Кирүү

Айчүрөктүн толгоосу

Ай бөксөрүп күн өтүп,
Арадан мынча жыл өтүп,
Кечээ Чүрөктү Кыяз алганда,
Таласка талоон салганда,
Акундун кызы бейтаалай,
Өлөйүн деген оюнда,
Өлбөй тирүү калганы,
Семетейден калыптыр
Үч айлык бала боюнда,
"Беренден белги калды" — деп,
Бу перизаада өрттөнгүр,
Курсакта үч ай балага,
Медер кылып жүрүптүр!
"Кайрандан калган туяк жок,
Көк жалдан калган белги жок,
Ушундай караан дүйнө шок.
Олжо кылып бул башты,
Мейли, күчөгөн Кыяз алсын деп,
Эр туткасы эрендин,
Эл баштаган берендин
Артына тукум калсын" — деп,
Акылман жеңең Айчүрөк
Амалсыздан жүрчү экен.
Күүгүм кире, күн бата,
Калк уктап, дым жата,
Арка чачын өрчү экен.
Зор Кыяздын койнуна
Жанындагы нөөкөрүн
Өзү кылы, кубултуп,
Жаткырып аны берчү экен
Адал -башын ак тактап,
Ар немеден сак-сактап,
Касиеттүү бейтаалай,
Керемети бир далай,
Кең көйнөктүү зайыптан
Артыла чыккан жан экен.
Перизаада бейбактын
Тилинде мөөрү бар экен
Ат бороюн сыдырган,
Ай ааламдын баарысын
Учуп жүрүп кыдырган,
Дубакөйү бар экен.
Учканын жума күн билген
Жүргөнүн кадыр түн билген,
Бир кубулуп учканда,
Мунун бир учканын ким билген?
Ыраңдуу түздү жайлаган,
Көз боочулап, дубалап,
Адамдын көзүн байлаган,
Адамга бүткөн акылдан,
Кылдай неме калбаган.
Каргышы жаман, заары күч,
Каргаганды кылат түз,
Беделин көргөн чочуган,
Көз байлаган зыйкырды,
Көбүрөөк даана окуган.
Артык жайлап жиберсе,
Жайдын күнүн кыш кылат,
Жайлоонун баарын муз кылат.
Тегин деп айтпа Чүрөктү,
Деги балаа дүмөктү,
Бекер дебе Чүрөктү.
Сулуулугу — сымбаты,
Пендеде жок бейбактын
Бейилсиген кымбаты.
Күндүзүндө Кагазды
Жан кубантып жалдаптыр.
Түн киргенде Кыязды
Көз боочу салып алдаптыр.
Муну менен Кыязда
Кенедей арам калбаптыр.
Күн бөксөрүп ай өтүп,
Чүрөктү Кыяз алганга
Тогуз айга толуптур.
Он айга чамаа болуптур
Ич жетилип, күн бүтүп,
Убакты жетип, күн өтүп,
Айдай катын Чүрөккө
Толгоо жеткен минетип.
Жуманын кадыр түнүндө
Толук толгоо жетиптир.
Бели сыздап бек ооруп,
Алтымыш мүчө, кырк бир сөөк
Бири калбай тең ооруп:
"Айзага таккан желекти,
Аташкан берген белекти,
Тулпардан калган туякты,
Туйгундан калган чунакты,
Туптуура кудай көргөз" — деп,
Кудайдан сурап бейтаалай,
Курсактагы баланы,
"Душманга шегин билгизбей,
Аман кылып аламбы?
Зордук кылса окустан
Тиктеген көздү оёбу?
Арстандан калган чунакка
Душмандык кылып коёбу?
Кемелине келтирбей,
Кечиктирбей соёбу? —
Деп, зарланат Айчүрөк
Көөдөнгө батпай көп санаа,
Көзүнүн жашы миң талаа.
Умай эне Зуурага
Уялбай ичин оңдотту,
Шек билгизбей эч кимге
Жети күн долу толготту.
Чымындай жанды үрөптүр,
Чын кудайдан бу катын
Чындап бала тилептир.
Мына ошондо Айчүрөк
Чыңырып үндү салганда,
Жансыз чыккан тал ыйлап,
Жараткандын баары. ыйлап,
Тогуз күнгө толгондо,
Токтонорго айла жок,
Толгон журту мында жок.
Таң кашкайып сүргөндө
Таң супасы бүлбүлдөп,
Жерге жарык тийгенде,
Болжолу жок бейтаалай,
Чын толготуп турду эми,
Толготконун жеңемдин,
Тоодой Кыяз көрдү эми.
Көрүп алып зор Кыяз,
Күңгүрөнүп күүлөнүп
Кан Кыяз каар баштады,
Кан Кыяз каарын көргөндө
Жоо келгендей жедигер
Үркүп кете таштады.
Кан белгиси мунара
Бийиктигин сураба,
Ал мунара үстүнөн,
Аймакка Кыяз бакырды)
"Толуп жаткан Жедигер!
Калбай кел" — деп чакырды.
"Калк эскирткен карың кел,
Узун кулак көп көргөн
Укма сөздүү баарың кел,
Айды эсепке салчууң кел
Ай эсебин алчууң кел!
