Умай эне
Кыргыз мифтеринде умай эне жөнүндө көркөм элестүү баян айтьшып, эненин жана баланын коргоочусу, үйдүн кутун жаратуучусу делген. Умай эне апаны жана баланы оору сыркоодон сактайт
деген түшүнүктөн улам балдарды эмдегенде, дарылаганда "Менин колум эмес, Умай эненин колу", деген сөздөр айтылган.
Үйгө бөбөктү жалгыз уктатып коюуга туура келген де, "Умай энеге тапшырдым" деп камсыз болушкан. Жаш ымыркай баланьгн бетин Умай эне жууйт деген ишеним болгондуктан, анын бетин күнүгө жууй бербейт. Кыргыз
мифтеринде Умай эненин образы, баяны жөнүндө көркөм чыгармалар жаралган.
Ой-пикирлер