Кирүү

Автандил Арабаев. Чыгарат акын ыр көркүн

Табийгат ачат жер көркүн,
Тоолордун ачат гүл түркүн.
Тынчтыгын бузса көк толкун,
Ак куулар ачат көл көркүн.

Ойкуп да кайкып, бир тийип,
Көк мөлтүр сууга из чийип,
Ак чардак ачат көл көркүн.
"Көл көркүн ырда Мидин", - деп,
Чамгарак түшүп, бий-бийлеп,
Ак чабак ачат көл көркүн.

Жайлоонун көркү көк шибер.
Зоолордун көркү мөңгүлөр.
Ажары - көркү жаштыктын,
Махабат, арзуу, сүйүүлөр.

Чечмелеп кептин түйүнүн,
Чеченге маалым сөз төркүн.
Чечимин кептин бир түйүп,
Чыгарат акын ыр көркүн...

Ой-пикирлер