Сындоо сөз айтам көрүңөр.
Айдай катын Чүрөктүн,
Бүгүн тапса баласы,
Кимдики болот билиңер?!
Муну укканда көп эли,
Күн эсебин эсептеп,
Күндү катка салды эле,
Ай эсебин эсептеп,
Аныктап билип калды эле,
Акырын сүйлөп бек таштап,
Сакалдуусу эр Куту,
Ал Кыязга кеп баштап,
"Айды эсептеп келгенде,
Он эки айга толуптур,
Катындын туучу баласы,
Өзүңдүн балаң болуптур.
Катын бала төрөсө,
оюна токсон союңуз,
Аныктап атын коюңуз!
Бөлүнбөсүн санааңыз,
Көөдөндөн чыккан чын болду,
Өзүңүздүн балаңыз
Эгерде эркек уул болсо,
Табылган аттан коёлу,
Балалуу Кыяз болду деп,
Көңүлдөгү капанын,
Бирин койбой жоёлу!
Каарлуу душман эл келсе,
Элге каршы көргөзүп,
Чокмор кылып алалык.
Эл ичине ээ кылып,
Жедигер журтка дөө кылып,
Кыяздын уулу дегизип,
Кочкор кылып алалык.
Оңолгон экен биздин түш,
Олжо катын уул тууса,
Жаман болбос биздин иш.
Бу катын тууган балаңыз,
Телегейи тең болор,
Теминген душман кем болор,
Каршы толкун сел болор,
Кармашкан адам кем болор
Беттеген жагы чаң болор,
Беттешпей душман дал болор,
Ойноо кезде баланын,
Мойнуна кылыч тагалы,
Канаттууга кактырбай,
Тумшуктууга чектирбей,
Кирдүү аяктан ичирбей,
Кирдүү кийим кийгизбей,
Берен Кыяз уулу деп,
Ашкере эрдин өзү деп,
Паана кыла багалык.
Окус эркек төрөсө,
Андай-мындай дегендин
Ушактап айын кылгандын,
Кылычтап башын алалы.
Былжырап ушак айтпаска,
Журтум, кылычтын мизин жалайлы.
Ок өбүшүп, ант кылып,
Муну укканда жедигер;
"Болду Куту баатыр — деп,
Айтканы туура акыл — деп,
Сиздин тилди албастын
Жети атасы каапыр — деп,
Эл атасы Кутунун
Бул айтканы акыл" — деп,
Жедигер чуулап, журт дүрбөң.
Убаданы бек кылып,
Эли таркап кетти эми.
Жедигердин кан Кыяз,
Арам өлчү жан экен,
Ал Кыяздын арамы,
Ала-Тоодой бар экен.
Зыйкырчы жети кемпирин
Чакыртып үйгө келтирди.
Кемпирлер жайы ушундай,
Токсонго чыгып өлбөгөн,
Жер азабын көрбөгөн,
Желмогуздай зыйкырчы,
Арага жүрөр аракор,
Дүйнөгө чапчуу баракор,
Зыйкырчы жети кемпирдин
Өлсө көзү тойбогон,
Башы жерге кирсе да
Журт бузганын койбогон.
Чоң зыйкырчы дубакөй,
Чылгый балаа бу жетөө.
Ал толготкон катындын
Көзүн байлап салчу экен.
Жаш экен деп ойлобой,
Тындым кыла салчу экен.
Эл кеткен соң зор Кыяз,
Бир кишиге көргөзбөй,
Бир адамга билгизбей,
Зыйкырчы жети кемпирди,
Жанына жакын келтирди.
Акырын айтып, бек таштайт,
Арам Кыяз капырың,
Жетөөнө жети устара
Берип туруп кеп баштайт:
"Кыз төрөсө Айчүрөк,
Аппак ороп алгыла,
Тилегин берди, каным — деп,
Сүйүнчүлөй салгыла!
Эгерде эркек уул болсо,
Акыры душман зилинде,
Жакшылык кылбас түбүндө.
Устарадан алдырдым,
Бул устара мизинде,
Ажыдаардын уусунан.
Мизине мыктап салдырдым.
Аземдетип ороттум,
Баласын өлүм кылууга,
Кара малдын жарымын,
Устара үчүн короттум.
Адамдан артык жети энем,
Айчүрөк тапса эркек уул,
Киндигин кесип кала көр,
Билгизбей жоюп сала көр!
Баланын көзүн жоготсоң.
Кыяздын ишин оңолтсоң,
Дегениңе көнөрмүн,
Буттап алган кызыл зер,
Жети энем саа беремин.
Маңдайымдан кетирбей,
Мөмө кылып аламын.
Жети энекем силерди
Эне кылып аламын.
Өгөөмдү таштап бүлөөмдү ал,
Экөөмдү коюп, бирөөмдү ал!
Ашка, тойго минүүгө,
Кылтылдатып жүрүүгө,
Кылыгы жакшы мал эле,
Тоотору тулпар малымды ал,
Толгон дүйнө баарын ал!
Айлакер энем тилимди ал.
Айтканым ушу билип ал!
