Кирүү

Суу

Суу

Сууадамдын өмүрү.Суужердин өмүрү. Суусуз өмүр жок", дейт чоң атам. Чын эле, ойлоп көрсөм суу кымбат экен. Күн өндүү суу да адамды сүйөт. Бийик тоолордун боорунан атылып чыгып, адамды көздөи ашыгат. Адам аны ооздуктап буруп, эгиндерди, жемиштерди, гүлдөрдү, пахталарды сугарат. Суу эч качан "чаалыктымчарчадым" дебейт. Адам жумшаган жакка барып, мойнуна таккан милдетти так аткара берет.

Тегирменди жүргүз, дейт адам сууга буйрук берип, ал болсо жүгүрүп барып, тегирмендин ташын чарк айлантат.

Дарыяларга кайрылып:

Мына бу карагайларды алып баргын, дейт.Суукыңк этпей үстүнө кондуруп токтоосуз алга жөнөйт.

Бизге жарык керек, деп адам сууга ГЭС курду.Суумында да үйгө тынчтык шамын күйгүзүп, үтүктөрдү ысытып,

тамакаш бышырууга жардамдашты. Радиоприемникке төгөрөктүн төрт бурчунан ыркүүлөрдү кабыл алдырып, телевизордон оюн көргөздүрдү.

Суунунаткарар жумуштары дагы эле көп. Булактарга , чейин балык өрдөтүп, өстүрүп да берет, ичсе суусунду кандырат. Жууса кирди кетирет. Карасаң күзгү болуп жүзүндү көрсөтөт.

Ысыган кездерде сууга түшүп жыргайбыз. Чабак уруп ойнойбуз. Аптапта акактап жылан да келип түшөт.Суубардыгын сергитет.Суубардыгын тазартат.Суунунпейли кең. Ошондуктан эл: "Таза болсоң, суудай бол" дешет. Мен да суудай таза, эмгекчил бала болуп жеримдин көркүнө көрк кошомун.

Ой-пикирлер