан бир нерсени алып ыргытты. Көрсө, көлдү жуткан өгүздүн далыcы экен.
Арадан бир нече күн өткөндө кербенчилер:
- Ушул жер түз жер экен,-дешип кыз ыргыткан далынын үстүнө жатып калышты. Таң аппак атты. Кербенчилер ойгонуп, кайдадыр жылып баратканын сезишти. Карашса кызыл түлкү бир нерсенин четинен тиштеп сүйрөп баратат. Кербенчилердин бири мылтыгын алып, түлкүнү атып жибергенде, түлкү жыгылып калды.
Кырк кербенчи кырк жагынан түлкүнүн терисин сыйрышты. Бул ишти күн чыга баштап, күн бата бир капталын зорго сыйрып бүтүштү. Экинчи капталын сыйрыш үчүн аны оодара албай коюшту.
Аңгыча жолоочу катын жетип келди да:
-Соогат! Ушул түлкүңөрдүн бир капталын мага бергиле, мен сыйрып алайын. Жаңы төрөлгөн балам бар, ошого тумак чыгар,-деди.
Аябай чарчап, муну эми оодара албасына көзү жеткен кербенчилер:
-Ала коюңуз,-дешти.
Катын ат үстүнөн туруп эңип алды да, бастырып кетти. Кана, ойлонуп көргүлөчү: өгүз, көл, балык, бүркүт, чал, түлкү, катын жана жаңы төрөлгөн баланын кайсынысы чоң?

Ой-пикирлер