Кыйла тартуу мал берем,
Айланайын жети энем,
Кызматыма жарасаң.
Кызыл куйрук нар берем!"—
Деп, ошентип бул Кыяз.
Дүйнөнү төкпөй калбады.
Жети кемпир бузуку:
Ботом, Кыяз макул — деп,
Жоруп турган түшүңө.
Жарайлык мындай ишине.
Кызмат кылып жүрөбүз.
Балам, сендей зарыл кишиге.
Эркек болсо, баласын
Эптеп уурдап алабыз.
Барса келбес чын жайга,
Ал баланы саларбыз" —
Деп, кемпирлер турганда,
Кан Кыяздын үйүндө,
Отун алып суу куйган,
Карачач катын бар экен,
Дене күң болуп күн көрүп,
Кордукта жүргөн жан экен.
Жети кемпир Кыязга
Убада кылып турганын
Уккан экен Карачач.
Акылман кадыр түн экен,
Ургаачынын пири экен.
Тизеси жерге бүгүлүп,
Көңүлү кеткен бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп,
Айта-буйта дегиче,
Антаңдап шашып Карачач,
Айчүрөккө барды эле:
"Айланайын эжеке,
Көрүп койсо, көөнүм ток,
Өзүңдөн башка караан жок.
Мен көргөндү көрдүнбү,
Мен билгенди билдиңби?
Мен билгенди билбесең,
Жети-Өзөн сизге жер эмес,
Зор Кыяз саа эл эмес.
Эркек туусаң өзүңдүн,
Дубалап көзүң оюуга,
Балаңды алып союуга,
Кемпирдин баары кеп кылды,
Убаданы бек кылды.
Ургаачы арстан шер элең,
Жети зулум кемпирдин,
Эбин тапкын, сен эже" —
Деп ошентип, Карачач,
Айтып оозун жыйгыча,
Жети кемпир дубакор,
Айчүрөктүн үстүнө
Көз будалап баласын,
Алганы кирип келди эле.
Бир шумдукка Чүрөктү
Салганы кирип барды эле.
Душмандыгын билген соң,
Айдай катын Айчүрөк;
"Сары саамал кымыздан
Энеңерге куйчу деп,
Суусаганы басылсын.
Умачтай көзү ачылсын.
Ачкадан оору кабылар,
Ток болсо акыл табылар.
Азапка себеп энелер.
Чоң жакшылык салчуулар,
Ажал менен азапты
Койбой сууруп алчуулар.
Билек кармап, иш билген,
Ачык эки көздүүлөр,
Айтканга туура сөздүүлөр.
Жанды кудай жаратат,
Амалын жетөөң таба гөр.
Жаным чыгып баратат!
Көзүм кетти жалдырап,
Сөөгүм турат шалдырап,
Чымындай жаным чыркырап,
Сай сөөктүн баарысы
Кетмек болду быркырап,
Көргөнү сонун колу май,
Бүбүдөн келдиң жетөөңөр,
Ооруган жерди баскыла
Себеп ээси энелер.
Умачтай көздү ачкыла!"—
Деп ошентип Айчүрөк.
Айтып оозун жыйды эле.
Уу кошулган кымыздан ,
Жеткилең эптүү Карачач ,
Кемпирлерге куйду эле,
Шыпылдаган бейтаалай,
Карчыгадай камынып,
Калп экенин билгизбей,
Кемпирлерге жалынып,
Шек билгизбей уу берип,
Күүгүм кире, күн бата,
Калайык уктап дым жата,
Саадактын баарын ок кылды,
Сааттуу жети кемпирди
Дүнүйөдөн жок кылды.
Коломтонун чекесин
Ороо кылып ойду эми,
Жеткилең катын Айчүрөк,
Бүктөй салып белинен
Коломтонун жээгине,
Тундурма сала койду эми,
Бир кишиге билинбей,
Жети мастан өлдү эми,
Кайра тартпас чын жайды,
Бузуку жетөө көрдү эми.
Таң сөгүлүп атканда,
Долунун иши жөнөптүр,
Төбөдөн чолпон кошулуп,
Белги болуп, төрөптүр.
Төрөлгөндө баласы,
Ырымы мындай карачы.
Оң чекеден күн чыгып,
Сол чекеден ай чыгып,
Тогоол болуп бул экөө,
Белги болуп алыптыр,
Айдай катын Айчүрөк,
Эркек төрөп салыптыр,
"Маңдайга сайган желек — деп,
Баатырдан калган белек — деп.
Туу казына чунак" — деп.
Кубангандан Айчүрөк
Ыраазы болуп болкулдап,
Сүйүнгөндөн солкулдап,
Төрөлгөндө бул бала,
Баладан башка көрүнүп,
Аркасында кара жал,
Эки айрылып төгүлүп,
Ойрону көкжал шеринин
Дал эле бала өзүндөй,
Тиктесе жүрөк жангандай,
Көрсө суусун кангандай,
Кабылан көкжал баатырдын
Оозунан түшө калгандай:
Күндөлүк күйүт жоголсо,
Аман болуп чоңойсо ,
Эрешен тартып эр болуп ,
Эр уулу менен тең болуп,
Жетим жүрүп жетилип,
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас,
Жерин табар бекен — деп,
Жыргалдуу аргын көп кыргыз,
Элин табар бекен — деп.
