Зат алмашуу
Зат алмашуу - организмде бардык биохимиялык процесстердин жыйындысы. Зат алмашуу организмдин өсүп-өнүгүшүн, өзүн-өзү сактоосун жана жаратуусун камсыз кылат. Бул кубулушту Ф. Энгельс "Табият диалектикасы" деген эмгегинде белгилеген. Зат алмашууда организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп өз затына айлантат (ассимиляция процесси). Ушул эле убакта ассимиляцияга тескери диссимиляция процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы химиялык заттар менен толукталат.
Зат алмашууда витамин, ауксин, фермент, гормон, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар зат алмашуунун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым-жартылай же толук өлүмгө учуратат. Жерде жашаган түрдүү организмдердеги зат алмашуу процесстери бири-бири менен өз ара байланыштуу. Мал организми курчап турган чөйрөдөн тоют менен белок, углевод, май, витамин, минефалдык туз, суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы заттары - көмүр кычкылы, суу, аммиак, мочевина бөлүп чыгарат.
Мында ассимиляция жана диссимиляция процесстеринин бири-бирине катышы мал жашына, физиологиялык абалы жана өөрчүү стадиясына жараша болот. Малда зат алмашууну изилдөөдө колдонулуучу ыкмалар: газ алмашууну изилдөө, баланс тажрыйбасы; изотоптуу атом; айрым органдан жана ткандан кесип алып изилдөө, клетка органчаларын изилдөө. Организмдин сырткы чөйрөдөн кабыл алган затына жараша зат алмашуу белок, май, углевод, суу жана минералдык алмашуу болуп бөлүнөт. Белок алмашуу. Белок мал организмине тоют менен келип, ичеги-карында ферменттер, ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид жана амин кислоталарына ажырайт.
Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт. Белок акыркы заттар - амин кычкылы, аммиак, көмүр кычкыл газ жана сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат. Май алмашуу - мал организмине келип түшкөн жана организм, ткандардагы май, май сымал заттардын химиялык айланышынын жыйындысы. Майлар (липиддер) негизинен малдын ичегисинде липаза, лецитиназа, коламин-фосфотаза, глице-рофосфотаза ферменттеринин катышуусу менен моноглицерид, глицерин, холестеринге ажырайт да ичегиге сиңет. Майда витаминдер жана өт кычкылы чон мааниге ээ. Углевод ал машуу - мал организминдеги негизги энергия булагы.
- Инвентаризация
- Жылкы пайдалануу
- Жалган чаңгыл кебер
- Кан айлануу системасы
- Кыргызстан зоналык машина сыноо станциясы