Ар кыядан таянган,
Көчүп алар бекен? — деп,
Канчоро менен Кыяздан
Аман болсо бу балам,
Өчүмдү алар бекен? — деп,
Жаман катын бириндей,
Боздой берип нетейин,
Өзүңдөн тууган бала — деп,
Андан көрө Кыязга,
Шек билгизбей жетейин,
Алтымыш танап, миң акыл,
Жакшы ойлонуп алайын
Эркек төрөп бердим — деп,
Агыштын уулу Кыязга
Аябай милдет салайын.
Бек бекитип жанымды
Бул жалгызыңды багайын". —
Катын башым эр кылып,
Каралуу башым туу кылып,
Айдай катын Айчүрөк
Кирин өзү жууду эми,
Киндигин кесип, дагы өзү
Ак көйнөккө салды эми,
Аныктап ороп алды эми.
Агыштын уулу Кыязга
Алып жетип барды эми.
Эпсиз катын Айчүрөк,
Сүйүнчүлөп турду эми:
"Ырысың ырас жөнөптүр,
Айдай катын Чүрөгүң,
Эркек уул төрөптүр.
Ободон жылдыз болжошуң,
Жетилген мыкты санааңды
Көргөзгөнү турамын,
Кан баатыр Кыяз балаңды!
Мойнуна тумар тагыңыз,
Белгилүү катын тууду — деп,
Береним Кыяз багыңыз!
Мураага келген балаңды
Мураапы кылып алыңыз!
Жети-Өзөн экен жериңиз,
Жети-Өзөндү жердеген
Жедигер экен элиңиз.
Жергелүү журтуң чогулуп,
Жакшылык тоюн бербепсиз,
Баштатан бала көрбөпсүз
Алдыңкы жолду чубалтып,
Ат карышып бала ойноп,
Айткан элди кубантып,
Адамга той кылбапсыз.
Сүйүнчү Кыяз сөзүмө,
Аманатың айтайын,
Арстан Кыяз эр чиркин,
Баатыр алып келдим өзүңө!
Кеңиптир, кепкең жолуңуз,
Аман бала чоңойсо,
Ааламга жетер колуңуз.
Дурустап жакшы санааңды,
Баатыр, багып ал Кыяз, балаңды!" —
Айчүрөк мындай деген соң.
Тутанып өлгөн зор Кыяз,
Көп сүйлөбөй, тил айтпа,
Аңтаң калып алайып,
Ошондо Кыяз өзгөрүп,
Күркүрөп катуу күүлөнүп,
Каарды катуу баштады,
Калтырбай элдин жалгызын
Жутуп ие таштады.
Катыны тууса бул Кыяз,
Каар салып бакырды,
Айла билгич ыктуусун,
Акылга чечен мыктуусун,
Койбой журтун чакырды.
Калайык дүрбөп келиптир,
Карарганын Кыяздын
Кайран Куту көрүптүр.
Куту — журттун кутманы,
Жаагы ачылган чечени,
Көпкө чечен даңгылы,
Келишкен мыкты камбылы.
Кеби — ускалуу, сөзү — бал,
Кейисе чыкпайт андай жап.
Жатык сүйлөп, бек таштап,
Кайран Куту кеп баштап,
Эр Кыязга мындай дейт:
Балам Кыяз, баркын бар.
Кутман айткан бир сөздү,
Угуп көкжал билип. ал,
Уулум Кыяз, тилимди ал!
Канды кудай урарда,
Катыны менен кабышат,
Калкы менен чабышат.
Айза кармай боолашат,
Жакыны менен жат болуп,
Өз эли менен жоолашат.
Канды балаа басарда,
Жумшаган кулуң кежектейт,
Үйүндө ашын эсептейт,
Кан башынан бак кетет,
Астынан алтын так кетет
Ала аскардай бел кетет,
Карга, таандай чуркурап,
Андан кийин эл кетет.
Жакшынын башы соо болот,
Канды кудай урарда,
Калкы турмак, койнунда
Катыны менен жоо болот.
Баатыр Кыяз сен элең.
Журт чечени мен элем.
Бөлүптүрсүң санааңды,
Бөлөктүн уулу депсиң го,
Бөйрөктөн чыккан балаңды.
Алганың он бир ай болуп,
Бакты, дөөлөт конуптур,
Эркек төрөп зайыбың,
Жылдызың ондон болуптур,
Перизаада бейбактын
Бек агарар оюн кыл,
Бул баланын тоюн кыл!
Тоюна токсон кара сой:
"Менин уулум болду — деп,
Баланын атын өзүң кой!"—
Деп, ошентип эр Куту,
Кара тилин кайрады.
Сөз сүйлөдү ар кандай,
Анык айткан туура сөз,
Айза менен сайгандай,
Жүгүрмө чечен жан экен,
Жазы жаак, жалпак тил,
Жатык кыял, туура сөз,
Чечендиги бар экен.
Келер менен кетерди,
Кеңири билген жан экен.
Семеңе тийген Кыязга
Карасаң мындай Кутунун
Чоң кастыгы бар экен.
Элге эптүү кеп салып,
Эл тил алып чуркурап,
Кургурдуку акыл деп,
Айтканына макул — деп,
Калайыкка эп болуп,
Калайык макул көргөндө,
Кандай кылат зор Кыяз.
Элсиз калса кор Кыяз,
Колун алып артына,
Көп сүйлөбөй, тил айтпай,
Ойлоп турат бул Кыяз.
Жетим жүрүп жетилсе,
Өч алып түпкө жетерин,
Билип турат бул Кыяз,
Күйүп, жанып, чок болуп,
Азыганакай Чүрөктөн
Чочугандан токтолуп,
Арам ойлуу бул Кыяз,
Айчүрөктүн алдында,
Калп сөз менен каткырып,
Ооз учу менен оңбогур,
Калп балага жалынып,
Кара күчкө сабылып,
Баланы колго алууга,
Ат койдура салууга,
Ымыркай кезде баланын
Эсебин эптеп табууга,
Улуктарын, кандарын,
Жыйнап турду зор Кыяз:
"Баланы маа бергин!"— деп,
Сурап турду шум Кыяз:
"Айдай катың Чүрөгүм,
Көөдөндө ысык жүрөгүм,
Алда таала кудайдан,
Ушундай эле тилегим.
Перизаада, бейтаалай,
Таптың артык санаамды,
Таап бердиң кургурум
Кабагым ачар баламды.
Адырдан аккан булакты,
Артымда белек чунакты,
Алып кел уулду көрөйүн,
Ачып оозум өбөйүн,
Маңдайын жарык ачамын,
Боорума катуу басамын.
Карааным ушу балам! — деп,
Капанын баарын басамын
Ак сакалдуу карганга,
Көп узап жашап барганга,
Аңгеме оюн саламын,
Ат койдуруп аламын!"—
Деп, ошентип шум Кыяз,
Баланы сурап турду эле.
Калк мыктысы Кыязга
Ымыркай жаштуу баланы,
Бербей турган чара жок,
Ушундай болот дүйнө чок.
Арамды кудай урар — деп,
Ыктап койсо бооруна,
Баламды тындым кылар — деп,
Асмандан алданын күнү бүркөлүп,
Байкуш Чүрөк башына,
Алтымыш санаа бир келип,
Көңүлү сайлап бөлүнөт,
Бала бер деген Кыяздын
Ажыдаар түгү көрүнөт.
Аны көргөн Чүрөктүн
Көзүнүн жашы төгүлөт,
Бербеймин деп айталбай,
Мына ошондо Чүрөктүн
Чымындай жаны чыркырап,
Дене сөөгү быркырап,
Эрте сөзү — кеч болуп.
"Жылгындуу Кең-Кол, Таласты,
Кайрылып жетип көрсөм — деп,
Каныман калган чунакты,
Каралды кылып алсам деп,
Карыганда Бакайга.
Картайганда энеме,
Беренден калган белги деп,
Беттеп чунак келди" — деп,
Бир көргөзө салсам деп,
Кайраттуу катын Айчүрөк,
Жаркылдай басып бейтаалай,
Эзилип ыйлап тургуча,
Эр кайратты салайын,
Эрлик түрдү көргөзүп,
Баана кылган жалгызды,
Аман алып калайын.
Отко жакса күл болбой,
Шорго малса күң болбой,
Күчөтөйүн кебимди,
Алдырбайын белимди.
Эзелден шордуу курган жан,
Эрдикти эпсиз салайын,
Эсилден калган жалгызым,
Эптеп алып калайын.
Жайына койбой Кыязга,
Жаңжалды жаман салайын.
Каралды кылган жалгызды,
Эптеп алып калайын" —
Деп ошондо Айчүрөк
Кыяз сурап турганда,
Дегенине көндү эми,
Чылк жибекке оронуп,
Жаш баланы колго алып,
Баданадай балкылдап,
Тийген айдай жаркылдап,
Арстандан калган жалгызын,
Этегине салды эми,
Агыштын уулу Кыязга,
Амалсыз берди. баланы.
Баланы Кыяз алганы,
Ак сакалдуу карыга,
Ат койдуруп алам — деп,
Этегине салганы.
Болжолу жок баланын,
Моло таштай салмагы.
Агыштын уулу Кыяздын
Такасы жерге кириптир,
Туткагы кармап шум Кыяз,
Жоо болорун билиптир.
Биле коюп шум Кыяз.
Мыкыйынан күлүптүр,
Карасаң мындай шумду айтат,
Кандарына муну айтат:
"Айланайын кандарым,
Акылга дыйкан жандарым!
Керилсе, жоо чабарым,
Көп кылса акыл табарым,
Өөдө чыксам, — өбөгүм,
Ылдыйласам, — жөлөгүм!
Оо, кандарым сөздү уккула!
Этекте жаш баланы,
Бала эмес, кызыл балааны,
Өзү бөлөк түрүндө,
Бизге душман зилинде!
Салмагынан жан чыгып,
Бел зыркырап бөлүнөт,
Аман жүрүп чоңойсо,
Кылымга татыр көрүнөт,
Бейпайды бекем кылалы.
Убалы болсо моюндап,
Баланын жанын кыялы.
Эсебин эптеп табайын.
Балтыргандын тамырын
Сууругандай кылайын.
Тукумдук кара тарууну
Кууругандай кылайын". —
Кара мүртөс бул Кыяз
Эсебин таап тымызын
Жоймок болду баланы,
Кереметтүү катын Айчүрөк
Кеп кылбагын долуну,
Алты миң нар, миң тайга
Ардактап алган Актинте
Толтосу кохар, сабы алтын,
Сабын чийип кат койгон,
Актинте деп ат койгон,
Темирди чапса бу караан
Майтарылып тартпаган,
Шилтегенде, уч жеткен,
Учу тийсе, жан кеткен.
Кыяз кан олжо кылганда,
Ордону талап турганда,
Жедигердин жети эрин
Жайлай келген эмеспи,
Тирүү жанга пайда деп,
Эптүү жеңең Айчүрөк
Берениңдин Актинте
Ала келген эмеспи,
Эки жакты карабай,
Эрте өлдүм деп бу Чүрөк,
Эсилдүү жанды аябай,
Эр мүчөлүү, эпсиз күң,
Беренден калган Актинте
Кармай калып сабынан,
Сууруп алып кабынан,
Жылан боор чалган жибек боо,
Билекке орой чалыптыр,
Жаңгызга тийсе Кыязды,
Актинте менен салганы,
Кынынан жулуп алганы.
Дүмөктү Чүрөк баштады,
Чымындай болгон кайран жая,
Бала үчүн кыйып таштады,
Бейбактын түрүн көргөндө,
Кан Кыяздын көп төрө,
Как жарылды чуркурап,
Жолой албай Чүрөккө
Жолуна кирди дыркырап.
Жоболоңдуу катындын,
Дүмөгү мындай каапырдын,
Бет алдынан ооз ачып,
Колдогону сур жолборс,
Кең көйнөктүү зайыптан
Келбеттүү мындай жан болбос,
Ургаачыдан шер экен,
Сулуулугу, эрдиги
Бирдей келген күң экен:
"Казгалдак деген кайран куш
Кайрылбай учат жем үчүн,
Канымды төгүп ийейин
Карындан чыккан сен үчүн.
Ителги деген кыран куш,
Зыпылдап учат жем үчүн,
Курман болуп кетейин,
Курсактан чыккан сен үчүң".
Деп күүлөнгөн Айчүрөк
Эр Кыязга жетти эми:
"Жети-Өзөн кайкы жериңди,
Жер экен деп келгемин,
Жети-Өзөндө жедигер
Эл экен деп келгемин,
Жедигердин эр Кыяз
Мен, сени шер экен деп келгемин
Баатыр Кыяз, мен десем,
Сен катын Кыяз экенсиң.
Арам бейил, чоң кытмыр
Сен каапыр Кыяз экенсиң.
Жети сан кара жедигер,
Жемиштен журтуң ток бекен?
Олжого келип төрөгөн,
Элиңизде эр Кыяз,
Мен өңдүү күңүң жок бекен?
Кулаалы деген курган куш
Кубулуп учат талаага,
Жанымды курман кыламын.
Жатындан чыккан балага.
Эзелки жаным аябайм,
Эсер Кыяз, ук муну,
Сени кылам садага!
Ажылдасаң зор Кыяз,
Актинтени маламын,
О, Кыяз, сени жарамын!
Чарайнада баланын
Чатагын кантип сен билдиң?
Куураган Кыяз, оңбой кал.
Эгерде эки болбой кал!
Курсактан чыккан бу бала
Куланды кууй качтыбы,
Сенин, куржунда булуң чачтыбы!
Алаңды ала качтыбы,
Ак алтын жыйган казынан,
Казынаңды чачтыбы?
Муну өлтүрүп сойгондой.
Тындым кылын койгудай,
Кандарыңды сойдубу?
Калкыңды бийлеп, чуу салып,
Жаның чыккан каапыр кул,
Жаш бала душман болдубу?
Кудай бардыр, куу Кыяз,
Дуба окуп, сен үчүн,
Аккуу кебин кийбесем,
Атакем Акун шаарына
Талыкпай учуп жүрбөсөм.
Кең Үргөнчтөн кол алып,
Жер жайната мол алып,
Найзасы учтуу ыктуу алып,
Уста жыйып, алп жыйып,
Албан түрдүү калк жыйып,
Булаңды булап алдырам,
Бузукту жаман салдырам.
Адал Кыяз эр десем,
Арам Кыяз экенсиң,
Акыл билбес, эс билбес,
Жаман Кыяз экенсиң!
Кылыч камдап, таш алып,
Бөлүптүрсүң санааңды.
Өлтүрмөк болгон экенсиң,
Өзүңдөн чыккан балаңды
Агыштын уулу сен Кыяз
Көп ишти салдың санаама,
Көбүрөөк душман болупсуң,
Денеңден чыккан балаңа!
Бузулуптур көргөн түш,
Өз баласын жоо көрүп,
Кызы талак оңбогур,
Кылымда болбойт ушул иш", —
Деп ошентип Айчүрөк,
Өкүм эчен сөздү айтып,
Баатыр Кыяз көкжалга
Балекеттүү кезди айтып,
Каарланды Айчүрөк,
Агыштын уулу Кыязга
Кайраттанып, жүйө айтты,
Ар бир кебин Кыяздын
Сөөгүнө тие айтты.
Ач билектен шап кармап,
Этекте эркек баланы
Тоодой болгон Кыяздан
Толгоно басып Айчүрөк,
Колунан сууруп алды эми
Учуп кетсе, Айчүрөк
Урушуп түпкө жетерин
Берен Кыяз билди эми.
Биле коюп, куу Кыяз,
Карса-карса күлдү эми:
"Сырттан катын, Айчүрөк,
Сынаганды билбейсиң,
Сырткы жоону көргөнсүп,
Балаңдан бетер тилдейсиң.
Ойногонду билбейсиң,
Орой жаман катынча,
Одураңдап тилдейсиң!
Оңбогон Чүрөк, оңбойсуң,
Ар убактан бир убак
Кайратыңды койбойсуң!
Минтсең, Чүрөк, оңбойсуң,
Сынасам жолду торгойсуң.
Ботом, туура тапкан балама
Душмандык кылсам оңомбу?
Жаңыдан тууган уулума
Жадаалдык кылсам болобу?
Перизаада баркың бар,
Мелтиреген кургурдун
Эрдиги канча болду деп,
Сынадым эле, каркыбар.
Айдай катын, Чүрөгүм,
Кыйланы кылган, дүмөгүм,
Көөдөндө ысык жүрөгүм,
Жаныма жатар өбөгүм,
Жан жыргатар эрмегим!
Катын алып, үй күтүп,
Калааны сендей көрбөдүм!
Сулуулукка суктанып,
Чырайыңа ким жетер?
Кайраттансаң какайып,
Каарыңан ким өтөр?
Койдум Чүрөк, көндүм — деп,
Эки тизгин, бир чылбыр,
Ай сулуум, саа бердим" — деп,
Арсактап күлүп бул Кыяз:
"Өлгөндө көргөн балаңдын
Тоюна токсон сойдургун,
Байбиче катын, Айчүрөк,
Баланын атын койдургун.
Арбын дүйнө каран мал,
Түгөл өрттө дүйнөнү,
Эки десем оңомбу?
Күндөй катын Чүрөктөн
Көп дүйнөмү аясам,
Эгерде эки боломбу?
Эки тизгин, бир чылбыр
Бердим Чүрөк, алыңыз!
Элди жолго салыңыз,
Деген сөзгө көнүңүз!
Жайкы ысыкта жан калчу
Мөмө болуп бериңиз,
Жедигерге сен, Чүрөк,
Эне болуп бериңиз!
Катын каны болуңуз,
Каршы келсе Кыязды
Колуңуз менен союңуз.
Уят болот учам деп,
Ургаачы шери Айчүрөк
Мына ошо сөздү коюңуз!"—
Жойпуланып бул Кыяз,
Эп болор кептен салды эми,
Баланын атын койгун деп,
Калкын жыйып калды эми.
Журт жыйылып, эл дүрбөп,
Кара сакал шашылып,
Ак сакалдар энтеңдеп,
Кыязга жакын басышып,
Катын, эркек баарысы
Не деген аттуу болор деп,
Журт таңданып алды эми.
Мунарадан зор Кыяз
Айтып турду бакылдап:
"Бар акылман болсоңор,
Баланын атын койсоңор,
Туура сөздү көрөмүн,
Бээ баштаган беш тогуз,
Бегиликке беремин.
Жакшы атасаң баланы
Кыйшыгы жок, түз болсо,
Атын айткан бендеге
Кыңыр өркөч нар берем.
Алмач өркөч төө берем,
Желеси менен бээ берем.
Балага атты койгула!"
Деп ошентип эр Кыяз,
Кек күлдүү тон жамынып.
Көпкөк болот салынып,
Эр да өзү, дөө да өзү,
Калын кара жедигер
Калкына карап турду эми,
Былкылдаган бир жан жок,
Жерге башын салды эми.
Көп сүйлөбөй, тил айтпай.
Кейип жалпы көп эли,
Жер чукушуп калды эми.
Бу Кыяздын башында
Казандай кара бөркү бар,
Баланын атын койбосо,
Калайыктын баарысын
Каарып койчу эрки бар.
Кыш чилдедей ышкырып,
Көк жолборстой бышкырып,
Түрү кайнап, жан чыгып,
Түгөнгөн Кыяз турду эле.
Каарына чыдап тура албай,
Ойдоку ишин кыла албай,
Кара сакал, көк сакал,
Катуу шашып көпчүлүк.
Кантишерин биле албай:
"Ботом, алтын — ташта дечү эле,
Акыл — жашта дечү эле.
О, боз балдар, болгула,
Баланын атын койгула!
Атагын атап салгыла,
Арбын дүйнө, кыйла мал
Мөөсүлдүккө алгыла!
Баланын атын койдук деп,
Берилген малга тойдук деп,
Бир мактанып калгыла", —
Деп ошентип карылар,
Боз балдарды карады,
Кан каарынан коркушуп,
Боз балдардын баарысы
Качып-качып тарады.
Ат койчу бала бул эмес,
Бул Кыяздын уулу эмес.
Чалгайлуу болсо окустан,
Жедигер дөөсү зор Кыял,
Желигип кетип, кокустан,
Жарагын алып камынса,
Жаман мүшкүл иш болор,
Атын койгон адамдын
Кыйылып башы түз болор.
Каарланса бу Кыяз
Каражолтой жуткучтун
Чатагы тиер баарыга.
Кулжуңдаса, кутургур,
Куу жан аман калбас деп.
Айбатына кой-койлоп,
Бир жан даап барбас деп.
Желигип кетсе бу Кыяз,
Жедигер тирүү калбас — деп.
Кара сакал, ак сакал
Ээ дээрине эс таппай,
Үңүлө жерди карады.
Ойноо сымак боз балдар
Ат койбостон тарады.
Журттун түрүн көргөндө,
Чамынып Кыяз күркүрөп,
Кашындагы адамдар
Кымбат бою дүркүрөп,
Абышка оозу басылып,
Ат коюуга жан чыкпай,
Калктын тили буулду.
Кайра айтсак, кайра кеп,
Кантип бир жан унчуксун,
Жедигердин кан Кыяз
Толкуну — бөлөк, заары күч,
Айткан тилин албаса,
Айдаган жолго барбаса,
Жер майланган бу Кыяз,
Жедигер журтун кылат түз
Же атты коюп өтө албай,
Ар жакка басып кете албай.
Ат коюп берип балага,
Мураска бу журт жете албай.
Таңылып келген булга окшоп,
А күнү тилден калыптыр,
Сатылып келген кулга окшой,
Муну мындай таштайлы,
Быягынан баштайлы.
Ойлосо тапкыс иш болду.
Күн чекеде түш болду.
Толукшуп күн толгондо,
Жан-жаныбар акактап,
Көлөкөдө болгондо,
Селдеси бар казандай,
Кыйкырса үнү азандай,
Келип турган ошо жан
Ата кызыр өзү экен,
Баланын атын коюуга,
Келип калган кези экен.
"Аты Сейтек болсун!"— деп.
— "Оомийин!"— деп календер
Кош алакан жайганда,
Баарынын колу жайылды,
Дүйнөгө келген баланын
Аты Сейтек коюлду.
Журт турганда таңданып,
Кыяз чыкты камданып:
"Мынабу кожураган немени
Кармап зындан салынар.
Эл бүлдүргөн шум окшойт
Эсебин минтип табынар". —
Деп, ошентип, зор Кыяз,
Жадаал айтып койду эми
"Балаңдын аты Сейтек" — деп
Бакырып турган ал киши,
Балбандар кармап аларда,
Көздөн кайып болду эми.
Аты — Кызыр дубана
Аты Сейтек болду — деп,
Кызыр чалып баланы,
Атын өзү койду" — деп,
Калың кара жедигер
Баланын тоюн жеп кетти:
"Аман болсо, бу бала
Ааламга татыр" — деп кетти.
Кыйла журт тоюн жеп кетти
"Аман болсо, бу чунак,
Кылымга татыр" — деп кетти.
Калк бириндеп, журт таркап,
Калган экен жайында.
Бая, айдай катын Айчүрөк
Аты Сейтек баланы
Бир кишиге көргөзбөй,
Болот эшик сарайга
Болжолу жок далайга,
Мойнуна тумар тактырып,
Алдейлетип бактырып,
Кирди аяктан ичирбей,
Кирдүү кийим кийгизбей,
Канаттууга кактырбай,
Камчылууга чаптырбай,
Жетимдигин билгизбей,
Жедигер тилин тийгизбей,
Боз ала туйгун болпоң деп,
Көк жалдан калган чолпон деп,
Тулпардан калган туяк деп,
Белестен аккан булак деп,
Бегимден калган чунак деп,
Минтип бакты баланы.
Акундун кызы бейтаалай.
Ойноп кетсе, чунактын
Түбүнө бирөө жетер деп,
Кокусунан кашайтып,
Бирөө өлтүрүп кетээр деп,
Эрдикке салып Айчүрөк
Күндүзүндө тынч албай,
Түн ичинде уйку албай,
Эптеп бакты баланы.
Айчүрөктүн айынан
Күдүң сөз кылып жүрө албай.
Чүрөктөн коркуп бу Кыяч
Ал балага тие албай,
Казыдан кесип жедирди.
Кыяздын уулу дедирди,
Жаш Сейтегин түнөтүп,
Эрдикке салып Айчүрөк
Эптеп багып баланы,
Эрешен тарткан эр кылды,
Эр уулу менен тең кылды.
Тилегин кудай бериптир,
Он үчкө бала келиптир.
Эрге ылайык, көзү тик,
Көрсөң, бала чиркиндин
Көп адамдан сөзү тик,
Асты калың, түктүү жер
Калыңынан түткүдөй.
Азган-тозгон элине
Бел болору көрүнөт,
Бет алса жоону сүргүдөй
Шер болору көрүнөт.

Ой-пикирлер